Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров учкул сөздөрүн мисал кылып көп колдонгон сингапур калкынын премьер-министри Ли Куан Ю, саясат — бул кумар оюну эмес деп айканы бар.
Жапаров анын ушул сөзүнө кулак төшөбөй, Кыргызстанды геосаясий казинодо уттуруп жиберди.
Геосаясий казино дегенде мен Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту айтып жатам.
Мени да туура түшүнгүлө. Өтө эле боору таш деп ойлоп калбагыла. Бирок орус-украин согушуна байланышкан жаңылыктарды күнүгө көрөм. Мен үчүн согуш — бул Бучада турак-үйдүн тушунда энесинин мүрзөсүн тиктеп отурган бала, жай-тургундар жашаган үйгө түшкөн орус аскердик дрону бутун жулуп кеткен тогуз айлык кыз, украин аскерий туткундарынын башын алган орусиялык солдаттар.
Бирок айрымдар үчүн согуш — бул ок-дары менен таза абройду соодалап акча табуунун жолу, санкцияларды айланып өтүп, байып кетүүнүн учуру. Согуштун арты менен анча-мынча адамдар гана эмес, бүтүндөй мамлекеттер тирилик кылышат. Тобокелдер дагы, албетте аз эмес — согуш кантсе да согуш, оюнчук эмес.
2022-жылы Жапаров да согуштун арты менен акча табууну чечип, оюнга олуттуу киришкендей: анткени эл сыяктуу бейтараптуулукту кармоонун ордуна, Орусияны жигердүү колдой баштаган.
Бүгүн сиздерге президент бул оюндан кандай утуш үмүт кылган, эмнеден утулду жана бул оюн үчүн Кыргызстан кандай кун төлөгөнүн түшүндүрүүгө аракет кылам.
Алгач, өз жашоомдон алынган бир окуяга токтоло кетейин.
2022-жылы Орусия Украинага толук масштабдуу бастырып киргенде, өмүрүмдө биринчи жолу митинг уюштургам — кайсы бир уюмдун жетекчиси катары эмес, жеке өзүмдүн атымдан.
Бул согушка жана Кыргызстанды путиндештирүүгө каршы митинг болчу. Митингдин алдында Бишкектин көчөлөрүн кыдырып, адамдар менен сүйлөшүп чыккам. Митингде менин көз карашым менен макул эместер дагы бар болчу, алар менен дагы баарлашкам.
Кызыгы: эч ким, бир дагы адам бул согушта Кыргызстан Орусияны колдошу керек деп айткан жок. Керек болсо, эч качан пикирибиз келишпеген адамдар дагы баары бир ооздон: биз чакан мамлекетпиз, этият болушубуз керек, бизге бейтараптуулук керек дешкен.
Митингде мени да башка катышуучулар менен кошо милиция кармап кеткен — сылык-сыпаа, жулкулдатпай эле. Бир-эки саат кармап, кийин сот актап чыгарган. Башка катышуучулар дагы акталган. Ошол кезде, мамлекет дагы институт катары бейтараптуулукту кармануу керек экенин жакшы түшүнгөндөй элес калтырган. Бирок, Жапаровдун планы башкача экен.
Жапаров бейтараптуулукту эмес, Орусияны колдоону тандаганын кантип далилдөөгө болот? Ал үчүн ушул эки тандоону гана салыштырам, анткени Кыргызстан өзүнүн геосаясий абалынан улам Орусия менен ачык конфликтке бара албасы турган иш.
Жапаровдун көзүрү — таза абройду соодалоо
Эң жөнөкөй фактыдан баштасак. 2023-жылы Эл аралык кылмыш соту Владимир Путинди аскердик кылмыштары үчүн камакка алууга ордер берген. Ушундан кийин Путин дээрлик чет жакка чыкпай калган. Кийин ал барган алгачкы чет өлкө Кыргызстан болду. Аны Садыр Жапаров өзү чакырган.
Кыргызстан Рим статутуна кол койгон эмес, демек юридикалык жактан Путинди кармоого милдеттүү эмес. Бирок, биринчи болуу — бул тандоо. Эч ким кокустан биринчи боло албайт. Бул белги. Жана белги так-таамай жөнөтүлгөн.
Жапаровдун көзүрү — санкцияны айланып өтүү
Бирок Путиндин келиши — бул символ. Эми акча тууралуу айтсак, тагырак айтканда, Европа менен АКШ Орусиянын Украинага карата агрессиясын токтотуу үчүн салган санкциялар тууралуу сөз кылалы.
