Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна жасалган украин чабуулдары Кыргызстанды күйүүчү майдан куру жалак калтырмай болду. Эгерде Москва мунай ташууга чектөө койсо, аларга теңдеш көлөмдөгү күйүүчү май бир гана Кытайдын колунда. Кыргызстандын өкмөтү ушундай абалга даярдана баштады. Бирок Пекин мунай заттарды экспортоого кескин чектөө койгон, ал эми өз ара макулдашуу тууралуу азырынча сөз дагы боло элек. Анан калса, кытай бензини кымбатка түшөт жана коңшуларыбыз дагы андан көзү өтүп турган чагы.

28-июнда Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин өлкөдөгү «бензин экспортуна толугу менен тыюу салынганын» жана дизел экспортуна да толук тыюу салуу пландалганын тастыктады. Орусиядан күйүүчү май чыгарууга таптакыр мүмкүн эместигин Путинге 2-июнда энергетика боюнча вице-премьер Александр Новак билдирген.
«Толук тыюу салуу» эмнени түшүндүрөт, Путин дагы, Новак дагы тактаган жок. Негизи эле, Орусияда бензин экспортуна чектөө коюлганына көп болгон, болгону чектөөлөр ЕАЭБ өлкөлөрүнө тийиштүү эмес болчу. Июндун башында Москва тарап бензин экспорту эки айга «толук» токтотуларын анонс кыла баштаган — анын ичинде «айрым өкмөттөр аралык макулдашууларга» да тийиштүү деп айтылган. Демек бул Кыргызстанга дагы тийиштүү болушу мүмкүн.
Тарыхтагы эң оор кризис
Орусия жаңы тарыхындагы эң оор мунай кризисин башынан кечирип жатат. Каатчылык өткөн жылы, украиналык учкучсуз учуучу аппараттар мунайды кайра иштетүүчү заводдорго сокку урганда башталган, андан бери күчөгөндөн күчөп келет. Орусиянын абадан келген соккуга каршы коргонуу күчтөрү украиналык жаңы дрондор менен ракеталардын алдында алсыз болууда.
Күйүүчү май сатууга чектөөлөр бүткүл Орусиянын аймагында киргизилди. Рынокту толтуруу үчүн бийлик эски стандарттагы Евро-3 бензинин сатууга да уруксат берди, бирок бул дагы жетишсиз болууда. Сибирде жана Ыраакы Чыгышта да АЗСтерде узун кезек жаралып, айрым аймактарда бензин менен дизелдин баасы 100 рублдан ашып жатат. Ал эми Украинанын оккупацияланган аймактарында карапайым калк үчүн күйүүчү май таптакыр жок.

Мунай сакталган кампалардын канчасы талкаланганы расмий айтылбай эле. Reuters басылмасы 2026-жылдын июнуна карата, Орусиянын мунай өндүрүшүнүн 25%ы жок кылынганын жазган. «Газпромнефть» компаниясынын мурдагы стратеги Сергей Вакуленконун эсептөөсү боюнча, мунай иштетүүчү ишканаларды оңдоп-түздөө иштери созула турган болсо, жоготуу 28%га жетиши мүмкүн. Муну бийлик өзү деле кыйыр мойнуна алууда. Бирок маселе, ондоодон кийин деле Украина ал заводдорго кайрадан сокку урганында болуп жатат. Айрым эксперттер күн алыс жыртыктарды жамагандан көрө, таптакыр оңдобой койгон туура дешүүдө.
Путин билдиргендей, Орусия резервдеги күйүүчү майларын колдоно баштады. Резервдин көлөмү 1,7 млн тонна — бул бир айлык керектөөдөн дээрлик эки эсе аз. Андан тышкары, Орусия коңшулаш Белорустан сатып алып, ошондой эле Казакстандан сурап жатат. Бирок бул өлкөлөрдө деле ири резерв жок. Ошондуктан бензинди деңиз аркылуу Азиядан ала башташты. Кайдан экени азырынча белгисиз. Негизинен Кытай, Сингапур, Индия жана Түштүк Корея болушу мүмкүн деп сөз кылышууда.
Кыргызстанда АИ-95 запасы азайды

Бул Кыргызстан үчүн жаман жаңылык. Өлкө мотор майларынын 80%дан 93%га чейинки көлөмүн Орусиядан алат. Бул болжол менен — жылына 1,5 — 1,6 млн тонна, анын ичинде 650 миң тонна бензин жана 550 миң тонна дизель дагы бар. Калганын жергиликтүү мунай иштетүүчү заводор менен Казакстан камсыздайт.
