Беш жыл мурда Садыр Жапаровдун башкаруусу адегенде эле депуттарды коркутуудан башталган — андан бери эл өкүлдөрүнүн акыбалы жакшырган жок. Жакында эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков мандатынан ажыратылды — ал коркутууларга кабылганын айтып чыкты. «Клооп» аныктагандай, Асанбековдун курулуш жаатындагы менчик фирмаларды санитардык нормаларды сактоого чакырганы жана кардарлардын башын айлантпагыла деген талабы президент менен УКМКнын мурдагы төрагасынын жакындарына катуу тийген. 

Садыр Жапаровдун тушунда Конституция реформаланып, формалдуу депутаттар эч кимге — президентке дагы, аткаруу бийлигине дагы баш ийбей калган. Мыйзам боюнча бардык деңгээлдеги Кеңештер бийликтин көз карандысыз бутагы бойдон калат, депутаттар шайлоочуларынын алдында гана отчёт берет. Бирок иш жүзүндө, Жапаровдун чөйрөсү депуттарды 2020-жылдын күзүндө, ал президенттикке шайлана электе эле коркута башташкан. 

2022-жылдан тартып, режим саясий куугунтук толкунун баштаганда, эси чыккан парламент УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин көзөмөлүнө өткөн. Ташиев жакпаган депуттарды эл алдында кагып-силкип, айрымдары мандатын тапшырууга аргасыз болушкан. 

2026-жылы, Ташиев кызматтан алынгандан кийин, аткаруу бийлигинин кысымынан улам, мурда генералдын колтугунда жүргөн депутаттар мандатын өткөрүп бере баштаган. Анткен менен, Ташиев бийлигинен ажыраган соң деле, жогору жакка жакпаган депутаттар менен күрөш токтобой келет. 

Жер мафиясы көрүстөндөргө жеткени калды 

«Эмгек» партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон Жаныбек Асанбеков 27-мартта ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Көп өтпөй басымдан улам ушул кадамга барганын айтып чыккан. Анын айтымында, кайсы бир чиновниктер жакындарына зыяны тийип каларын айтып коркутушкан. Бирок экс-депутат алардын атын айткысы келген эмес. 

Асанбеков буга өзүнүн депутаттык ишмердүүлүгү себепкер деген ойдо: ал соцтармактарда Бишкек жана Чүй облусунун тургундарынын көйгөйлөрүн көтөрүп келген. Март айында ал таштанды полигону толуп калганын айтып, Ысык-Ата районунун акимине кайрылуу жолдогон. Январь айында мэриядан унаа токтотмо маселесин чечүүнү талап кылган; тынчтыкты сактоо мыйзамын аткарбаган бильярд клубдарына рейд жасаган: турак-жайын мыйзамдаштыра албай жүргөн жарандар менен жолуккан; экс-мэр Нариман Түлеевдин соода борборунун курулушу боюнча кескин билдирүү жасаган. Ал эми депутаттык ыйгарымдарын тапшыргандан бир аз мурда, мыйзамдарды аттап өтүп, көп кабаттуу үй курган «жер мафиясы» тууралуу коомчулукка айтып чыккан

2026-жылы январда Жаныбек Асанбеков Бишкектеги көрүстөндөрдү текшере турган жумушчу топко мүчө болгон. Ал «Нурзаман» компаниясынын үйлөрү менен «Ширин Бизнес Групп» компаниясынын ден соолук чыңдоочу борбору Орто-Сайдагы мүрзөлөргө такай курулуп жатканын байкаган. Санитардык нормага ылайык, колдонуудагы көрүстөндөргө 100 метрден жакын аралыкта курулуш жүргүзүүгө тыюу салынган. Ошондуктан 3-мартта Асанбеков Курулуш министрлиги менен Бишкек мэриясына кайрылып, курулуштун мыйзамдуулугун текшерүүнү өтүнгөн. 

10-мартта жерине көчмө комиссия барып, архитектура жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мекемесинин кызматкерлери санитардык нормалар бузулганын Асанбековго тастыктап беришкен. Бирок үч күндөн кийин Бишкектин Шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы Асанбеков жалган маалымат таркатып жатканын 963 жарыялаган

Мекеменин маалыматы боюнча, Орто-Сай көрүстөнү 2018-жылы эле жабылган (аларда ыктымал маалымкат бар). Жабылган көрүстөндөр үчүн курулуш объектилерине чейинки аралык 50 метр деп саналат, ал эми үйлөр андан дагы алыс — тосмодон 60-70 метр аралыкта. Анткен менен, ден соолук чыңдоочу борбор бул жеңил норманы дагы бузууда: ал көрүстөндөн 26 метр аралыкта дейт Асанбеков.  

