Кыргызстандын тигүү тармагындагы солгун абалга жарым жылдан ашты. Тигүүчүлөр өзү, мындай кризис акыркы 15 жылда болгон эмес дешүүдө. Алар канчалаган жылдар даярдаган товарын жөнөтүп турган Орусия бажы жана салык жаатындагы талаптарын катаалдантты.
Кийим-кечеге мурдагыдайй суроо-талап болбой, маркетплейстерде комиссия жогоруулады. Ал эми Кыргызстандын өзүндө салык төлөмдөрү жогорулады. Мунун баары катарлаш келгендиктен, бийлик алдын алууга канча аракет кылбасын, миңдеген цехтер жабылып, тигүүчүлөр акчасы жок калды. Натыйжада башка тармактарда дагы киреше азайды. «Клооп» Кыргызстандын тигүү тармагы отуруп калганына эмне себеп болгонун талдоого аракет кылды.
Бир нече айлардан бери Кыргызстандын ЖМКлары менен блогерлери өлкөдөгү тигүү цехтери биринен сала бири жабылып, кыштан бери токтоп турган өндүрүштүн жалпы саны бир нече миңден ашканытууралуу тынчсыздануулар токтобой келет. Негизги себеп катары, өндүрүлгөн продукциянын басымдуу бөлүгү жөнөтүлгөн Орусияга товар киргизүү тартиби кескин катаалдашканы дешүүдө. Бирок орус бажысындагы көйгөй — өндүрүштүн жапырт кыйроосунун себептеринин бирөөсү гана.

Орусияга «кирүүнүн баасы» бир нече эсеге өстү
Баары өткөн жылы сентябрда, Орусия менен Казакстандын чек арасында узун кезекке турган фуралардын тыгыны жаралганда башталды. Орус тарап товар импортуна болгон көзөмөлдү күчөттү. Эми өлкөсүнө Борбор Азия аркылуу кирген үчүнчү өлкөлөрдүн товарын гана эмес, ЕАЭБдин курамындагы Казакстан менен Кыргызстандыкын дагы алып кирүү өндүрүүчүлөр үчүн тозокко айланды. Соцтармактарда бажы биримдигинин ичинде импортко болгон талап катаалдашканы тууралуу кептер байма-бай талкуулана баштады.
Чынында, мыйзам чегинде эч нерсе өзгөргөн эмес, болгону кыргызстандык тигүүчүлөр Орусияга товар киргизүүдө көп жылдар бою пайдаланган көмүскө «карго» схемаларга тыюу салынган. Орусия өз кезегинде товар кайдан гана келбесин өлкөгө бир гана «таза» жол менен киргизилерин айткан.
«Карго» системасы деген эмне жана ал кандай иштечү?
- Мурда ар башка өндүрүшчүлөрдүн жүктөрү топтолуп, бир чоң жүк катары катталчу. Көп учурда, жүк ташыган бир унаада ар кыл товар — кийим-кече, идиш-аяк, электроника ж.б. болушу мүмкүн эле. Чек арадан өткөндө мындай көп түрдүү жүк коммерциялык партия эмес, «жеке жүк» же «коммерциялык эмес жүк» деп декларацияланып, документи жок эле алып өтүшчү. Карго кызматынын акысына белгилүү сумма төлөнчү (мисалы бир кг жүктүн салмагына же көлөмүнө карата), көбүнчө — накталай акча же жеке тараптын картасына которулат. Бул төлөмгө бажы чыгымдары да «кошулган» болушу мүмкүн, бирок иш жүзүндө, чек арага жеткенже тийиштүү салык жана пошлина төлөнчү эмес.
- Бул схема Кыргызстандагы майда тигүүчү цехтерге ыңгайлуу болчу, анткени алар «каргонун» жардамы менен Орусияга өтө чоң эмес партияда товар жөнөтүп, тез аралыкта «колго акча кармап» турушкан. Азыр майда цехтер Орусиянын рыногунан таптакыр четтеп калышты.

Орусияда азыр импорт кандайча иштейт?