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатовдун айтымында, өлкөдө азырынча дизель жана АИ-92 бензини бар, ал эми АИ-95 азайып барат. Аны алып келүүдө да кыйынчылыктар бар. Бул күтүлгөн жагдай болчу, анткени Орусия АИ-95ти дизелге караганда эки эсе аз чыгарат. Өндүргөн бензиндин 90%ын өзү керектейт, ошондуктан согуш башталгандан бери бир нече жолу экспортко чектөө койгон. Эшатов сентябрга чейин Кыргызстанда АЗСке болгон чектөө болбойт жана баалар 80-90 сомдон жогорулабайт деп убада кылууда.
Кыргызстандын бийлиги күйүүчү май жаатында абал туруктуу деп билдирүүдө. Ал эми Орусия экспортту таптакыр токтото турган болсо, бул АЗС таңкыстыгын жаратпайт дешүүдө. Мындан тышкары, чиновниктер күйүүчү майдын баасын мамлекеттик жөнгө салуунун эсебинен кармап турабыз деп убада кылууда — жок дегенде 2026-жылдын сентябрына чейин.
Ошол эле учурда, 2025-жылы октябрда, орус мунай заводдору күйүп жатканда, «Кабар» агенттиги Орусия 30 миң тонна күйүүчү майдын ордуна жарымын гана жөнөтмөй болгонун жазган. Эшатовдун комментарийине караганда, абал дал ушундай болду. Минкаб жана трейдерлер анда таңкыстык менен баалардын кескин өсүшүнүн алдын алуунун жолдорун издеп жатышкан. Азыр деле издеп жатышат.
Кыргыз мунай заводдору
Президенттик администрациянын басма сөз кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун пикиринде, Кыргызстан өзүнүн мунайды кайра иштетүүчү тармагын модернизациялоо аркылуу өзүн өзү күйүүчү май менен камсыздай алмак.

Өлкөдө мунайды кайра иштетүүчү 9 чакан завод бар. Эң ириси — Кара-Балтадагы жылына 850 миң тонна нефти өндүргөн кытайлык «Джунда» заводу жана кубаттуулугу 500 миң тоннага жеткен Жалал-Абаддагы «Кыргыз Петролеум компани» (жазга чейин бул заводду Ташиевдер үй-бүлөсү көзөмөлдөчү). Коомдо бул заводдор техникалык жактан эскирип, начар сапаттагы АИ-80 бензинин чыгарат, аны өлкөдө эч ким албагандыктан толугу менен экспортко кетет деген түшүнүк бар. Бул эки заводду модернизацияласа 2027-28-жылга карата 4 жана 5 класстагы бензин алууга болот.
Бул эки заводдун айланасындагы окуялар аябай бүдөмүк. Анткени 2024-жылы «Джунда» жарым-жартылай модернизацияланган. Бул окуядан кийин Кыргызстанда бензин өндүрүү 6 эсеге жогорулап, 153,4 миң тоннага, ал эми дизель — 40%га жогорулап, 175,4 миң тоннага жеткен. Жана бул завод азыр АИ-80 гана эмес, мындан сапаттуу бензин да чыгарып жатат деген имиш бар.
Бирок бул күйүүчү май ар дайым толугу менен Ооганстанга сатылып келген. Сатуунун көлөмү улам жогорулап турган: 2024-жылы экспорттун көлөмү 23 эсеге өсүп 70 миң тоннага жетсе, 2025-жылдын январь-май айына карата 42 миң тоннага жеткен. Мындай шартта, кыргыз мунай заводдору керектөөнүн 5%ын жапканы таңкалычтуу эмес.
Азыр Кыргызстандын бийлиги «Джунда» өндүргөн күйүүчү майды толугу менен ички рынокко гана сатууну максат кылууда. Бирок анткен менен ички керектөөнү толук камсыздоого «Джунданын» күчү жетпейт.
Андан тышкары, кыргызстандык мунайды кайра иштетүүчү заводдордун ишине Казакстан менен Орусиянын дагы дооматы бар болчу. Алар Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү катары алардан нефтини жеке керектөөсүнө пошлинасы жок сатып алып, бирок андан бензин өндүрүп башка өлкөлөргө сатканына нааразы болушкан. Казакстандын Энергетика министри тээ 2019-жылы эле, өлкө ар бир тонна нефтиден 60 доллар жоготуп жатканын айтып чыккан.
Балким ушул себептен дагы, 2024-жылы Казакстандан келген мунай 17 эсеге азайган. Бүгүнкү күндө Кыргызстан чийки мунайдын дээрлик баарын Орусиядан гана алат. Бирок орус тарап дагы лимит койгон, эми андан салттуу технология боюнча, болгону 10 миң тонна гана бензин өндүрүүгө болот. Ушул себептен Кыргызстандагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордун айрымдары чийки зат жетишсиздигинен иштебей турат. Өкмөт алар үчүн чийки затты Азербайжандан алууну көздөп жатат. Бирок алардан мунай алып келүү логистикалык жактан татаал. Анан калса, буга көп жылдар бою Казакстан жана Кыргызстандын күйүүчү май рыногун басып алып, жоготкусу келбеген Орусия тоскоолдук жаратып келген болушу мүмкүн.
