2024-жылы февраль айынын аягында президент Садыр Жапаров Кыргызстанда электромобиль өндүрүүчү заводдун курулушуна капсула салган. Бул окуя ЖМК тарабынан кеңири чагылдырылган. Президенттин басма сөз кызматы макеттерди көрсөтүп, инвесторлор жөнүндө кеңири маалымат таратып, долбоордун башталышы мамлекеттик каналдар аркылуу көрсөтүлгөн.
Завод кытайлык инвесторлор менен биргелешип курулмак. Алар долбоордун биринчи этабына 115 млн доллар салып, ал эми өндүрүш 2024-жылы августта иштеп баштамак. Ошол бойдон бул долбоордун дайыны чыкпай калган.
Кийин Temirov Live басылмасы, завод курмак болгон курулуш компаниясынын кожоюндары президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевге байланышы бар «Модуль Хаус» ЖЧКсы, президенттин Иш башкармалыгы жана кытайлык «Хубэй Цзису Инвестиция» компаниясы экенин аныктаган. Бул үчүн алар «Жису» кытай-кыргыз биргелешкен ишканасын негиздешкен.
Завод президенттин Иш башкармалыгынын ыкчам башкаруусундагы 15 гектар аянтка курулуп баштаган. Бирок кадастрдагы документтерге ылайык, 2026-жылдын 16-июнунда «Жису» кытай-кыргыз биргелешкен компаниясынын жер тилкесин пайдалануу укугу жокко чыгарылган.
Спутниктен тартылган сүрөттөргө караганда, бул аралыкта жер тилкесине эки имарат курулуп бүткөн. Эмне себептен кытайлык инвесторлор бизнесттен четтетилгени жана алардын чыгымдарына кенемте берилдиби же жокпу — белгисиз.
«Жису» жерди пайдалануу укугунан ажырагандан эки ай өткөндөн кийин, Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстан BARS улуттук бренди менен электромобиль чыгаруучу заводду ишке киргизүүгө камданып жатканын жарыялаган.
Бул жолу бийлик аки-чүкүсүнө кенен токтолбой: завод кайда жайгашканы жана инвестор ким экени айтылган эмес. Ошол эле учурда, Экономика министрлиги курулуп жаткан заводдун сүрөтүн жарыялап, мамлекет өндүрүш ишканасына 15 гектер жер бергенин баса белгилеген. 2024-жылы «Жису» заводун куруууга дагы дал ушундай аянттагы участок берилген болчу.
Ушул маалыматка таянып, Экономика министрлиги курулуп жаткан BARS автоунаа заводунан тартылды деп тараткан сүрөттөр менен спутниктен тартылган кадрларды салыштыруу аркылуу, «Клооптун» журналисттери минэкономдун пресс-релизинде дал ошол «Жису» заводу тууралуу сөз болгонун аныкташты.

Мындан тышкары, «Клооп» 24-мартта президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге байланышы бар «Модуль Хаус» ЖЧКСы Юстиция министрлигинде автомобиль чыгаруучу «Барс Моторс» компнаиясын каттоодон өткөргөнүн аныктады.
10-июлда, Экономика министрлигинин пресс-релизинен бир ай мурда, компания кайрадан катталып, президенттин Иш башкармалыгы анын тең кожоюну болуп калган.
«Модуль Хаустун» башчысы — Эрмек Атантаев.
Атантаев — «Строительная фирма БКС» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү. Мурда бул компания президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге жана анын башка жакын кишилерине таандык болчу.
Атантаев мурда Туманбаев тең кожоюн деп саналган «РИБХ» компаниясын башкарган. Ошондой эле ал, президенттин хансарайын курган «Иншаат Строй Билдингдин» директору болгон. Бул компанияны дагы Туманбаев менен байланыштырып жүрүшөт.
17-сентябрга чейин «Модуль Хаус» президент Садыр Жапаровдун баласынын досу Эламан Токтобеков менен Жыпаргүл Базарбаевага — Туманбаевдин эжесине караштуу болчу. Азыр «Модуль Хаус» компаниясынын расмий кожоюну «Хан Тенири Интернэшнл» ЖЧКсы. Мунун дагы Туманбаевге байланышы бар.
«Хан Теңири Интернэшнлдин» негиздөөчүсү — президент Садыр Жапаровдун тарапташы Абдыманап Бегишов жана Ольга Козуева. Компаниянын директору Акбарали Абдыразаков дагы «Иншаат Строй Билдингдин» тең негиздөөчүсү жана МИКтин директорлор кеңешинин мүчөсү. МИК — президенттин Иш башкармалыгына баш ийген мекеме.
«Хан Теңири Интернэшнл» буга чейин да Кыргызстандагы ири масштабдагы долбоорлор менен алектенип келген. 2024-жылы сентябрда ошол кездеги УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев «Тамчы» аэропортуна жакын жерге сегиз кабаттуу «Хан Теңири» мейманканасынын курулушуна капсула салган.
Ташиевдин айтымында, инвесторлор бул долбоорго 160 млн доллар салышкан. Минкаб курулушка 10 гектар жер бөлүп берген. Мындан тышкары өкмөт «Хан Теңири Интернэшнлге» социалдык мааниси бар туристтик багыттагы объекттин курулушу үчүн Караколдон дагы бир гектар жер берген.
Эки жер тилкеси тең Каныбек Туманбаев башкарган президенттин Иш башкармалыгынын карамагында. Компанияга 49 жылга ижарага берилген.
«Клооп» менен Temirov Live басылмасынын журналисттери июлда Туманбаевдин орусиялык паспорту бар экенин аныкташкан. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, башка өлкөнүн жарандыгын алган адам мамлекеттик органдарда жетектөөчү кызматка дайындалбашы керек. Туманбаев түздөн-түз баш ийген президент Садыр Жапаров бүгүнкү күнгө чейин буга эч кандай реакция кылбай келет.