КМШ өлкөлөрүнүн баары эле тигил же бул деңгээлде Орусияга санкциядан буйтоого жардам беришкен. Тилекке каршы, мындан эч ким баш тарта албайт — рынок экономикасы, коррупциялашкан бажы системасы, көмүскө схемалар ж.б. Бирок, Жапаров башында турган Кыргызстан булардан ат чабым озуп кеткен.
Бул айтканым, кыйла олуттуу айыптоо, андыктан баарын талдап чыгабыз.
Биринчиден, биздин өлкөнүн аймагында санкцияны айланып өтүүнүн кандай схемалары иштеген жана алар аркылуу канча каражат алып өтүшкөн? Ушуну түшүнүү зарыл.
Экинчиден, бул схемалардын артында тек гана жеке бизнес эмес, бакыйган орус мамлекети турганын көрсөтүп берүү керек!
Үчүнчүдөн, бул схемалар иштеп жатканын Жапаров билбей калышы мүмкүн эмес экенин, алардын пайда болушуна жана иштеп кетишине президент жеке жооптуу экенин далилдеп берүү керек.
Кандай схемалар иштеген?
Биринчи пункттан баштайлы — схемалар. 2022-жылы Орусия Украинага толук масштабда бастырып киргенден тартып, Батыш ага каршы ири санкцияларды жарыялаган. Орусиянын ири банктары эл аралык финансы тутумдарынан бөлүнүп калган. Орусия импортту төлөй албай, экспорттун акчасын ала албай, кадимки каналдар аркылуу өзүнүн аскерий машинесин дагы каржылай албай калган. Андыктан тез арада бул тоскоолдуктарды айланып өтө турган жол табуу керек болчу. Мындай жолдордун негизгилеринин бири Кыргызстан аркылуу өтмөк болгон. Төмөндөгүдөй ыкмалар менен:
Биринчиси — стейблкоин A7A5:бөгөттөлгөн банктарды айланып өтүп, Орусиядан дүйнөнүн каалаган бурчуна акча жөнөтүүгө боло турган рублге байланган криптовалюта. Криптовалютаны кыргыз юрисдикциясы менен, кыргыз компаниялары Бишкекте даярдашат. Анын камсыздоосу санкция тизмесиндеги, Орусиянын мамлекеттик коргонуу секторун каржылоочу «Промсвязьбанкта». Бул банк тууралуу алдыда сөз кылабыз.
Экинчиси — А7 санарип векселдери: санарип издерди тазалоого жардам берүүчү баалуу кагаздар. Булар дагы бизде, Кыргызстанда чыгарылат, жоопкерчилиги чектелген коом «А7- Кыргызстан» деп аталат (анын ишмердүүлүгү 2026-жылы майда — Кыргызстандын дарегине санкция салынгандан кийин гана токтотулду).
Үчүнчүсү — Бишкекте каттоодон өткөн ортомчу-компаниялар тутуму. Булар аркылуу транзакциялар жүргүзүлгөн. Балким, азыр деле өтүп жаткандыр, биз аны так айта албайбыз.
Бул схемалардын масштабы кандай?
Журналисттердин эсептөөсү боюнча, Кыргызстан аркылуу А7А5 криптовалютасына байланышы бар түзүмдөрдүн жардамы менен бери дегенде 15 млрд доллар алып өтүшкөн. Бул Кыргызстандын 2025-жылга карата ИДПнын (Ички дүң продукциясынын) 80%на жакыны.
А7 санарип векселдеринен болсо 21 миллиард долларга тете чыккан — бул Кыргызстандын 2025-жылга карата ИДПна барабар.
Ал эми Elliptic аналитикалык компаниясынын маалыматы боюнча, бир жылда А7А5 стейблкоини аркылуу жүз миллиард долларга жакын акча жүгүртүлгөн. Жүз миллиард. Бул демек, Кыргызстандын беш жылдык Ички дүң продукциясы дегенди билдирет.
Орусиялык «Проект» иликтөөчү басылмасынын маалыматына таянсак, A7A5 аркылуу Орусиянын жалпы трансчекаралык акча жөнөтүүлөрүнүн 15тен тартып 19%га чейинки көлөмү жүгүртүлөт. Башкача айтканда, чет өлкөгө баруучу орусиялык ар бир алтынчы төлөм ушул инфраструктура аркылуу жүрөт. Кыргызстан бул схеманын катышуучусу гана эмес — бул машинени иштете турган башкы юридикалык кыймылдаткыч күчкө айланган.
Эл аралык санкцияларды айланып өтүү үчүн, өлкөнүн финансылык инфраструктурасын пайдаланган, ошол мамлекеттин бир нече ИДПна барабар ушул масштаб — Кыргызстандын президентинин түз колдоосу жана жеке уруксаты жок иштей алмак эмес!
