Ноокат районунда «Ноокат Молл» ири соода-логистикалык борборунун курулушуна байланыштуу чыр чыкты. Окуянын чордонунда — парламенттин экс-депутаты, Ташиевдер менен тыгыз байланышы бар Жусупбек Коргонбай уулу. Чоң кызматты аркалаган чиновник менен дос болгондордун салтын бузбай, Коргонбай уулу дагы базар куруу үчүн мамлекеттик жерди 49 жылга бекер алган. Ноокат районун акими болсо Коргонбай уулунун компаниясы курулушка байланышкан милдеттенмелерин толук аткарбай жатканын айтып жатат. Ошол эле учурда, соода орундарынын ижара акысы соодагерлер үчүн өтө эле кымбат.
49 жылга бекер берилген жер
Ноокат районуна жаңы базар куруу зарылчылыгы пайда болгонуна көп болгон. Эски Борбордук базар кооптуу абалда — айрым контейнерлер сел агып өтүүчү каналда жайгашкан. Бийлик Борбордук базарды качан толугу менен сүрдүрөт — белгисиз, бирок базар көчүп барышы мүмкүн делген «Ноокат Молл» сода-логистикалык борборунун курулушу азыр кызуу жүрүп жатат.
Жаңы базар куруу үчүн Ноокаттын бийлиги Барын айылынан жер бөлгөн. 2024-жылы ал жерде укмуштудай курулуш башталган. Курулуш иштерин «Мармара Стоун» ЖЧКнын буйрутмасы менен «КейДжи Восток Сервис» компаниясы ишке ашырууда.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк шартында (МЖӨ) «Мармара Стоун» компаниясына:10 гектар мамлекеттин жери 49 жылга берилген. Келишимге ылайык, бул жерге заманбап соода-логистикалык гигант турушу керек: мейманканасы, муздаткычтары, кампалары жана унаа токтотмолору менен.
«КейДжи Восток Сервистин» негиздөөчүсү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жусупбек Коргонбай уулу. Парламентке шайланып келгенден кийин компаниясын «Мармара Стоун» фирмасына ишенимдүү башкарууга берген. Мындан тышкары «Жус-Бек Компани» жана «Кок-Жатык» деп аталган башка компанияларын дагы ушул эле фирмага ишенимдүү башкарууга өткөргөн.
Парламентке келгенге чейин Коргонбай уулу «Мармара Стоунду» өзү жетектеген, кийин активдерин анын башкаруусуна өткөргөн. Азыркы тапта «Мармара Стоундун» формалдуу ээси — ММА мушкери Багыш Жармаматов. Коргонбай уулу Жармаматов менен байланышын мойнуна албай, «эч жакындыгыбыз жок» деп келет.
Куруучулар үчүн кулдукундай келишим
Курулуш бүтө элек, бирок Коргонбай уулу ишкерлердин капчыгына аңчылыкты эмитен эле баштаган. Ал эми жаңы базардын ижара шарттары өтө оор болуп чыккан.
Соода-логистикалык борбору базар, капиталдык бутиктер жана соода борборунан турушу керек. Базарда болгону жеңил конструкциядан жасалган (профлист же ОСБ менен капталган металлокаркас) 1391 орун бар. Баалар расмий 500 миңден башталат. Капиталдык бутиктерде 1 чарчы метрдин баасы 1,5 миң доллардан башталса, соода борборунда — чарчы метри 2 миң доллар.

Ошол эле учурда, соцтармактарга жаңы базардагы соода оруну ижарага берилет деген келишим жарыяланган. Жеңил конструкциядан курулуп, 14 чарчы метрди түзгөн павильон үчүн беш жылдык ижарага 700 миң сом сурашкан. Ошол эле учурда, 210 миңден аз эмес бөлүгүн дароо төгүш керек болсо, андан соң жарым жыл аралыгында, ай сайын 82 миңден төлөп туруу милдеттендирилген.
