Бишкектеги №47 колониянын ордуна тургузулган чуулгандуу «Мурас» турак-жай комплексин, андан ашып түшкөн чуулуу компаниялар куруп жатат. «Клооп» андагы курулуш компаниялар президент Садыр Жапаров менен өлкө башчысынын иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге байланышы бар экенин аныктады. Аларды ошол эле Туманбаев жетектеген МИК жалданмачы катары тандаган. Кызыкчылыктар кагылышы мында айдан ачык. Кечээ-жакында болсо Туманбаевдин орус паспорту бар экени аныкталды. Кыргыз мыйзамдарына ылайык, башка өлкөнүн жарандыгын алган кишини маморганда жетекчилик кызматка дайындоого болбойт.

Президенттин Иш башкармалыгына караштуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын буйрутмасы менен Кыргызстан боюнча 80 миңден ашуун батир курулуп жатат. Президент Садыр Жапаров муну «карапайым жарандарды турак-жай менен камсыздоого багытталган социалдык саясат» деп атап, «МИКтен жеке пайда көрүүнү каалагандар, ким болбосун жазаланат» деп айтып келет.

Бирок Мамлекеттик ипотекалык компания көп учурда өзүн артыкчылыктуу коммерциялык курулуш компаниясындай алып жүрөт. МИКке үй куруу үчүн участкаларды мамлекет бекер берет (кээде ал ишкерлер менен саясатчылардан конфискацияланган жер тилкелери). Өткөн жылы мартта Садыр Жапаров «Чүй облусу менен Бишкек шаарында бир чарчы метрдин баасы 650 доллар», ал эми МИКтин пайдасы болгону 100 доллар деп айтканы бар.

Садыр Жапаров

Бирок бул кезекте тургандар (негизинен бюджеттик кызматкерлер) үчүн коюлган баа, алар баштапкы төлөм төгүшпөйт. Ошол эле учурда, үлүшчүлөр үчүн даяр үйдүн чарчы метри 1400 долларга чейин жеткен учурлар болгон. Ал эми МИКтин кардарлары компания кезек күткөндөрдү эмес, үлүшчүлөрдү биринчи тейлегенин айтып даттанышкан: бул үчүн кезек күткөндөр тизмеден чыгарылып же аянты чакан батирлер берилген.

МИК үй курууга буйрутма гана берет, ал эми үйлөрдү мамлекеттен салык жеңилдиктерин алган менчик компаниялар курат. Президент бул компаниялар эч кандай пайда көздөбөйт, кымындай пайда үчүн иштөөгө макул болгон ак ниет деп айтып жүрөт: анын айтымында, ири курулуш компаниялар толук бүткөн батирдин чарчы метрин 1000 доллардан ылдый сатууга көнбөй коюшкан. Ошол эле учурда, МИКтин жалданмачылары кызмат акысына канча алышат белгисиз. Ипотекалык үйлөрдүн баасы кантип саналат жана эмнеге үлүшчүлөргө дээрлик базар баасында сатылат деген маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн.

«Клооп» ипотекалык үйлөрдүн курулушундагы непотизмди буга чейин да аныктаган. Мисалы, Кыргызстандын түштүгүндө «Асман резиденс» деп аталган ипотекалык үйлөрдү Оштун мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевге байланышы бар компания куруп келет. Токторбаев — УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин досу жана тууганы.

Бул жолу биз ипотекалык үй алгандардан көптөгөн дооматтар айтылып жаткан Бишкектеги «Мурас» комплексин текшерип көрүүнү чечтик. Турак-жай мурдагы №47 колониянын ордуна, Маликов жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишине курулган. Мында 8,5 гектар аянтка 18 жана 24 кабаттуу 39 үй тургузулуп жатат. Жалпы 5000 батир салынмакчы.

Баш оорусу көп «человейник»

Жапыз жер тамдардын арасында жыш жайгашкан МИКтин үйлөрү алыстан көзгө урунат. Эл арасында «человейник» деп аталып калды.