Менин бул ойду карманганымдын үч себебин айтып берейин.
Биринчиден, 2021-жылы Жапаров Конституцияны өзгөртүп, анда аткаруу бийлиги толугу менен президенттин колуна өткөн. Демек, өзү баарына жооптуу — өкмөт азыр парламентке эмес, өлкө башчысына караштуу. Жапаров Кыргызстанды парламенттик-президенттин өлкөдөн, супер президенттик өлкөгө ишенимдүү түрдө өзгөрткөн. Демек, финансы министрлигинин, башкы прокуратуранын жана башка мамлекеттик органдардын аракеттерине же аракетсиздигине дагы жоопкерчиликти өзү алышы керек.
Экинчиден, 2022-жылы Жапаров виртуалдык активдер тууралуу мыйзамга кол койгон. Бул мыйзам болбосо Кыргызстандын аймагында A7A5 түзүмү иш алып бара алмак эмес.
Үчүнчүдөн. Мен буга чейин айткан санарип векселдер — булар 2026-жылы апрелде кыргыз парламенти тарабынан адалдаштырылган. Анда коомдук талкуу өткөн эмес, шашылыш эки жумада кабыл алынган. Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде:«бул долбоор юридикалык жактарга жаңы милдеттерди же чектөөлөрдү койбогондуктан, долбоорду коомдук талкууга чыгаруунун зарылчылыгы жок» деп жазылган.
Финансы министрлиги мыйзамдын зарылчылыгын «финансы инфраструктурасын модернизациялоо» катары сыпаттап жана «санарип форма ачык-айкындуулукту камсыздайт» деп түшүндүргөн. Эң маанилүүсү: Илан Шор санарип векселдерди өзүнүн А7 түзүмү аркылуу 2025-жылдын ортосунан бери — башкача айтканда, мыйзам кабыл алынгандан мурда эле — санкцияны айланып өтүүгө колдонуп келет.
2025-жылдын июнь айына карата компания 21 миллиард доллардан ашык суммага ушул векселди чыгарган. Демек, парламент жаңы нерсе ойлоп тапкан эмес — алар иштеп келген эле системаны адалдаштырып берген. Мындайча айтканда, мамлекет өзүнүн мыйзамдарын Орусиянын санкцияларды айланып өтүүчү муктаждыктарынын талабына ылайыкташтырып берген. Садыр Жапаров деле санарип векселдер тууралуу мыйзамга эч каршылык көрсөтпөй эле кой койгон.
Орус мамлекети
А7А5 криптовалютасынын артында молдова-израилдик олигарх Илан Шор турат. Анын артында болсо Washington Post”ко таянсак, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ — илгерки КГБ, биздин УКМК) турат.
Шор — Орусиянын санкцияларды айланып өтүү боюнча мамлекеттик операциясынын жүзү. Анын А7 компаниясынын түзүмүнө көз чаптыралы. Формалдуу кожоюну Шор өзү — жана орус мамлекеттик Промсвязьбанк.
Промсвязьбанк — бул жөнөкөй банк эмес. Бул орус аскердик өндүрүшүн каржылаган банк. Ага санкциялар салынган.
Мындан аркысы абдан кызыктуу. The Insider долбоорунун иликтөөчүлөрү Илан Шор ФСБга байланышы бар «Евразия» уюмун каржыларын аныкташкан. «Евразия» чет өлкөлөрдө орус кызыкчылыгын жайылтуу менен алектенет. Дал ушул уюм, Кыргызстанда пропагандалык «Номад» телеканалын дагы ачкан болчу.
Мен эмнеге Илан Шорго кенен токтолуп жатам? Анткени ал — орус мамлекети менен байланышы бар схемалардын чечүүчү фигурасы гана эмес, Садыр Жапаров жекече кызматын көргөн адам.
Садыр Жапаровдун көзүрү — жеке кызыкчылык
Үстүбүздөгү жылдын февраль айында молдовалык Rise Moldova басылмасынын журналисттери президент Садыр Жапаров Илан Шор ортомчулар аркылуу сатып берген люкс класстагы эки учакты пайдаланып жүргөнүн аныкташкан.
Биринчиси — Gulfstream G450, 18 миллион доллар турат. Экинчиси — Gulfstream G650ER, узакка каттай турган, континенталдык джет, он төрт миң километр токтоосуз уча алат. Бул учак 22 миллионго алынган. Жалпы баасы — 40 миллион доллар.