Жыйынтыктап айтканда, өзүңдүн бензинин болгону — жакшы, бирок көп убакыт керек. Азырынча Кыргызстан күйүүчү май топтоо менен гана алек. 2025-жылы ноябрда дизель сатып алуу 100 миң тоннага жогорулаган. Январь-февраль айларында сатып алуулар кайрадан жогорулаган. Рыноктун катышуучуларынын баасына караганда, азыркы запас августтун ортосуна же аягына чейин гана жетет.
Мунай ала турган өлкөлөр чектелүү
Бул запастар азыр деле Орусиянын эсебинен толукталып жатат. Ошондуктан Кыргызстан тез арада башка булак табышы керек. Жакынкы чөйрөдө андайлар аз, болсо дагы күйүүчү май өндүрүүнүн көлөмү боюнча Орусияга тең келчүсү жок. Муну түшүнүү үчүн: 2023-жылы Орусия 88 млн тонна дизель жана 43,8 млн тонна бензин өндүргөнүн айтсак болот. Мунун ичинен 35 млн тонна дизель жана 6 млн тоннага жакын бензин экспортко кеткен.
«Мунайды кайра иштетүү негизи тарыхый жактан Орусияга таандык болуп калган. Азыр Орусияда 30 чакты ири мунайды кайра иштетүүчү завод бар. Анын ичинен 20дан ашыгы 1960-жылга чейин курулган. Ал эми Казактанда мындайдан болгону үчөө, Азербайжанда бирөө гана бар. Ошондуктан, баарынан мурда, жалпы инфраструктуранын айынан коңшулаш өлкөлөрдүн баары Орусияга байланган», — деп түшүндүрдү «Клоопко» Каспий институтунун эксперти Александр Караваев.
Казакстан чоң көлөмдөгү күйүүчү майын Кыргызстан менен бөлүшпөсө керек. Анткени 21-ноябрга чейин эле казак өкмөтү бензин жана дизелди сыртка чыгарууга, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнө дагы экспорттоого тыюу салган. Коңшу-экспортерлордун арасында Түркмөнстан, Иран, Кытай жана Азербайжан бар. Өткөн жылы күздө минкаб ушул өлкөлөрдөн импорттоо тууралуу талкуу кылган. Бирок, булардын кимиси Кыргызстанга жылына 1 млн тонна күйүүчү май бере алат?
Иран бул тизмеден дароо чийилет. Al Jazeera басылмасынын маалыматына таянсак, АКШ менен Израилдин абадан тийген соккулары андагы бензин өндүрүшүн суткасына 81 тоннага азайткан. Ал эми ички керектөө суткасына 10 миң тоннага көбөйгөн. Мындан улам Ирандагы мунай таңкыстыгы Орусиядан дагы күчтүү: бир колго күнүнө 10-15 литр гана бензин сатылат, мамлекет өзү сырттан сатып ала баштады. 9-майда бийлик «бери дегенде дагы 18-24 айга чейин» күйүүчү майды үнөмдөө керектигин эскерткен.
Азербайжандан алуу дагы оңойго турбайт. 2024-жылы жайда Кыргызстандын Энергетика министрлиги Баку менен мунай сатып алуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анда логистикалык кыйынчылыктардан улам макудашуу болбой калган: түз келген түтүктөр же темир жол жок, ал эми Каспий аркылуу каттаган кеме — узак жана кымбат.
1-июнда, отставкага кетердин алдында, КРнын Энергетика министри Таалайбек Ибраев жергиликтүү трейдерлердин азербайжандык SOCAR мамлекеттик ишканасы менен мунай жана мунай азыктарын алып келүү боюнча келишими бар экенин жарыялаган болчу. Жана Ибраев бул жолу бензин менен дизел ташууну айына 20-30 миң тоннага чейин көбөйтүү тууралуу маселе көтөрүүнү максат кылганын айткан. Бирок анда министр ушул тапта Азербайжан мунай менен күйүүчү майды кандай көлөмдө берип жатканын ачыктаган эмес.

Ал эми 25-июнда Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кыргызстан менен Азербайжан мунай жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүү тууралуу сүйлөшүп жатканын тастыктап, бирок мунун баары толуктап иштеп чыгууну талап кыларын белгилеген. Азербайжандан ташуу логистикасы — жалгыз көйгөй эмес. Азербайжан жылына 736 миң тонна мунай заттарын экспорттойт. Бул көбүнчө дизель, Кыргызстан муктаж болуп жаткан бензин эмес. Анан калса, экспорттун дээрлик баары Европа менен Түркияга кетет: Азербайжан Евробиримдиктин рыногундагы Орусиянын бошогон ордун ээлеп калууга жанталашууда. Анткен менен кыргыз тараптын Баку менен мунай жана бензин алуу боюнча сүйлөшүүлөрү уланууда.
