Кыргызстандык Алтынбек жарнама аркылуу Орусиядан жумуш тапкан. Ага фронтко барасың, бирок аскер эмес куруучу болуп иштейсиң деп сөз беришкен. Акырында ал украин аскерлерине туткунга түшүп берген.
Эскертүү: Материалда сөгүнгөн сөздөр бар.
Алтынбек Кыргызстандын Ош облусунда туулган. 2017-жылдан бери Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн. Жумуш издеп жүрүп, интернеттен атайын операция (СВО — орус бийлиги Украина менен согушту расмий ушундай атап келет) жүрүп жаткан аймагына куруучулар керек деген жарнаманы көрүп калган.
Алтынбектин айтымында, аны келишимди окутпай туруп кол койдуруп, Орусиянын Курск облусуна полигонго жөнөтүп жиберишкен. Анын жанында Кыргызстандын дагы эки жараны болгон. Фронтко даярдоодон өтүп жатканда алардыт уруп-согуп, аябай кыйноого алышкан.
Даярдоо курсу аяктагандан кийин Алтынбекти Украинанын Харьков облусуна аскерий тапшырма менен жөнөтүшкөн. Анын алдында паспорту менен телефонун алып коюшкан. Баргандан кийин ал Украин аскерлерине өзү туткунга түшүп берген.
Украинанын «Жашагым келет» өкмөттүк проектинин эсептөөлөрүнө караганда, согуш башталгандан бери Борбор Азиянын дээрлик 13 миңден ашуун жараны фронтко тартылган. Булардын ичинен 1474 киши Кыргызстандын жарандары.
«Клооптун» редакциясына Алтынбек туткунга түшүп бергенден кийин украин аскерлери жаздырып алган видео келип түштү. Төмөндө анын баянын сунуштайбыз.
Мен интернеттен атайын операция жүрүп жаткан (СВО) аймакта куруучулар талап кылынат деген жарыя аркылуу иш тапкам. Яндексте дал ушундай: «СВОдо жумуш бар». Куруучулар, ашпозчулар, айдоочулар талап кылынат деп жазылып турган. Мен ушул номурга телефон чалгам.
Биринчи чалганда: «Азыр сизге байланышка чыгышат» дешкен. Мага Оля деген куратор байланышып, аты-жөнүмдү, туулган жылымды сурады. Мен 77-жылкы болом деп айтып, жумушка аласыңарбы, картаң болуп калбаймынбы деп сурадым. 40 жаштан кийин жумушка албайт деп угуп жүрчүмүн.
«Сизди алышат», — деп жооткотту ал. Мен чындап эле курулушкабы деп дагы бир жолу тактасам, ооба деди.
Ал мага билет сатып берди, ошентип үч күн поездде жол жүрдүм [Орусияын ичинде]. Мени тез жардамдыкына окшош унаа менен үч жигит тосуп алды. Мейманканага бардык, ал жерден паспортумду сурап алышты. Өзүмө болсо 141ден 149га чейинки номурдагы бөлмөнү танда дешти. Төрт бөлмө бар экен. Бирөөсүнө кирсем киши толук экен, алты адам.
Экинчи бөлмөдө бир керебет бош экен. Биз, 30 адам келишимге кол коюп, Курскка келип калдык. Алданып калыптырбыз. Келесоо болгонумду ошондо түшүндүм.
Мага келишимди окутушкан жок. Окуюн деп сурасам: Ооба, азыр, ана-мына, көрүп атасың го, адам көп» деп унуткарып коюшту. Ал кыз шашкалактап жатты, биз кол коюп бердик. Африкалыктарга дагы окутушкан жок, алар дагы кол коюшту.
Менин оюмча, кээ бири студенттер болушу мүмкүн. Биз тез-тез кол коюп берип, бөлмөлөргө таркап кеттик. Андан кийин мен Питерге Курскка бардым. Ал жерде 21 күн азап тарттык. Кыйнашты, малсыңар, келесоосуңар деп уят сөздөр менен сөгүштү. Сабашты. Орус аскерлери бизди аябай эле мазакташты. Оруссуңбу же орус эмессинби, эч нерсеге карабай сабашты. Кыжырданышты.