Схема кылдаттык менен жашырылган. Акчалар Шордун жакын чөйрөсүндөгү ортомчулар — молдовалык мурдагы бажы инспектору Виктор Гуцуляк жана олигархтын дагы бир ишенимдүү кишиси Радион Мунтян аркылуу төлөнгөн. Булар каражатты түрк ишкери Зафер Халидке беришкен, ал учактарды сатып алып, өзүнүн авиакомпаниясына каттаган.
Бирок учактын бооруна Kyrgyz Republic деп жазылып, кыргыз желеги тартылган. Формалдуу — бул Zafer Air түрк авиакомпаниясынын жеке борту. Иш жүзүндө — Washington Post орус ФСБсы менен байланышын документтештирген, анын компаниялары Орусияга санкцияларды айланып өтүүгө жардамдашкан адамдын акчасына алынган президенттик учак.
www.youtube.com/watch?v=25oZfs6K-C4&t=5s
(Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстанда президенттин номер биринчи борту — кыргыз салык төлөөчүлөрүнүн акчасына, Жапаров бийликке келгенден кийин алынган учак бар. Бирок Шордун учактары ыңгайлуу окшойт).
Rise Moldova басылмасынын журналисттери эки борттун тең жүздөгөн рейстерин изилдеп чыккан. Көз кубанарлык көрүнүш байкалат. 2025-жылы декабрда Жапаров Токиого иш сапарына Шордун учагында барган. Бул сапар аяктары менен, ошол эле борт менен Орусияга учкан.
Нормалдуу демократияда, президент жеке менчик бизнес-джет менен биринчи жолу бекер учканда эле пара алууга тете жорук деп бааланып, иликтөө жүрмөк. Анткени жеке учакта бекер учканы — өтө кымбат белек.
Анткени президентибиз такай ушул учакта жүрөт — бул учак Шорго эмес, Жапаровго таандыктай элес калтырат.
Демек, президент санкцияны айланып өтүүчү схемаларды көрмөксөнгө салууда дешке болбойт. Бул президент аталган схемалардын артында турган адамдардан жеке пайда көрөт деп айтууга негиз болот. Бул адат Кыргызстандын президенттеринин ичинен бир гана Жапаровго мүнөздүү эмес: тээ 2015-жылы Шордун самолётунда президент Алмазбек Атамбаев чет өлкөгө учкан. Бул эски схема. Болгону масштаб өзгөргөн.
Жапаровдун көзүрү — Украинаны көрмөксөнгө салуу
Жапаров саясий оюнда байгени Орусиянын тарабына сайганынын далили — Москага көрсөткөн кызматы эмес. Бул Кыргызстандын президентинин ачыктан ачык Киевди көрмөксөнгө салганы.
Кыргызстан Украинага эч кандай гуманитардык жардам жиберген жок. Жапаров Владимир Зеленский менен бир ирет да жолуккан жок. Кыргызстандын атынан өлкөнү орусиялык агрессиядан формалдуу дагы оолактаткан бир дагы билдирүү жасалган эмес. Тымтырс.
Эми салыштыргыла. Касым-Жомарт-Токаев — биздин эң жакын коңшубуз Казакстандын президенти, Орусиядан биздей эле көз каранды, биздей эле тобокелдери бар, биздей эле тарыхы бар өлкөнүн башчысы — Зеленский менен жолуккан. Эл алдында Казакстан Орусияга санкциядан айланып өтүүгө көмөктөшпөйт деп ачык айткан.
Мен бул жерде Казакстанды жана Токаевди идеалдаштыргым келбейт. Казакстан деле Орусияга санкциядан буйтап өтүүгө көмөктөшүп жатканы турган иш. Айырмасы, Токаев нейтралдуу позицияда экенин көрсөтүүгө көбүрөө тырышканында. Биздин президент, тилекке каршы, жашырууга аракет да кылган жок.
Ошондо, бул оюнда Жапаров байгени Орусия жана Путиндин пайдасына сайганын далилдедик деп ойлойм. Эми бул сайылган байгенин кесепеттери тууралуу сөз кылабыз. Экономикадан эмес, жөнөкөй нерселерден баштайлы. Адамдарга жакын нерселерден.
1-кесепети: Уят
Украина менен Кыргызстан — тек гана картадагы эки мамлекет эмес. Булар бир үйдө чоңойгон эки улут. Көптөр Советтер союзун түрмө деп атап жүрүшөт — бирок кандай болгон күндө да, ошол мамлекетте анда адамдар жашаган, достошкон, баш кошушкан. Анан ошол бир үйдө жашаган коңшусу экинчисин өлтүрүп жатса, үчүнчүсү ага көмөктөшкөнү — бул жөн гана геосаясат эмес.