Мунай заттарын Түркмөнстандан ташып келүү салыштырмалуу реалдуудай сезилет. Ал жакта мунайды кайра иштетүүчү эки завод бар, андан сырткары газдан жылына 600 миң тонна безин өндүрө турган дүйнөдөгү эң алгачкы завод ишке кирген. Бирок Ашхабад статистиканы ачыкка чыгарбайт, акыркы маалымат 2021-жылга карата жарыяланыптыр. Анда аталган өлкө мотор майын 1,8 млн тонна өлчөмдө экспорттогон. Май деңиз аркылу Азербайжанга, Орусияга жана Иранга, ал эми темир жол аркылуу — Ооганстанга, Тажикстанга жана Өзбекстанга жеткирилген.
Баса, Кыргызстан 2021-жылы түркмөнстандык күйүүчү майды дагы алып көргөн: аны Өзбекстан аркылуу Ош облусуна алып келишкен. Бирок Өзбекстан өзү дагы аны көп пайдаланат: 2024-жылы Өзбекстан 100 миң тоннага жакын түркмөн бензинин сатып алган. Демек, аны ташып келүү үчүн кошумча Ташкен менен дагы макулдашуу керек.
Мунай Көз көрөт, кол жетпейт
Тунук мунай азыктарын өндүрүүнүн көлөмү жагынан Орусияны басып өткөн жалгыз кошуна — бул Кытай. Бирок алар өзү чыгарганды толугу менен өздөрү керектейт. Ошондуктан кытайлык экспорт орусиялык күйүүчү майдан азыраак: жылына 40 млн тонна. Көбүнчө Түштүк-Чыгыш-Азияга сатылат.
Кудай жалгап, Кыргызстан менен тыгыз чектешкен Синцзянь — Кытайдын мунай кампасы. Бул жерде өлкөнүн чалгындалган жалпы мунай запасынын төрттөн бири жайгашкан, бул регион өндүрүү боюнча дагы лидер; анда көп өлчөмдө бензин жана дизель өндүргөн бери дегенде 5 ири мунайды кайра иштетүүчү завод бар.
Кыргызстан буларды алууга даяр. 6-мартта минкаб кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө пункттары аркылуу автоунаада бензин жана дизель алып кирүүгө уруксат берди. Эгерде бензин ташуучу унаалар жетишсиз болсо, кытай-казак чек арасындагы Хоргос — Достук өткөрмө пунктундагы темир жол аркылуу алып кирүүгө болот.

Бирок Кытай күйүүчү май береби, маселе ушунда: КЭРде бензин, дизель жана авиакеросинди эркин экспорттоого тыюу салынган. Чет өлкөгө мамлекеттик гана ишканалар, Бээжин берген квотанын негизинде сата алат. Март айында болсо Кытай Ирандагы согуштан улам экспортту таптакыр токтотуп да койгон.
Башкача айтканда, кытайлык мунайчылар менен түз сүйлөшүүдөн майнап чыкпайт — бир гана өкмөттөр аралык байланыш керек. Бирок азырынча мындай сүйлөшүүлөр тууралуу кабар жок. 2025-жылы, Садыр Жапаров Пекинге учканда да, 2026-жылы КРнын энергетика министри Чжухайга барганда дагы, кытай күйүүчү майын сатып алуу тууралуу расмий талкуу болгон эмес.
Мындан тышкары, кытайдын мунайын алуу үчүн коңшулар менен атаандашууга туура келет. Бул бир гана Тажикстан же Өзбекстан эмес. 2023-жылы Казакстан АИ-95 бензинин Кытайдан импорттоо тууралуу талкуу кыла баштаган, 2025-жылы күзүндө эки өлкө ортосунда авиакеросин сатып алуу тууралуу сөз болгон, азыр болсо Астана кайрадан кытай бензинин импорттоо тууралуу талкуу баштады. Баса, керосинге Кыргызстан дагы муктаж. Азыр өлкө Орусиядан алып жатат, бирок орусиялык авиакомпаниялардын өзүндө тартыш болуп жатат.
Баса белгилеп кетүүчү жагдай, Кытай, Түркмөнстан жана Азербайжан ЕАЭБдин курамына кирбейт, андыктан алардан алынган күйүүчү май кымбатка түшөт. Болбосо Орусияныкы деле кымбаттап жатат. Май айында президенттик администрациянын басма сөз кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков төрт жылда Орусиядан келген 92-бензиндин тоннасы 650 доллардан 950 долларга кымбаттаганын, дизель 700 доллардан 1,2 миң долларга өскөнүнө даттанган болчу.