2024-жылдан бери МИК «Мурастан» 2000ге жакын батир сатты. Үйлөр жапжаңы, бирок жашоочулардын айтымында, көйгөйлөрү да ошончо көп. 2025-жылы майда жашоочулар электр кубаттуулугунун чыңалуусунан улам жарык кайра-кайра өчүп жатканын айта башташкан.

«Биз канча жолу кайрылдык, бирок маселе чечилген жок», — деп нааразы болушкан алар. — Күнүнө үч жолу автомат өчүп калат. Мен муздаткычты эки жолу оңдотуп келдим. Көп жашоочулардын тирчилик техникасы күйүп кетти. Баламдын телефону, үйдөгү телевизор, айфондун кубаттагычы күйүп кетти. Лампочка, роутер жана башкаларды айтпай эле коеюн. Бул канчага созулат? Ушундай чыгым болуп жатабыз!».

Курулуш министри Нурдан Орунтаев

2025-жылы июнда «Мурастын» жашоочулары үйдүн пайдубалы жерге чөгөт деп чочулай башташкан. Курулуш жана архитектура министри Нурдан Орунтаев бул үйдүн пайдубалы эки метр экенин айтып, аларды жооткоткон. Анын айтымында, подъезддин алдындагы тепкичтер орнотулган жер жакшы басырылбагандыктан ылдыйлап кеткен, анын пайдубалга тешеси жок.

Июлда «Мурастын» тургундары эки үйгө кондиционерден тамчылаган суу кетүүчү түтүк орнотулбай калганын айтып чыгышкан. Кийин жашоочулардын бири лифт күтүп турганда, босогосундагы кафель урап түшкөн. Ал эми сентябрда бул үйлөрдүн биринде лифт жүргүнчүсү менен кошо кулап кеткен. Жүргүнчү ооруканага жеткирилип, ал эми окуядан кийин МИК жоопкерчиликти лифт орноткон компанияга — «Хюндай Элевэйторско» оодарган.

«Мурастын» курулушу бүткүл районго баш оору болгон. Элдер отурукташа баштаганда комплекстин унаа токтотмосу жок болуп чыккан, ал эми мэрия Тойгонбаев көчөсүнө унааларды коюуга тыюу салган. Мындан улам тургундар тротуарга токтотуп, бүткүл райондун бала-чакасына коопсуз абал жараткан.

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев.

2026-жылы майда «Мурастагы» батирлердин биринин ээси Бишкек мэри Айбек Жунушалиевге: «бир батирге бир унаа токтото турган орун берилиши керек» деген норма бар болсо, эмне себептен «Мурастын» унаа токтотмосу жок деген суроо узаткан. Буга мэр куулук-шумдугу жок, жөнөкөй жооп берген: «Чындап эле 2024-жылы ушундай ченем киргизилиптир. Азыр бул боюнча иликтөө жүрүп жатат, ким жана эмне себептен киргизгенин тактайбыз» деген ал.

Вице-мэр, өз кезегинде бул районго көп кабаттуу, 2400 орунга ылайыкташкан унаа токтотмо курабыз деп убадалаган. Бирок районго бул дагы жетишсиз: «Мурастын» өзүндө эле 5миң батир бар.

Өтмүшү күмөндүү жалданмачы


«Мурас» комплексин курган жалданмачы «Аманат Строй Инвест» ЖЧКсы. Компания 2021-жылы ачылган, бирок кыска аралыкта ири мамлекеттик долбоорлорго жана чоң чууларга аралашып жетишкен. Айрым чырлуу окуялар Жогорку Кеңештин трибунасында дагы көтөрүлгөн.

2023-жылы майда депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Минкабдан Баткенде Тажикстан менен чек ара жаңжалынан жапа чеккендерге 420 үй куруп жаткан «Аманат Строй Инвесттин» артында ким турарын аныктоону талап кылган. Анын айтымында, курулушка аралашкан 30 чакты ишкер «Аманат Строй Инвесттен» иштеген кызмат акысын ала албай жатканын айтып жардам сурашкан.