Мен чоңойгон Кыргызстандын маданиятында туугандык карым-катыш жана жоопкерчиликтин мааниси абдан чоң болчу. Салт боюнча мындайды бир гана сөз менен атайт — уят.
Бирок, өзүңүздөр билгендей, бюджет уяттан толбойт.
2-кесепети: Евробиримдиктин санкциялары
Быйыл Евробиримдик Кыргызстанга өлкөгө каршы персоналдык санкцияларды салды. Ошондо Кыргыз Республикасы Орусияга Украинага толук масштабдуу бастырып киргенден тартып, мындай жаза колдонулган үчүнчү өлкө болуп калды. Буга чейин Евробиримдик Орусия менен Белоруска каршы санкция жарыялаган болчу.
Мурда санкциялар Кыргызстандын аймагында иштеген компанияларга каршы салынган, азыр — бүткүл өлкөгө каршы.
Бир жагынан алганда, Евробиримдиктин санкциялары — так аныкталган товарларга багытталган. Алар көбүнчө санарип башкаруудагы өндүрүш жабдууларына тиешелүү. Кыргыз импорту массалык түрдө буларды алат дешке болбойт.
Сынчылдар, корко турган эчтеке жок, айрым товарларды Кытайдан деле сатып алабыз деши мүмкүн.
Анда маселе эмнеде? Санкция — бул бир гана тыюуу салынган товарлардын тизмеси эмес. Санкция — бул Кыргызстанга келип иш ачам деген же кыргыз фирмалары менен кызматташам деген ар бир инвестор, ар бир банк, ар бир компаниянын көзүнө илине турган маалымат базасындагы жазуу.
Булардын көпчүлүгү андан аркы жазууларды окуп да отурбайт. Евробиримдиктин тикелей санкциясына кабылган өлкө — демек ал баракты жаап салышат. Орусияга каршы санкциялардан кийин, көптөгөн эл аралык абройлуу бренддер ал өлкөдөн чыгып кетишкен.
Ал эми айтылуу бренддер Кыргызстанда мурда эле жок болчу, эми таптакыр келбеси турган иш.
Эми элестетип көрүңүз, кимдер калат? Эгерде батыштын олуттуу инвестору жүзүн бурса, кытайлык же орус инвестору келе турган болсо — бул орун алмашуудай элес калтырат. Бирок бул алмашуу тең салмактуу эмес. Анткени, санкция салынган мамлекет менен иштешүүгө даярбыз деген компаниялар, — демек, бул адатта, президент менен жекече макулдашып келгендер болот.
Ал эми башка альтернатива жок болгондон кийин, президент дагы аларга эч нерсе дей албайт. Экологиялык нормалар, жумушчулардын укугун коргоо, юридикалык жоопкерчилик тууралуу кеп да болбойт. Анткени булар да иштебей кетип калса, башка ким келет?
Ооба, авторитардык режимде деле атаандаштык болуп, бизнес өнүгүшү мүмкүн. Бийликке сын айта албаган өлкөдө (2010-жылдардагы Казакстан же Орусияны алсак деле) бизнеске катуу сын айтып, бойкот жарыяланганын элестетүүгө болот. Бирок бизнес рыногуна президент менен жекече макулдашып гана кире алган өлкөдө, авторитаризм адаттан тыш өңү суук формада болот. Анда аты аталган бизнести бийлик өзү коргоого алат. Анын ичинде сын айткандарга кылмыш куугунтугу да болушу мүмкүн.
Эркин рынокто, авторитардык өлкөдө болсо деле, сын-пикир айткандардан иш козготуп коргонгон курулуш компаниясы же завод тез эле кардарларынан айрылат. «Баш тартуу маданияты» деп айтууга да үлгүрбөй каласыз. Атаандаштык болбогон рынокто, мамлекеттин колдоосуна ээ болгон ири компаниялар билгенин кылышы мүмкүн. Анын ичинде, прокуратура же УКМКны жеке коопсуздук кызматы катары пайдаланышат.
Ооба, бизнестер аралык мамилени саясатташтыруу тенденциясы санкцияга чейин деле болуп келген. Бул талашсыз. Болгону санкция аны көп эсеге күчөтөт.
Мисалы, сиз жашаган үйдүн жанына завод курулду. Же мунайды кайра иштетүүчү комплекс тургузуп жатышат дейли. Эгерде алардын түтүктөрүнөн кара түтүн чыгып атса — эч нерсе кыла албайсыз.