Анчалык бай эмес түштүк аймагынын соодагерлери үчүн бул өтө кымбат баа. Эски базарда алар мындан арзанырак төлөшчү. Мисалы, апрелдин башында соодагерлердин бири Ноокаттын эски базарындагы кийим саткан ордун айына 5000 сомго ижарага берем деп жарыя чыгарган.
Ноокаттыктардын кыжырына тийип жаткан мурдагы депутаттын ижара баасы асман чапчыган долбоору гана эмес. Февралда райондун акими Данияр Шейшеканов «Мармара Стоун» курулуш жүрүп жатканда райондук администрация менен келишимдерди бузганын айтып чыккан.
2024-жылы мамлекеттен 10 гектар жерди 49 жылга бекер алгандан кийин, Коргонбай уулуна байланышы бар компания кура турган объектилердин аянты дагы бекитилген. Мисалы, соода борбордун жертөлөсүндөгү унаа токтотмо 9,6 миң чарчы метр болушу керек эле, азыр унаа токтотуучу жай таптакыр жок. Соода борбордун биринчи кабаты 9,6 миң чарчы метр, экинчи жана үчүнчү кабаттары — ар бири 8,4 миң чарчы метр болмок. Иш жүзүндө үч кабаттын ар биринин чыныгы аянты 4,5 миң чарчыдан ашпайт.
Сактоочу-муздаткычтар деле ушундай: анын чыныгы аянты мамлекет менен түзгөн келишимден эки эсеге кичинекей. Ал эми 1728 чарчы метр деп белгиленген административдик имаратты «Мармара Стоун» таптакыр эле курбай койгон. Акимдин айтымында, таптакыр курулбаган же жарым-жартылай курулган башка да объектилер бар.
Шейшеканов белгилегендей, азыр Коргонбай уулу жогорку кызматтагы аткаминерлердин эшигин жыртып, аким бизнесине бут тосуп жатканын айтып даттанып жүрөт.
Ноокаттын базары тууралуу «Клооптун» суроолоруна болсо Шейшеканов жооп берген жок.
Рулетка, кылмышкерлер жана рейдер
«Клооп» буга чейин Коргонбай уулу Баткен облсунун Кадамжай районундагы «Уу-Таш» көмүр карьерине кандайча ээлик кыла баштаганын айтып берген. Карьер аны негиздеген маркум Шабданбек Алимбаевге таандык болчу. Ал каза болгондон кийин көмүр кенин Ошто милицияда иштеген Болот Нурматов рейдерлик менен тартып алган.
Көмүр кендин кожоюнунун үй-бүлөсү соттон утуп алганда. Нурматов карьерди Коргонбай уулуна сатып жиберген. Ушул күндөн тартып маркумдун үй-бүлөсү соттон утула баштаган. Алардын айтымында, буга экс-депутаттын мурдагы УКМК төрагасынын үй-бүлөсү менен жакын мамилеси себеп болгон.
Жусупбек Коргонбай уулунун УКМКнын мурдагы төрагасынын бир тууган иниси Шайырбек Ташиев менен жакындыгын 2026-жылы март айында соцтармактарга тараган видео дагы айгинелейт. Видеодо Коргонбай уулу эки жыл мурда Шайырбек Ташиев жана «аткезчи Азиз» үчөө Грузиядагы кумарканага ири суммадагы акча уттуруп жиберишкенин айтып берет. Ташиевдин иниси да видеодо ошондо 1,32 млн доллар утурганын өзү тастыктап жатат.
Коргонбай уулунун айтымында, алар казиного акчаны толук төлөбөй кетишкен. Ал тургай, бул окуяда ошол кездеги УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин буйругу менен Бишкектин борборунда атылган маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин дагы аты аталган.
Коргонбай уулунун айтымында, ал Жогорку Кеңештин жыйынында отурганда ага Көлбаев телефон чалып, жолугушууга чакырган. Жолукканда кримтөбөл Коргонбай уулу менен Шайырбек Ташиевден кумарканадагы карызды төлөгүлө деген талап койгон. Төлөбөй турган болсо «революция болорун» эскерткен.