- Эми Кыргызстандан Орусияга товарды «таза» жол менен гана киргизүүгө болот. Бул, ар бир, керек болсо эң кичинекей партиянын дагы документтери толук болушу керек дегенди билдирет. Толук документ бул товарды ким өндүргөнүн жана баасын тастыктаган эсеп-фактура гана эмес. Азыр өндүрүшчүлөр төмөндөгүдөй документтерди камдашы керек:
- Партия Орусияга киргенде эле дароо 20% кошумча нарк салыгын (НДС) төлөшү керек. Төлөгөндө дагы, муну Орусиядагы жүктү буйрутма кылган юридикалык жак аткарышы керек. Мурдагыдай кылып, майда дүң соода кылган жеке тараптарга базарларда же маркетплейстерде накталай акчага сатуу үчүн эч ким чакан жүк жибере албайт. Кыргызстандагы өндүшчү, юридикалык тарап же ИП кошумча нарк салыгын (НДС) дагы өз алдынча төлөй албайт.
- Тигүү өндүрүшүнүн сапат сертификаты болууга тийиш. Мурда бул сертификаттарды Кыргызстан менен Казакстандагы ортомчу фирмалардын лабораторияларынан алып келишсе, эми орус бажысы Орусияда аккредитацияланган лабораториялардан тастыкталышы керек деген талап коюп жатат.
- Товарга «Текшер» (Честный знак) — орусиялык санарип маркировка жана товарларды көзөмөлдөө системасынын белгисин коюу керек. Бул белги Орусиянын ичинде 2016-жылдан бери иштейт. Бул система Орусиядагы керектөөчүлөрдү контрафакт менен жасалма товардан коргоп, анын ар бир даана продукцияны өндүрүштөн/импорттон тартып, акыркы сатып алуучуга чейинки жолун көзөмөлдөп берет. Эгерде мурда товарга «Текшер» белгисин Орусиядагы импортер чаптап келсе, эми бажы кызматы товар чек арага келип түшкөндө эле маркировка коюлган болушун талап кылып жатат. Демек, кыргызстандык өндүрүүчү кандай жол менен болсо да маркерди таап, (Орусиядагы буйрутма берүүчүдөн же ортомчулардан алдырыппы, айтор) аз келгенсип чаптап чыгышы керек. Бул дагы кошумча чыгым.
Бул аз келгенсип, Орусия Бажы биримдигинин башка өлкөлөрүнөн товар буйрутма кылгандар кандай товарды, кайсы убакта күтүп аларын көрсөтө турган атайын реестр киргизип жатат. Ушул реестрге катталган гана товарды бажы аркылуу өлкөгө киргизүүгө болот. Ал эми Орусия менен Кыргызстандын контрагенттери өз ара тек гана банктык эсептер аркылуу, «таза» эсеп-кысап жүргүзөт. Мурдагыдай чакан партия үчүн накталай же картага которуу дээрлик мүмкүн эмес.
Мындан улам, майда өндүрүүчүлөр ири каражат киргизмейин орусиялык базарларга таптакыр жолой албай калышты. Көпчүлүгү күздө, бажыдагы кризис жаңы башталганда эле товары менен акчасынын дайынын таппай калгандыктан, айрым чыгымдарга таптакыр эле каражаты жок.

Марткетплейстер кирешенин 70%ын алып коет
Кыргызстандык тигүүчүлөрдүн продукциясы Орусияда негизинен базарларда же марткетплейстер аркылуу сатылат. Бирок азыр Орусиянын ички соода аянттарында салык жана комиссия төлөмдөрү кескин өсүп кетип, көпчүлүк селлерлер (продукциясын маркетплейстерге жүктөгөн сатуучулар) бизнесин токтотуп коюшту. Азыр алар Кыргызстандан товар буйрутма кылбай калды.
«Чыгымдар кескин жогорулап кетти. Эгерде мурда чыгымдарды жабыш үчүн тигилген товардын өздүк баасын үчкө көбөйтүп жүргөн болсок, азыр алтыга көбөйтөбүз — ошондо деле нөлгө иштеп жатабыз. Wildberries платформасындагы комиссия жана чыгымдар сатылган товардын баасынын 70-80%на чыгып кетүүдө», — деп айтып берди, тигүү цехинин кожойкеси жана орусиялык селлер Галина.