«“Аманат Строй Инвест” жалданмачы уюмуна мамлекет олчойгон сумманы бөлүп берген. Бул фирма акча каражатын аты-жыты белгисиз компанияларга которуп, бүгүнкү күнгө чейин акча кайда кеткени белгисиз», — деген анда депутат Өмүрзаков.

Сүйүн Өмүрзаков

Ушул эле маселени парламентте бир айдан соң депутат Тазабек Икрамов кайрадан көтөргөн.

Ошол жылы «Спутник Кыргызстан» басылмасы «Аманат Строй Инвест» Баткендеги чек ара чырынан жабыр тарткандарга үй курбаганын, тек гана «ортомчу» болгонун аныктаган. Чынында үйлөрдү 34 субжалданмачы курган. Бирок тендер өткөрүлгөндөн кийин, 1,3 млрд сом бөлүнгөн курулуштун башкы жалданмачысы «Аманат Строй Инвест» деп катталган болчу.

Формалдуу компанияны 20 жаштагы жетим-студент Бекбол Жанарбек уулу негиздеген (МИКтин дагы бир ири жалданмачысы «Бест Хаус Гранд» дагы белгисиз кишинин наамына катталган). Бирок бир айдан кийин компаниянын кожоюндары болуп Давид Камбаров жана Адилет Нурланбек уулу аталган. Камбаров — президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин айылдашы, экөө мурда биргелешип ресторан ачышкан. Экинчиси Адилет — Садыр Жапаровдун инисинин жакын досу.

Давид Камбаров Садыр Жапаров менен.

Анда Туманбаев «Аманат» менен байланышы бар экенин мойнуна алган эмес. Ал эми башпрокурор компания текшерилет деп убада кылган. Президент Жапаров болсо «Спутниктин» иликтөөсүн тендерден пайда табууну көздөгөндөрдүн Туманбаевге каршы маалыматтык чабуулу деп атаган. Бул окуядан кийин «Спутниктин» шеф-редактору иликтөө жасаганы үчүн какшыктап кечирим сураган. Башкы прокуратуранын текшерүүсү кандайча аяктаган, дегеле текшерүү болгонбу же жокпу — белгисиз.

А бирок «Аманат Строй Инвест» дагы башка ири долбоорлорго ээ болгону белгилүү — мисалга алсак, Бишкектеги парламенттин жаңы имаратынын курулушу жана «Мурас» турак-жай комплекси. Буларды дагы президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев көзөмөлдөйт.

Мындан тышкары, «Аманат Строй Инвест» МИК үчүн Бишкектеги Скрябин көчөсү 45 — 45а дарегине көп кабаттуу үйлөрдөн турган квартал куруп жатат. 1,28 гектар аянтты ээлеген участок мурда Максим Бакиевдики болчу. Бул кварталдын үйлөрү коммуникацияга туташуу үчүн төлөмдөн бошотулган. 2024-жылы декабрда Садыр Жапаров алгачкы жашоочуларга батирдин ачкычын тапшырган.

Экинчи жалданмачы дагы Туманбаевге байланышы бар

«Мурас» комплексин «Аманат» жалгыз курган эмес. Консорциумда МИКтин буйрутмасына ылайык, ага кошумча «Иншаат строй билдинг» дагы бар. Эки компания тең ипотекалык курулуштун шартына ылайык, салыктардан бошотулган.

«Иншаат» менен «Аманатты» бириктирген бир гана «Мурас» турак-жай комплекси эмес — экөө биргелешип президент Садыр Жапаровдун жаңы резиденциясын курушкан. Андан тышкары, «Иншаат» Каракол аэропортунун реконструкциясын ишке ашырган.

«Азаттык» басылмасы «Иншаат строй билдингдин» негиздөөчүлөрү дагы Каныбек Туманбаев менен байланышы бар экенин аныктаган. Компаниянын экс-кожоюндарынын бири Эрмек Атантаев 2022-жылы мурда Каныбек Туманбаевге караштуу «БКС» курулуш компаниясына ээлик кыла баштаган. «Иншааттын» азыркы тең негиздөөчүсү Акбарали Абдыразаков болсо 2026-жылдын 1-июлунан тартып МИКтин Директор кеңешине шайланган.