Коргонбай уулу өзүнүн 150 миң доллар карызын төлөгөн, ал эми Шайырбек Ташиев болсо Көлбаевге азыр андай акчасы жок экенин билдирген. Көлбаев Грузияга өкүл атасы Азим Ройго телефон чалып, Шайырбек Ташиевдин карызын төлөш үчүн 400 миң доллар карызга берип турганын айткан.
Коргонбай уулу Шайырбек Ташиев менен сүйлөшүп отурганда, алар 2024-жылы жайында кумар ойноп жаткан видеону Temirov Live жарыялаганын айткан. Видео жарыяланганда ошол кездеги УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кескин ачуу реакция кылган болчу.
Жусупбек Коргонбай уулу болсо, аны Камчыбек Ташиев УКМКга чакырып, депутаттык мандатып тапшырууга мажбурлаганын айтып берген. Бул окуядан кийин Коргонбай уулу АКШга учуп кеткен, бирок Камчыбек Ташиев аны коркутууну токтоткон эмес.
Жакындар үчүн мамлекеттик долбоорлор
УКМКнын мурдагы төрагасынын жакын чөйрөсүндөгү кишилер базар курган учур Коргонбай уулу менен чектелбейт. Ушундай эле окуя Ош шаарындагы Осмонов көчөсүнө курулган жаңы базардын айланасында дагы болгон. Ал базар дагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен муниципалдык жерге курулган. «Клооп» бул базардын курулушундагы сырдуу инвестор Шайырбек Ташиевдин досу Замирбек Толубаев болгонун аныктаган.
Оштун ошол кездеги мэри Жеңишбек Токторбаев — бул дагы Камчыбек Ташиевдин досу жана тууганы — илгертен шаардын борборунда жайгашкан базарлардын баарын кийин жаңы базарга көчүүгө мажбурлаган. Бирок соодагерлер тоок кепе деп атаган профнастилден жасалган павильондорду чарчы метрин 1-1,5 миң доллардан сатышканы белгилүү болгон. Мэр болсо шаар борборундагы соода орундарынан айрылгандарга кенемте төлөөдөн баш тарткан.
Ташиевдин жакындары базар курууга арналган мамлекеттик долбоорлор менен эле чектелген эмес. 2024-жылы «Тез жол» жана «Жагалмай» компанияларынын тең негиздөөчүсү Ташиевдин уулу Тай-Мурас мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде Өзгөндөгү акы төлөнүүчү айланма жолду курган. Temirov Live бул тууралуу иликтөө жарыялагандан кийин Тай-Мурас негиздөөчүлөрдүн катарынан чыгып кеткен.
Бирок «Тез жол» менен Ташиевдердин байланышы үзүлгөн эмес.
2025-жылы декабрда Төө-Ашуудагы 640 млн доллар турган экинчи, жаңы тоннелдин курулушунда негизги жалданмачы дагы ушул «Тез жол» болгон. Ага кошулуп бул тоннелди дагы үч компания курмакчы. Алардын бири «Железобетон строй» — Камчыбек Ташиевдин жээндерине караштуу. Тоннелдун курулушунун буйрутмачысы Транспорт министрлиги, мекемени ошол учурда Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы Абсаттар Сыргабаев башкарчу.
Ташиевдин жээндеринин фирмасы Бишкектеги «Барселона» менчик футбол академиясынын курулушуна дагы катыштыгы бар. Аны Камчыбек Ташиевдин достору менен Садыр Жапаровдун тууганынын компаниясы мамлекеттин жер тилкесине куруп жатышат. Ал эми негизинен Камчыбек Ташиевге катыштыгы бар жалданмачы-компаниялар кошумча нарк салыгынан жана сатуудан түшкөн салыктан бошотулган.