Бул суммага баанын 40%на чейин өсүп кеткен коммиссия, жарнамалык жана башка чыгымдар кирет.
«Wildberries дайыма жарнама талап кылат. Товарыңды жайылтууга акча төлөбөсөң, сенин картаңды сатып алуучуларга көрсөтпөйт… Ар бир кийимди өлчөмүнө, түсүнө карата моделдерге кийгизип көрүп, сүрөткө тартуу керек. Модел кийгенден кийин көйнөк өзгөрүп кетсе, мисалы, чөнтөгүнүн түсү дейли, фотосьемканы кайра башынан өткөрүү керек болот… Буга чоң акча керектелет, соода болсо барган сайын азайып барат», — деп түшүндүрөт Wildberries селлери Алия.
Ошол эле учурда, маркетплейстердин комиссиясы Орусиянын ичинде дагы бизнести кыйратып жатат. 2026-жылы январда Иванов аймагынын тигүүчүлөрү, соода аянттарынын комиссиялары башка өлкөлөгө салыштырмалуу орусиялык өндүрүшчүлөр менен сатуучуларга алда канча кымбат экенине даттанышкан. Мисалы, Кытай үчүн комиссия — 5%дан 15%га чейин.
Орусиялыктар жакырланып, селлерлер артка кетип жатат
Ошентсе да, ири соода аянттары Орусиядан өнөктөш таба албаган же бажы маселесин жоюу үчүн өз алдынча юридикалык жак ача албаган Кыргызстандагы өндүрүшчүлөрдү куткарып кала алмак.
«Жок дегенде Озон азырынча ушул схема менен иштеп жатат: эгерде товар алардын Кыргызстандагы кампасына жетсе, бардык аки-чүкүсүн Озон өзү бүтүрүп, Орусияга кетирип жатат», — дейт Бишкектеги тигүү цехинде менеджер болуп иштеген Светлана.
Бирок Озондогу соода деле «көңүл жылытарлык эмес» дейт ал. Кийим-кече жана текстиль сатуу үчүн Wildberries мыкты, бирок биздин өлкөдө алардын борбору жок.
2023-жылы ар дайым логистикалык борбор куруу үчүн жаңы аянттарды издеген, WB аянтынын негиздөөчүсү Татьяна Бакальчук Бишкекке келип кеткен. Бирок анде деле өлкөдө компаниянын иргөөчү түйүнү пайда болгон эмес. Бирок коңшулаш Өзбекстанда товарды тез жеткирүүчү, анын ичинде Орусияга ташый турган логистикалык борборлор жигердүү өнүгүп жатат. Андыктан, орусиялык селлерлер жана кыргызстандык тигүүчү-өндүрүшчүлөр бизнесин Өзбекстанга көчүрүп жатканы таңкалычтуу эмес.

Акыркы үмүт орусиялык селлерлерде болчу. Алар болсо жакшы күндү күткөнчө бизнесин «тоңдуруп» турууну туура көрүштү.
«Баалар кымбаттап жатат, соода жок. Керектөөчүлөрдүн сатып алуу мүмкүнчүлүгү да төмөндөдү, товар буйрутма бергенге ашыкча акча жок — өтөбү/өтпөйбү — Орусияда ишкерлерде дагы акча жок. Вайлдберриздеги жакшы соода — партиянын 30%ы. Калганы артка кетет, анткени маркетплейстин кампасында сактоо, логистика — мунун баары аябай кымбат», — дейт тигүү бизнеси бар орусиялык селлер Галина.
Андан тышкары, РФнын ичинде салыктын жогорулашынан улам бир топ чакан бизнес жабылууга аргасыз болду. «Миңдеген селлерлер ИПсын жапты. Азыр бул тармакта жеке бренди жана өзүнүн өндүрүшү барлар гана сакталып калат», — деп кошумчалайт Галина.