Алтынбек Козуев Садыр Жапаров менен.

«Иншааттын» экинчи тең негиздөөчүсү Алтынбек Козуевди «Клооптун» маалымат булактары тээ 2024-жылы эле Туманбаевдин жакын адамы деп айтып келишкен. Азыр аны жаңы «Мадина» базарынын ээси деп тааныштыра башташты. Бишкектин бийлиги жакындан бери соодагерлерди эски ордунан кууп, президент Садыр Жапаровдун жакындары тартып алган жаңы «Мадинанын» аймагына көчүүгө мажбурлап жатышат. Ошондой эле аларды соода орундарын чарчы метрин 3000 доллардан сатып аласыңар же айына 160 миң сомдон ижара төгөсүңөр деген шарт коюшууда. Козуевге «Ордо Курулуш Компани» компаниясы дагы тиешелүү. Президенттин Иш башкармалыгы Кыргызстандагы эң ири стадион «Бишкек Аренанын» курулушун да ушул компанияга ишенип тапшырган.

«Аманат» жана «Бест Хаус Гранддан» айырмаланып, «Иншаат» жасалма бирөөлөргө катталган эмес. Бирок из жашыруунун аракетти мында да байкалган: компания Бишкектеги кадимки батирлердин бирине катталган, андагы жашоочулардын мындан кабары жок.

Орус паспорту бар кыргыз олигархы

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев.

 

Каныбек Туманбаев президент Садыр Жапаровдун жакын тарапташтарынын бири. Ушул тапта анын саясий салмагы дагы артып турат. Президент аны такай мактап, ал эми мамлекеттик ЖМКлар ишмердүүлүгүн жигердүү чагылдырат.

Жапаров президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбевди бул кызматка 2022-жылы майда дайындаган. Андан бери мекеменин активи да, ыйгарым укуктары да, таасири жана функциялары дагы аябай көбөйдү. Алгач Иш башкармалыктын карамагына жер тилкелери, парктар, өндүрүш ишканалары өткөн, кийин бакандай министрликти да тапшырышкан.

Президент Жапаровдун тушунда өлкө канчалык тездик менен өнүгүп жатканын далилдей турган ири, дымактуу долбоорлорду жүзөгө ашыруу милдети дагы Каныбек Туманбаевге ыйгарылган. Буга килейген президенттик хансарай, Каракол шаарындагы аэропорттун жаңыланган имараты, кеңейтилген учуу-конуу тилкеси, Ала-Арча улуттук паркындагы туристтик инфраструктура жана Бишкектеги турак-жай долбоорлору кирет.

2024-жылы майда «Клооп», OCCRP жана Temirov Live басылмасынын журналисттери аталган долбоорлор Туманбаев менен президент Жапаровдун жакын чөйрөсүнө тиешелүү компанияларга берилгенин аныкташкан.
Инсайдердин айтканына таянсак, бул компанияларды чынында Туманбаев өзү башкарат — жасалма директорлор менен кожоюндарга тапшырманы да өзү берет.

Иш башкармалык азыр карамагына 30дан ашуун ведомстволук уюмдарды жана алардын активдерин камтыган мамлекеттик корпорацияга айланган. Бул азыр стратегиялык объектилерди куруу, туристтик инфраструктураны даяргоо гана эмес. Азыр ипотекалык турак-жай куруу, эл каттоо, паспорт жана акча басып чыгаруу, айдоочулук күбөлүк берүү, эл аралык интернет-трафикти жана жалпы өлкө боюнча санариптешүүнү көзөмөлдөө дагы иш башкармалыкка карайт. Миллиарддаган кирешеси бар бул корпорация президентке гана баш ийет.

Аны менен катар, «Клооп» жана Temirov Live 23-июлда Туманбаевдин мөөнөтү эскирбеген орус паспорту бар экенин аныкташкан. Мыйзам боюнча, башка өлкөнүн жарандыгы бар адам Кыргызстанда мамлекеттик жогорку кызматка дайындалбашы керек.