Бирок Асанбеков Орто-Сай көрүстөнүнөн 2026-жылы февралда көмүлгөн мүрзөлөрдү таап, азыркы убакта деле колдонулуп жатканын далилдеген. Асанбековдун айтымында, «Нурзамандын» кызматкерлеринин бири ага, компанияда санэпидкөзөмөлдөн курулушка уруксаты жок экенин айтып берген

«Айрым адамдарды таарынтып коюпсуң» 

Асанбеков ушул окуядан кийин Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев ИИМге жана Боршайкомго арыз жазып, аны жоопко тартууну — керек болсо мандатынан ажыратуу — өтүнүчү менен кайрылганын айтат

26-27-мартка караган түнү Асанбековго жана анын үй-бүлөсүнө түнү бою ар кандай номурлардан телефон чалышып, мандатыңды тапшыр, «айрым адамдарды таарынтып коюпсуң» деп талап кылып чыгышкан.

«Мага ушинтип эле айтышты, баарын иликтеп чыгышыптыр: “Аялың жакында төрөйт. Ушул сага керекпи? Апаң ооруп жатпайбы, 75 жашта. Ушу сага керекпи? Өзүңдү өзүң кечире аласыңбы бир нерсе болсо?”», — деп айтып берген Асанбеков. 

Бул чалуулардан кийин ал санааркап, акыры ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнү чечкен. Таңкы беште мэрияга барганында, аны Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлү күтүп туруп, ошол жерден арызын алган. 

Дагы бир-эки күндөн кийин, күтүүсүздөн Асанбеков шаардык кеңештеги ордун кайра кайтарып алуу ниетин айтып чыккан. Ал мандаты тапшырып жаткан учурда басымга кабылганын баса белгилеп, арызын жокко чыгаруу тууралуу өтүнмө жазган. Бирок өтүнүчү четке кагылган.  

«Мени мандат тапшыруу жөнүндө арыз жазууга мажбурлаган тараптар, мандатымды артка кайтаруу тууралуу кийин жазылган өтүнүчтү Боршайком карабашына дагы көмөктөштү», — деген Асанбеков. 

Экс-депутат Асанбеков аны коркуткандардын атын атаган эмес, бирок мандатын кайтарып алуу боюнча сотто ачык айтам деп убада берген. 

Анын айтымында, арызды кабыл алуу дагы мыйзам бузуулар коштолуп, экс-депутаттан өздүгүн тастыктаган документти сурабай, таңкы беште алышкан. Андан тышкары, арызга ошол күндүн эмес, эң арткы дата жазылган. Асанбеков БШК мандатты тапшырууну жокко чыгаруу боюнча арызды кароого милдеттүү болчу деп эсептейт. Ал сотко жана президент Садыр Жапаровго дагы кайрылуу жолдоп, кабыл алууну суранган. 

Президенттин администрациясынан жооп келдиби же жокпу — белгисиз. Бирок фактынын өзү — шаардык кеңештин депутаты мэрияга мандатын өткөрүп берип, бирок аткаруу бийлигинин башчысынан жолугушуу сурап жатканы — көп сөздөн жогору. Анткени Конституцияга жана Кыргызстандын бардык мыйзамдарына ылайык, аткаруу бийлиги мандат бере да албайт, тартып дагы ала албайт. 

Ал арада бийлик Орто-Сай көрүстөнүнүн жанындагы «Ширин Бизнес Групп» компаниясынын ден соолук чыңдоочу борборунун котлованын даярдоо процессин убактылуу токтоткон. Ал эми «Нурзаман» компаниясынын «Валенсия» көп кабаттуу үйүнүн курулушу токтогон эмес

Ташиевдердин өнөктөштөрү 

«Ширин Бизнес Групп» Бектаева Ырыс Жамгырчиевнанын атына катталган. Компания 2018-жылы Ошто каттоодон өтүп, мурда мамлекеттик объектилерди куруп жүргөн. 

Ал эми экинчи компания, «Нурзаман» жана анын тең негиздөөчүсү Адылбек Асанов тууралуу көп кызыктуу маалымат бар. 

Юстиция министрлигинин маалыматына таянсак, «Нурзамандын» төрт кожоюну бар:Каарыев Кудурет Давлетбекович, Тороева Гүлназ Маматысаевна, Ысманов Урматбек Маматжакыпович, Асанов Адылбек Тойчубекович.

Гүлназ Тороева — парламенттеги «Мекенчил» депутаттык тобунун экс-депутаты Нурбек Алимбековдун аялы. Адылбек Асанов Алимбеков депутат кезинде анын кеңешчиси болчу. 