Чет элдиктер иштеген курулушту сындап чыксаң эле болду, бийликке каршы козголоң катары бааланып, кылмыш иши козголот. Мындай окуялар, тилекке каршы, мурдатан болуп келген.
Санкциянын чыныгы баасы мына ушул. Товарлардын тизмеси эмес, өз үйүңдө өзүң ооз ача албай калганың. Сапатсыз курулушту көрүп турсаң дагы, кың дей албаганың.
Үчүнчү кесепет. Узакка созулган согуштун наркы
Ушуну менен эле бүтпөйт. Жапаров оюнда Орусия бат эле жеңишке жетет деп ойлогондой. Жеңүүчүнүн союздаштары баркталат, Москвадан көз карандылык — алсыздык эмес, инвестиция деген ойдо болгон сыяктуу. Бирок бул ойлор азырынча актала элек.
Мисалы, күйүүчү майды алсак. Кыргызстан тарыхый жактан Орусиянын мунайынан көз каранды. Бирок орус мунай заводдоруна тийген украин чабуулдарынан улам, Орусиянын өзүнүн ичинде таңкыстык жаралган — Москва азыр күйүүчү майдын экспортуна чектөө койгон. Ал тургай, азыр Орусия өзү бензинди Белорустан сатып алып жатат.
Качандыр бир кезде Кыргызстан көзүн карап олтурчу өлкө азыр өзү бирөөгө көз каранды болуп калды. Орусия акыры «бензоколонка-мамлекет» деген макамынан ажырады, бирок бул маселенин, анча-мынча оош-кыйышы бар. Андыктан, Жапаров менен Путиндин мамилеси кандай өңүттө өнүкпөсүн, арзан орус бензинин унутушубуз керек.
Орусия бул согушта жеңбейт. Ал анткени алыскы аралыкка учуучу дрон даярдап чыгарган жана багынууну ойлоп да койбогон өлкө менен тирешип жатат.
Орусия эл аралык аренада дагы аябай алсыз болуп калды.
Орусия жардам бере албай калган союздаштарын карап көргүлө. Сирияда Асад, Венесуэладагы Мадуронун кулашы. Мадурону америкалык аскерлер кармап, АКШга чыгарып кеткен. Орусия буга эч нерсе кыла алган жок.
Армения Тоолуу Карабах үчүн согушта Азербайжанга утулуп калды — Москва кийлигишкен жок. Орус саясий технологдорунун күйүп-жанганына карабай, Венгриядагы шайлоодо Орбан жеңилип калды. Азыр Орусия коргоп калуучу патрон болбой калды.
Кыргызстан үчүн эң коркунучтуусу — Орусия согуштун айынан Кытайдан абдан көз каранды болуп калганы. Эми Орусия биздеги кытай таасирине каршы күч боло албай калганы. Кытай Кыргызстанда эмне кылбасын, же Кыргызстанды эмне кылбасын, Орусия буга тоскоол боло албайт.
Эң негизгисине келсек, бул Евразиялык экономикалык союз. Бул уюм бир караганда жакшылыктын жарчысындай көрүнгөн. Жапаровдун оюнда, бирөөнүн кайгысынан пайда тапкысы келген Кыргызстанга ушул уюмдан агылган жакшылыктар төгүлүшү керек эле. Чын-чынына келгенде, бул биздин өлкөнүн башына чалынып, Орусия каалаган учурда ооздуктап кое турган нокто болуп чыкты.
Мисалы, 2025-жылы Орусия Кыргызстанда өндүрүлгөн товарга толук кандуу пошлина ала баштады. Транзиттик товарга эмес, кытайдын товарына эмес — так, даана, кыргыз товарларына.
Де-юре бул пошлина дайыма болуп келген — Кыргызстан ЕАЭБге кирердин алдында тиешелүү келишимге кол койгон. Де-факто, жылдар бою көмүскө схемалар иштеп келген жана акчасы көп кезде Орусия буга көз жумуп койчу. Азыр акчалар согушка жумшалып, биз ЕАЭБ ичинде пошлинасы жок соода-сатык мамилеси жок экенине таң калып отурабыз.
Тигүү тармагы
Иш жүзүндө бул кандай иштеп жатканын Кыргызстандагы тигүү тармагынын абалы айтып турат. «Клооптун» журналисттери бул кризисти терең изилдеп чыгышкан. Биз эмнени аныктадык.
