Акыркы беш жылда Кыргызстанда футболдун башкы колдоочусу жана бул оюндун ашынган күйөрманы дагы Камчыбек Ташиев болду. УКМКнын экс-төрагасы балдарын испаниялык футбол мектептеринен окутуп, өзү Кыргыз футбол биримдигин башкарып келди. Жакын чөйрөсүндөгү адамдар болсо футбол клубдарын жетектеп, «Барса» акамдемиясын жана Бишкектеги «Барселона» турак-жай комплексин куруп жатышат. Бирок ал УКМК төрагасы кызматынан отставкага кеткенден кийин, Кыргыз футбол биримдигин да тапшырууга аргасыз болду. Эми «Клооп» менен Temirov LIVE Ташиевдин жакындары футбол бизнесиндеги үлүшүн президенттин чөйрөсүндөгү адамдарга өткөрүп бергенин аныктады.
Февраль айында бардык мамлекеттик кызматтардан четтетилгенден кийин, Камчыбек Ташиев футболдогу ордун эки айча кармап турган. Бир караганда, президент Садыр Жапаров футбол тармагын досуна калтырууну чечкендей сезилген. Бирок 15-апрелде УКМКнын экс-төрагасы Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) башчылыгын тапшырып берген. Ал эми Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн көптөн берки өнөктөшү Канатбек Абдыкадыровду КФБнын вице-президенттигинен кетирип, аткаруу комитетинин катардагы мүчөсү кылып коюшкан.

Анткен менен Ташиев жана анын жакын чөйрөсүнүн колунда, Кыргызстандын деңгээлиндеги ири футбол бизнеси калган. «Жал Групп Азия» компаниясы испаниялык «Барса» академиясынын Жалал-Абад, Бишкек шаарларындагы франшизасынын жана борбор калаада курулуп жаткан «Барселона» турак-жай комплексинин ээси. 2023-жылы бул компаниянын негиздөөчүлөрү УКМКнын экс-төрагасынын достору Айбек Алыбаев жана Канатбек Абдыкадыров, президент Садыр Жапаровдун кайнагасы Ракатбек Асанбаев, орусиялык ишкер Николай Коробовский, ошондой эле испаниялык «Барселонанын» президенти Жоан Лапортанын жакын адамы Георгий Микадзе болчу.
Ресторандан миллиондук долбоорлорго
Бирок «Клооп» менен Temirov LIVE басылмасынын журналисттери быйыл жай айларында «Жал Групп Азиянын» негиздөөчүлөрүнүн тизмеси өзгөрүп кеткенин аныкташты. 2026-жылы июнда булардын катарына Давид Равшанбекович Камбаров кошулган. Ал президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин жердеши. Экөөнү жердешчилик гана эмес, бир кездерде Туманбаевдердин уй-бүлөсүнө караган ресторандар түйүнү дагы байланыштырат.
2019-жылы орусиялык рэпер Тимати Бишкекте кезектеги Black Star Burger ресторанын ачкан. Ресторандын ачылыш аземинде Каныбек Туманбаев, президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин азыркы жетекчиси Равшан Сабиров жана ошол кездеги муфтий Максатбек Токтомушев кызыл лента кесишкен. «Азаттыктын» иликтөөсүнө таянсак, Black Star Burger ресторанынын франшизасынын Кыргызстандагы кожойкеси Равшан Сабировдун аялы Арзыгүл жана Каныбек Туманбаевдин тууганы Баатырбек Жантаев. Жантаев азыр — Балыкчы шаарынын мэри.

Ал арада, Давид Камбаровдун телефон номери Гетконтакт колдонмосунда «Блак Стар Бургер», «Давид Камбаров Bsb» жана «Давид Бсб Азия Молл» деп сакталган. Black Star Burger ресторандарынын бири «Азия молл» соода түйүнүндө жайгашкан.
2020-жылы Туманбаев парламенттик шайлоого бийликчил «Биримдик» партиясынан катышканда, Камбаров партияга 200 миң сом кайрымдуулук кылган.
Ошондой эле, Давид Камбаров — президент Садыр Жапаровдун иниси Эскат Нуркожоевдин досу Адилет Нурланбек уулунун компаньону. Экөө чуулгандуу «Аманат Строй Инвест» компаниясына кожоюндук кылышат. Адилет Нурланбек уулу Эскат Нуркожоевдин досу гана эмес, «Север Юг Секьюрити» күзөт-детективдик агенттигиндеги бизнес-өнөктөшү.
2021-жылы жетим-студент балага катталган «Аманат Строй Инвестке» кайтып келсек. Бул компания 2022-жылы октябрда, курулуш жаатында эч тажрыйбасы жок туруп, Баткен облусунда Тажикстан менен чек ара чырында жабыркагандар үчүн 420 үй курууга тендерди утуп алган. Каныбек Туманбаевдин айтымына таянсак, тендерден бир нече ай мурда компанияга Давид Камбаров менен Адилет Нурланбек уулу ээлик кыла башташкан.
Баткенде үй куруп жатканда «Аманат Строй Инвест» чоң ызы-чуу чыгарып, маселе парламентте талкууланып, Башкы прокуратурада териштирмек болгон. Бирок ага карабай Каныбек Туманбаев башкарган президенттин Иш башкармалыгы ушул эле компанияны Бишкектеги жаңы Ак үйдү курууга жалданмачы кылып дайындаган. Ушул эле Туманбаев тескеген Мамлекеттик ипотекалык компания аларга Бишкектеги эки ири турак-жай комплексин курууну дагы тапшырган.