 «Нурзамандан» тышкары, Тороеванын «Нурзаман Плаза», «Дос Гидро», «Папан курулуш», «Папан Металл» компанияларына тиешеси бар.

Баарынан да УКМКнын экс-төрагасына байланышы бар «Дос Гидро» компаниясы биздин көңүлүбүздү бурду. Ташиевди президент Жапаров 2026-жылы февралда кызматтан алган — ал мамлекетте төңкөрүш жасоого аракет кылган деп шектелүүдө. Компаниянын тең негиздөөчүлөрүнүн бири Элмирбек Кыдыршаев — генералдын иниси Шайырбек Ташиевдин уулу. Дагы бир тең негиздөөчү Арнас Бекмурзаев — «Ынтымак-Мекенчил» фракциясынан парламент депутаты Бекмурза Эргешовдун баласы. Эргешов дагы Шайырбек Ташиев менен дос

«Дос Гидронун» дагы бир кожойкеси Маметова Кыздаркан Калыковна — компаниянын жетекчиси Толубаев Замирбек Бостонбаевичтин аялы. Толубаев — Ош шаардык кеңешинин депутаты жана бул дагы Шайырбек Ташиевдин досу

Тороеванын «Дос Гидродогу» дагы бир компаньону — Кожомкулова Карлыгач Муканбединовна. Ал — 2020-жылы бийлик алмашканда президенттин иш башкармалыгында иштеп, кийин Ош мэриясын жетектеген Алмаз Мамбетовдун аялы.

Демек, «Нурзамандагы» Асанов Ташиевдин үй-бүлөсү менен компаньону Гүлназ Тороева аркылуу байланышкан. 

Жапаровго акысы өткөн киши 

Бирок Асановдун УКМКнын экс-төрагасына гана эмес, президент Садыр Жапаровдун өзүнө дагы байланышы бар. Анткени ал 2020-жылы октябрда өлкө башчысына бийликке келүүгө жардам берген. Ал кезде Асанов парламент депутаттарына эл алдында «муштум кезеп», жаңы эле абактан чыккан Жапаровду премьер-министр кылып бекитпесеңер «тытып» кетебиз деп коркуткан болчу. Акырында максатына дагы жеткен.    




Асанов өзүн Бишкекте сегиз турак-жай комплексин жана Ошто эки көп кабаттуу үй куруп жаткан «Артвин Девелопмент» компаниясынын тең негиздөөчүсү деп атап жүрөт. Кызыгы, булардын айрымдары курулуп жаткан жер тилкелери, Асановдун карамагына өтөрдүн алдында, мурдагы кожоюндарына кылмыш иштери козголгон болчу. 

Асанов Бишкекке куруп жаткан «Токио» турак-жай комплексинин жер тилкеси ишкер Куттубай Мурзабаевге таандык болчу. 2023-жылы декабрда Мурзабаевди УКМК кармаган — ошол эле айда жер тилкеси «Артвин Девелопментке» өтүп кеткен. 

Дагы бир жер тилкеси Нургалы Асаналиевдики болчу. 2024-жылы кылмыш ишинен улам бул жер камакка алынган. 2025-жылы июлда жер тилкеси Мамлекеттик мүлктү башкаруу мекемесине өтүп, бир нече күндөн кийин Адылбек Асановдун «Голден Констракшн» жеке фирмасына берилген. Азыр «Артвин Девелопмент» ошол жерге «Токио Сити» комплексин куруп жатат. 

Оштогу жер тилкесинин ээси жергиликтүү милициянын мурдагы башчысы Жалил Атамбаев болчу. 2021-жылы аны УКМК кармап, жерт тилкеси Адылбек Асановдун агасы Макендин «Артвин групп КейДжи» компаниясына өткөн. Азыр «Артвин Девелопмент» ошол жерге Boston tower комплексин куруп баштаган. 

Мындан тышкары, Бишкектин түштүк бөлүгүндө «Артвин Девелопмент» үч турак-жай комплексин куруп жатат:«Вилтон Парк», «Лондон» жана «Урпак Парк»

Азоо депутат Асанбековго жолдонгон коркутуулар дагы максатына жеткен. Анын Бишкек шаардык кеңешиндеги ордуна жаңы депутат келген. Ал эми Орто-Сай көрүстөнүнүн жанындагы курулуш маселеси мындайча чечилген: 14-майда көрүстөн дагы бир жолу жабылды деп жарыяланган. Санитардык ченемдерге ылайык, курулган үй менен жабык мүрзөнүн аралыгы 50 метрден кем болбошу керек дегенди билдирет. Демек, «Нурзаман» компаниясы көрүстөндүн жанына көп кабаттуу үй курат. Ал жакка сөөк коюлабы же жокпу, айырмасы жок.