Баары өткөн жылы сентябрда, Орусия менен Казакстандын чек арасында оор жүк ташуучу унаалардан узун кезек пайда болгондо башталган. Орус тарап товар импортуна болгон көзөмөлдү күчөткөн. Үчүнчү өлкөлөрдөн келген товарларга гана эмес, ЕАЭБ ичинде, Кыргызстанда, Казакстанда өндүрүлгөн товарларга дагы көзөмөл күчөгөн. Мыйзам чегинде эч нерсе өзгөргөн эмес. Болгону «кыргызстандык тигүүчүлөр көп жылдар бою пайдаланып келген көмүскө карго-схемаларга тыюу салынган. Орусия, мындан ары товарлардын баары «таза» кирет деп жарыялаган.
«Карго-схема» деген эмне? Мурда ар башка өндүрүшчүлөрдүн товары топтолуп, бир ири жүк катары катталчу. Көп учурда бир унаада ар кандай товар жүктөлүп калчу — кийим-кече, идиш-аяк, электрондук товарлар. Чек арадан өткөндө мындай курама жүк коммерциялык партия эмес, «жекече жүк» же «коммерциялык эмес жүк» деп декларацияланчу — мындайда атайын документи жок алып өтүшчү.
Карго кызматына белгилүү сумма төлөнчү, көбүнчө нак акча же жеке тараптын картасына которулчу. Бул «төлөмгө» бажы чыгымдары да кириши мүмкүн эле, чынында чек арада тийиштүү салык жана пошлина төлөнбөй калчу. Бул Кыргызстандагы майда тигүү цехтерине пайдалуу болчу: анткени анча чоң эмес партия товар жөнөтүп, тез арада нак акча колдоруна тийчү. Эми ар бир партия жүктүн толук пакет документи болууга тийиш. Орусияга киргенде эле дароо 20% кошумча нарк салыгын (НДС) төлөшү керек. Төлөгөндө дагы, муну Орусиядагы жүктү буйрутма кылган юридикалык жак аткарышы керек. Мурдагыдай кылып, майда дүң соода кылган жеке тараптарга базарларда же маркетплейстерде накталай акчага сатуу үчүн эч ким чакан жүк жибере албайт.
Мындан тышкары, тигүү өндүрүшүнүн сапат сертификаты болууга тийиш. Аны Орусияда аккредитацияланган лабораториялар тастыкташы керек. Мурда бул сертификаттар Кыргызстан менен Казакстанда даярдалчу.
Товарга «Текшер» (Честный знак) — орусиялык санарип маркировка жана товарларды көзөмөлдөө системасынын белгисин коюу керек. Мурда товарга «Текшер» белгисин Орусиядагы импортер чаптап келсе, эми бажы кызматы товар чек арага келип түшкөндө эле маркировка коюлган болушун талап кылып жатат. Демек, кыргызстандык өндүрүүчү кандай жол менен болсо да маркерди таап, (Орусиядагы буйрутма берүүчүдөн же ортомчулардан алдырыппы, айтор) аз келгенсип чаптап чыгышы керек. Бул дагы кошумча чыгым.
Орусия менен Кыргызстандын контрагенттери өз ара тек гана банктык эсептер аркылуу, «таза» эсеп-кысап жүргүзөт. Мурдагыдай чакан партия үчүн накталай же картага которуу дээрлик мүмкүн эмес.
Мындан улам, майда өндүрүүчүлөр ири каражат киргизмейин орусиялык базарларга таптакыр жолой албай калышты. Көптөгөн жүктөр топтолуп гана калбастан, ортодон жоголуп да кетти, буйрутма бергендерге жеткен жок. Адамдар акчадан жок же товардан жок калышты.
Биздики мезгилдүү бизнес: бир нече жума кармалса бүттү — кышкы куртканын эч кимге кереги жок болуп калат. Кайра эле “жазгы” кийим тигиш керек, “кышкы” товар сатылбай калган үчүн ага да акча жок… Адамдар карызга батып калышты: эки, үч, төрт миллионго чейин. Андай акчаны эч ким бербейт» деп айтып берет, селлер Светлана. Бишкектеги тигүү цехинин менеджери.
Эң жаманы, орус мамлекетинин гана акчасы түгөнүп жаткан жок. Орусиялык маркетплейстер дагы кыргыз өндүрүүчүлөрүнөн болушунча пайданы сыгып алууга тырышып жатышат.
Орусиянын ичинде дагы маркетплейстердин комиссиясы кымбаттады.
«Эгерде мурда чыгымдарды жабыш үчүн тигилген товардын өздүк баасын үчкө көбөйтүп жүргөн болсок, азыр алтыга көбөйтөбүз — ошондо деле нөлгө иштеп жатабыз. Wildberries платформасындагы комиссия жана чыгымдар сатылган товардын баасынын 70-80%на чыгып кетүүдө», — дейт, Орусияда өндүрүшү бар селлер Галина.