«Жал Групп Азиянын» кожоюндары кандайча алмашкан
Туманбаев менен тыгыз байланышы бар Давид Камбаров «Жал Групп Азиянын» футболдук компаниясынын кожоюну гана эмес, жетекчиси дагы. 3-июнга чейин компанияны Ташиевдин досу Айбек Алыбаев башкарып келген. Ал фирмага Абдыкадыров, Асанбаев, Коробовский жана Микадзе менен бирге ээлик кылчу. Азыр тең негиздөөчүлөрдүн эски курамынан Алыбаев менен Абдыкадыров гана калды.

Бул кишилердин ар биринин өз тарыхы бар. Канатбек Абдыкадыров 90-жылдардын аягында Камчыбек Ташиевдин аялы менен биргеликте «Барпы айылы» кредиттик союзун түптөгөн. Акыркы жылдары Ташиев менен бирге Кыргыз футбол биримдигин башкарган. Андан тышкары, азырынча Камчыбек Ташиевдин уулу Тимурланга катталган «Мурас Юнайтед» клубун башкарат. Ушул эле клубда КАмчыбек Ташиевдин дагы уулу — Эмирхан Кыдыршаев ойнойт. 2025-жылы «Клооп» менен Temirov LIVE Абдыкадыров Жалал-Абаддагы УКМКнын имаратына ээ болгонун аныктаган. Ал өз кезегинде имаратты сүрдүрүп, ордуна 9-кабаттуу үй курган. Ташиев отставкага кеткенден кийин Абдыкадыров ага кошулуп Кыргызстандан кетүүгө аракет кылган, бирок аны өлкөдөн чыгарбай коюшкан.

Айбек Алыбаев — «Мурас Юнайтед Жалал-Абад» футболдук клубунун тең кожоюну. Ташиев менен 15-20 жылдан бери достор. Ал кезде экөө тең бозгун президент Курманбек Бакиевдин алдында иштечү. Алыбаев Президенттин администрациясында жетекчилик кызматтарды аркалаган, ал эми Ташиев ӨКМди башкарган. 2010-жылы Бакиев тактан кулагандан кийин, Алыбаев Европага чыгып кеткен. Ал эми Кыргызстанга Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бийликке келгенде, Алыбаев мекенине «Барсанын» жергиликтүү франшизасынын жетекчиси катары кайтып келген. Маектеринде Кыргызстандагы испан футбол академияларын ачуу идеясынын автору — Камчыбек Ташиев, аларды куруп жаткандар Ташиевдердин үй-бүлөсү экенин жашырган эмес.

Николай Коробовский — казакстандык олигархтар Владимир Ким жана Александр Клебановдун жакын чөйрөсүнөн, электр энергиясын дүң соодалоо менен алектенчү. Орусиянын жарандыгын алып, эки ири ишкана — Росатомдун жеткирүүчүлөрүнө ээлик кыла баштаган.

2021-жылы Коробовский Кыргызстандын жарандыгын алып, кыргызстандык үч кенге ээ болуп, КРнын президентинин аялы Айгүл Жапарованын кайрымдуулук долбоорлоруна демөөрчү болгон. 2023-жылы анын компаниясы Жалал-Абадда 600 МВт кубаттуулуктагы көмүр ЖЭБин курмак болгон. «Клооптун» «Барса» франшизасы тууралуу алгачкы иликтөөсүнөн кийин Коробовский «Жал Групп Азиянын» негиздөөчүлөрүнүн катарынан чыгып кеткен. 2025-жылы Орусияда бизнес-өнөктөштөрү менен чыр-чатактан улам кылмыш жоопкерчилигине тартылып кармалган.
Президент Садыр Жапаровдун кайнагасы Ракатбек Асанбаев жана Георгий Микадзе «Жал Групп Азиянын» кожоюндарынын тизмесинен 2026-жылы чыгышкан. Болжолу мындан бир жарым ай мурда «Клооптун» «Барселона», мафия, алтын кендер» деп аталган иликтөөсү жарыяланган.
Георгий Микадзе — «Барселона» испан футбол клубунун президенти Жоан Лапортанын кенсесинин алмашкыс башчысы Манана Гиоргадзенин мурдагы күйөөсү. Испанияда Микадзе мыйзамдагы ууру Тариэл Ониани менен байланышы бар болчу. Мындан 20 жыл мурда аны испан соту маңзат ташууга айыптап, абакка кескен, бирок мөөнөтүнөн эрте бошоп чыгып, «Барселона» футболдук клунун билет саткан кассаларын тейлеп иштеген. Микадзени Лапортанын «өзгөчө тапшырмалар» боюнча ишенимдүү өкүлү деп дагы атап жүрүшкөн.

Бийликке Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев келгенден кийин, Микадзе бир нече фирманын тең кожоюну жана Кыргызстандагы эки алтын кендин — «Насоновское» жана «Карабулак» кендеринин тең негиздөөчүсү болуп калган.
УКМК «Насоновское» кенин атып өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевдин адамдарынан конфискациялап, Ташиевдин досу Айбек Алыбаев менен Георгий Микадзенин компаниясына каттаган. «Клоопа» менен Temirov Live биргелешкен «Мамлекет үчүн». Көлбаевдин алтын кени Ташиевдин досуна тийген деген аталыштагы иликтөөсүнөн кийин УКМК алтын кенди мамлекетке кайтарууга аргасыз болгон.
Экинчи кендеги үлүштү да Микадзе Ташиевдин тушунда алган. Экинчи жарымы ишкер, «Алтын» зергер холдингинин тең кожоюну Владимир Феньковго таандык.