Орус чек арасындагы текшерүүлөр күч алганга чейин, кыргызстандык өндүрүшчүлөр чындап эле орус рыногунда отурукташууга, белгилүү болууга аракет кылышкан.
«Жеке бренд түптөп, соода аянттарына өз алдыбызча чыгып, кыргызстандык ЖЧК жана ИП менен соода кылып жатканбыз, — дейт, Бишкектеги тигүү цехинин менеджери Светлана. — Иштерибиз чындап эле жүрүшө баштаган: сезондо 9-10 миңден кийим-кече сатылчу. Азыр эми Орусиянын өзүндө юридикалык жак болушу керек, андагы администратор, эсепчилерге айлык төлөш керек — бул аябай эле чоң чыгымдар. Айла жок буйрутмага иштейбиз».
Эмнеге «Кыргызстан» кымбат сатылбайт
Мурда орусиялык маркетплейстердин селлерлери товар тиктирүү үчүн Кыргызстандын цехтерине сүйүнүп эле кайрылышчу, анткени өндүрүлгөн товардын өздүк баасы менен утушка ээ болчу. Азыр, логистика жана бажыдан «таза» алып өтүүнүн баасы кескин өсүп кеткенде, Борбор Азия менен иштөө пайдасыз болуп калды: Кыргызстанда тигилген футболканы же көйнөктү кымбат сата албайсың.
«Мурда ар кыл жолдор бар болчу. “Орусияда даярдалган” же “Тиги же бул ИПнын буйрутмасы менен Кыргызстанда тигилди” деген кагазды тигип коюшчу — “карго” схема иштеп жатканда товарды эч ким текшерчү эмес. Эми мындай кылууга болбойт», — дейт, казакстандык дүң соодагер Айнур. Ар бир продукциянын кайда даярдалганы тууралуу так маалымат болууга тийиш.
«Кыргызстанда даярдалган» деген товарды Орусиядагы керектөөчүлөр жогорку баада сатып алгысы келбейт». Алар көнүп калышкан, кымбат бааны сапаттуу гана товарга төлөөгө макул болушат», — деп түшүндүрөт, Орусияда тигүү бизнеси бар Галина.

Жакында эле өзүм сапаты начар товарга туш келдим. «Кыргызстандык цехтердин бирине сынап көрүү үчүн көйнөктөрдү буйрутма кылгам, болгону 2000 даана. Товардын сапатын иргеп, карап берсин деп жергиликтүү ОТК менен макулдашкам. Алар жумушун аткарды, бирок текшерилген партиядагы көйнөктөрдүн баары кайра оңдоого жиберилгенин айтпай коюшуптур. Натыйжада биз көйнөктөрдү WBга сатууга чыгаргандан кийин кайра артка келе баштады. Товарды сактоо, ары-бери ташуу, жеткирүүгө деп жүз миңдеген рубль чыгым болгонубуз аз келгенсип, өндүрүүчүнүн карточкасын жайладык. Көп жыл бою 5.0 деген рейтингди кармап келгенбиз, туруктуу кардарларыбыз бар эле, азыр бүт төмөн түштү. «Силерден мындайды күткөн эмеспиз» деп нааразы болуп жазып жатышат дейт Галина.
Анын айтымында, кыргызстандык өндүрүшчү товардын кемчилигин мойнуна албай койгон. «Мен өзүмдүн өнөктөштөрүмө кыргыз тигүүчүлөрүн сунуштачумун, Кыргызстанга бизнес-турларды уюштуруп жүрчүмүн. Азыр баарына: Орусия менен иштегиңер келсе, товар өтө сапаттуу болушу керек», — деп айтам деп кошумчалайт Галина.
Бишкекте тигүү цехинде менеджер болуп иштеген Светлана болсо, тескерисинче кийим-кече Кыргызстанда, ошол эле Кытайга салыштырмалуу абдан сапаттуу тигилерин айтат. «Бизде 2000 кийимден 40 даанасы кемчиликтүү болушу мүмкүн, Кытайда алардын саны — 800 болот. Бирок орусиялык селлерлер болбой эле Кытайдан буйрутма кылат, анткени оңой жана арзан. Кытай менен сооданы өнүктүрүү үчүн WB Ыраакы Чыгышка логистикалык борбор куруп жатат», — деп түшүндүрөт ал.