Орусиядагы сатып алуучу дагы жакырланып кетти, селлерлер бизнести «тоңдурууга» аргасыз. Кыргызстандан жаңы партия буйрутма бербей калышты. «Вайлдберриздеги жакшы соода — партиянын 30%ы. Калганы артка кетет», — дейт Галина.
Натыйжада цехтер жапырт жабылып, тикмечилерди иштен кетирип жатат. Жумушсуз калган тигүүчүлөр канчага болсо да тиккенге даяр.
«Мурда тигүүчүлөр бир кийим үчүн 200 сом алса, азыр — 120 болду. Футболкалардын бир даанасы 40-60 сом турат. «Бул тармакта иштегениме 15 жылдан ашты. Өтө чоң кризистер мурда да болгон. Орусияда базарлар өрттөнгөн, товардан, акчадан айрылганбыз. Ковид учурунда дагы бир чоң кризисти баштан кечирдик. Бирок эч качан мынчалык болгон эмес, тигүү цехтери миңдеп жабылып атат», — деп эскерет Светлана.
Бул жалпы экономикага таасирин тийгизет. «Мурда тикмечилерге жумасына же айына эки жолу айлык төлөчүбүз, — дейт, цехтин менеджери сөзүн улай. — Айлык алган тигүүчү алгач базарга, чач тарачка, дүкөнгө барчу. Тапкан акчасын сарптачу дагы, акча экономикага кайтып келчү. Азыр тигүүчүлөрдө акча жок, мунун айынан соодада, кызмат көрсөтүүдө деле жок. Адамдар ачык эле элден жардам сурап калды. Баары отуруп калды».
Жыйынтыгында эмне болду?
Натыйжада: Жапаровдун айынан, Кыргызстан Орусиянын союздашы деген кинеге жооп берип жатат. Бул тилектештиктин кесепетинин учу-кыйыры көрүнбөйт.
Кыргызстан аркылуу санкцияны айланган миллиарддаган долларлар өтүп жатат, бирок өлкө ичинде бир тыйын калбайт.
Жапаров оюнда, Орусия жана Путин менен достошуу аркылуу өзүм гана эмес, бүткүл Кыргызстан байып кетет деген ойдо болгон деп ишенгим келет. Бирок баары тескерисинче болду.
Путин Шордун колу менен Жапаровго каалаганча учак алдырып берсин — бул канал иштей берет. Бирок Кыргызстанга арзан күйүүчү май алып келе албайт. Кыргыз тигүүчүлөрүнө орус рыногун да ачып бере албайт. Ал эми европалык компанияларды Кыргызстан менен иштешкиле деп мажбурлай албашы да турган иш.
Ушул жерде сөздү кайра өзүмө бургум келет. 2022-жылы мени Путинге каршы митинг уюштурганым үчүн кармашкан — сылык-сыпаа, көпкө кармабай, кийин акталып чыккам.
Бирок 2025-жылы күзүндө кыргыз соттору мени экстремист деп тапкан. Бийлик Интерпол аркылуу мага эл аралык издөө салууга аракет кылган. Бул окуядан беш ай мурда, мага жана менин кесиптештериме кылмыш иштери козголгону белгилүү болгон. Эки кесиптешим ТИЗОдо алты ай жатып, акыры пробация менен бошотулган — аларды күнөөнү мойнуна алууга мажбурлашкан.
Эмне үчүн? Журналистика үчүнбү? Чындык үчүн. (Бул үч жылда эч кандай митинг уюштурган жокмун, бирок митингдин эч жаманы жок деп эсептейм). Өлкөнү казиного уттурду деген ушул. Уттуруп жиберген өлкө мындан ары өзүнүн жарандарына караштуу эмес. Эгерде өлкөң сага тийиштүү болбосо — анда сенин укуктарың да жок. Анын ичинде, оюңду дагы айта албайсың. Утулган өлкөдө бийликке айтылган сындын баары массалык башаламандыкка чакырык деп бааланат. Бизнеске сын айтылса ал улут аралык кастыкты козуу деп саналат.
Мен бул кишини анча жактырбайм, бирок Ли Куан Юнун айтканында калет жок. Саясат — бул кумар ойноо эмес. Утулуп калсаң баары кыйналат.
Кыргызстан мындан жакшыга татыктуу. Кыргыз эли — дал ошол 2022-жылы дагы көчөдө, талаш-тартышта да биз бейтарап болушубуз керек деген — биздин эл бул оюнду тандаган эмес. Бул оюн бир гана кишиники. Бирок баарыбыз жооп берүүгө аргасызбыз.