Кийин Луганска барганда деле ушул абал кайталанды. Саат беште ойгонобуз, 10дорго барып уктайбыз. Кээде жуунбай калып аттык. Мен апрель айынан бери жууна элек болчумун. Ал жерде Нигериядан келген кишилер бар болчу, африкалыктар көп, француздар, Литва менен Латвиядан келгендер бар. Алар башка бөлмөлөрдө болчу. Өзбектер, тажиктер жана орусиялыктар өздөрү кездешет.
Мен үч кыргыз көрдүм. Мени менен бирөө келген, «Кочевник» деп чакырчубуз. Бирок ал каза болуп калды. Аны замбирек менен аткылап салышты, биздин орус аскерлери.
Луганскта дагы уруп-сабашты. «Клён» деген неме. Бизди башы менен сүзүп, сөгүп, кээде токмокточу. Менин жанымдагы үчүнчү баланы да сабап, тепкилечү экен. Балдар айтып беришчү. Жанагы «Клён» аябай ташбоор мамиле жасап, өзүн падыша сезчү.
Орус аскерлери бизди мазактап, макоосуңар дешчү. «Легион» жана «Комбат» деген немелер баарыңар «этке» кетесиңер дейт эле. «Жених» деген бирөөсү дагы шакаба чегип, 14 киши баарыңар «эт» болосуңар, баары силер — этсиңер, макоосуңар деп кайталачу. Ушинтип бизди мазакташчу.
Мен орусиялык аскерлер жакшы болуш керек деп ойлочумун, кайдагы жакшы? Эмнеге бизди антип эрмектешчү? Биз эмне адам эмеспизби? Малбызбы, ушинтип тепкилегидей?
Күндөрдүн биринде, саат 3-3:30 чамалуу бизди ойготушту, учкуч бизди блиндажга алпарды (блиндаж — ок атуудан коргонуучу жер, адатта жер алдында болот же жакшылап бекем тосулат — ред.). Кайда барышты көрсөтүп берди, ал жерде белги коюлуп, «Мины» деп жазылып турган. Ал сол жакта командир күтүп турат деп айтты. Бизге тапшырма беришти, төртөөбүз жөнөдүк.
Жолдо баратып жанагы «Кочевник» деген жолдош баланы көрдүм, замбирек менен аткылап салышыптыр. Төртөөбүз эстен танып кала жаздадык, корккон бойдон токойго качып кирдик. Ошол жерде титиреп отурдук, кыймылдаганга шай келбей. Мен аларга украиндерге колго түшүп берели деп айттым, бирок тигилер көнбөй, мени сөгүп салышты.
Үчөө мага автомат такаганда айласыз алдына түшүп жөнөдүм.
Бизге граната беришкен эмес, кайдан алышты билбейм, мага граната ыргытышты. Сол жамбашыма. Мен турам, эч нерсе сезбейм. Жамбашым бүлкүлдөп, бут кийимим канга толуп чыкты.
Мен токойдон чыгып баратып кичинекей дрон көрүп калдым. Баш кийимимди булгалап, автомат баштаган курал-жаракты бүт чечип ыргыттым. Дрон кайсы тарапка басышты көрсөттү, артынан жөнөдүм, эки тарапта тең миналар бар эле.
Дронду ээрчип барып, колго түшүп бердим. Украин боордошторго рахмат, мени туткунга алышты, бирок аларга рахмат. Жараатымды таңып, тазалап, тамак беришти.
Балдарыңарды Украинага согушка жибербегиле. Тажрыйбаң барбы, тажрыйбаң жокпу. Акчага алданбагыла. Миллион — сенин тагдырыңды чечпейт. Сенин тадырың — ден соолук.
Өзүмдүн президентиме, Садыр Жапаровго кайрылгым келет. Садыр Жапаров, мен интернет аркылуу курулуш тармагында жумуш таптым деп келгем. Мени алдап кетишти, алдап келишимге кол койдуруп алышты. Тез-тез эле кол койдурушкан, окутушкан эмес.
Кыргызстандыктарга, дос-тааныштарга айтарым, урматтуу кыргызстандыктар, бул жакка согушка келбегиле. Кандай акча сунуштабасын, келбегиле. Орусияга жумушка дагы келбегиле. Башка өлкөлөргө кеткиле, Орусияга келбегиле.
Урматтуу орусиялыктар, азиат улутундагы жарандар. Силер дагы кол койбогула. Эч кандай келишимге кол койбогула, алданбагыла. Эгерде полиция кармап, депортацияласа, Кудайга шүгүр келтирип кетип калгыла.