Бирок Орусияда Кытай менен өтө чоң, дүң соода кылган сатуучулар гана Кытай менен иштеше алат. Анткени кытай фабрикалары Кыргызстандын цехтери тигип бере турган,чакан өлчөмдөгү, азыраак, эксклюзивдүү партияны тигип отурбайт. Ошондуктан селлерлер маркетплейстердеги дүкөндөрүнө коюу үчүн Кытайдан товарды уюшуп буйрутма кылышат.
Ковидден жаман кризис: жумуш жок, кызмат акы ит бекер
Тигүүчүлөрдүн товарынын өздүк баасынын жогорулаганына Кыргызстандын өзүндө салык жогорулаганы да таасир этти. Бийлик тигүү өндүрүшү «таза» иштешин талап кылып, муну менен бизнести көмүскөдөн чыгарууга аракет кылып жатат.
«Бизнести мыйзамдаштыруу керек: ЖЧК же ИП ачып, бренддерди каттоодон өткөрүп, ар бир тигүүчү үчүн салык жана соцфонд төлөш керек, — дейт, Бишкектеги тигүү цехинин менеджери Светлана. — Андан тышкары отчёт талап кылынат — кварталдык, жылдык. Бул жөнөкөй тигүүчүнүн колунан келбейт, эсепчи жалдаш керек болот… Тигүүчүлөргө мурдагыдай накталай же qr менен айлык төлөөгө болбойт, картага которууга да болбойт. Ал үчүн банктык эсеби болушу керек. Азыр биздин баанын 95%ын салык жеп атат
Ансыз да араң жаны калган тигүү бизнеси мындай чыгымдарды көтөрө албай калды.
Натыйжада цехтер жапырт жабылып, тикмечилерди иштен кетирип жатат. Жумушсуз калган тигүүчүлөр канчага болсо да тиккенге даяр. «Мурда тигүүчүлөр бир кийим үчүн 200 сом алса, азыр — 120 болду. Футболкалардын бир даанасы 40-60 сом турат», — дейт Светлана.
Азыр тигүү цехтеринде мурдагы товардын калдыктары да абдан көп топтолуп калды. Аларды акча кылуу үчүн өз баасына дагы сата албай жатышат. Кыргызстандын бийлиги колунан келишинче көмөктөшүүгө аракет кылып: соода кылууга бекер орун берип, тигүү тармагынын салыгын азайтып, чийки зат кайдан алынган тастыктабай деле койсоңор болот деп жатышат.
2026-жылы январда Садыр Жапаров жеңил өнөр-жайдын абалын жеке көзөмөлүнө алган. Февралда Экономика министрлиги жыйын өткөрүп, тигүү тармагына логистика жаатында жардам көрсөтүүнү, ал тургай өлкөдө продукцияны сертификациялоо үчүн тармактык, заманбап лаборатория куруп берүүнү чечишкен. Бирок, азырынча бул чаралардын натыйжасы көзгө көрүнөрлүк эмес.
«Бул тармакта иштегениме 15 жылдан ашты. Өтө чоң кризистер мурда да болгон. Орусияда базарлар өрттөнгөн, товардан, акчадан айрылганбыз. Ковид учурунда дагы бир чоң кризисти баштан кечирдик. Бирок эч качан мынчалык болгон эмес, тигүү цехтери миңдеп жабылып атат», — деп эскерет Светлана.
Бул жалпы экономикага таасирин тийгизет. «Мурда тикмечилерге жумасына же айына эки жолу айлык төлөчүбүз, — дейт, цехтин менеджери сөзүн улай. — Айлык алган тигүүчү алгач базарга, чач тарачка, дүкөнгө барчу. Тапкан акчасын сарптачу дагы, акча экономикага кайтып келчү. Азыр тигүүчүлөрдө акча жок, мунун айынан соодада, кызмат көрсөтүүдө деле жок. Адамдар ачык эле элден жардам сурап калды. Баары отуруп калды».