Казакстанда ишмердүүлүгү экстремисттик деп таанылган казак оппозиционери Мухтар Аблязов 17-октябрда, Садыр Жапаров 2020-жылы колониядан чыккандан кийин андан акча сураганын айтып чыкты. Бул тууралуу Аблязов Кыргызстанда экстремисттик деп табылган «Шумкар» саясий кыймылынын түз эфиринде билдирди. Президент Садыр Жапаров болсо Аблязовдон акча сураганын төгүндөдү.
Аблязов билдирүүсүндө Жапаровго акча бербей койгонун, ал кийин «акчаны өлкө ичинен тапканын» айтып берген.
«Кантип тапты? [...] Бандит катары [...] Өндүрүш ишканалары, бизнес, баарын коркутуп-үркүтүп атып акча чогултуп, бийликти басып алган», — деп эсептейт Аблязов.
Казакстандык оппозиционердин айтымында, ал Жапаров менен бери дегенде эки жолу — биринчи Кыргызстанга барып камакка алынганга чейин, экинчи жолу — колониядан чыккандан кийин сүйлөшкөн. Аблязов Жапаровду мурда союздаш катары көрүп жүргөнүн айтат.
«Түркияда жүргөн кезинде мага жазып, Бишкекке барып, өлкө ичинде тирешүү ниети бар экенин айткан. Барсаң кармаласың деп эскерткем, албетте», — деп айтып берген Аблязов.
Андан соң Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп турганда ага кайрадан телефон чалган.
«Садыр Жапаров мага алты жыл мурда, 2020-жылдын октябрында, президенттин милдетин аткаруучу болуп турганда телефон чалган [...] Түрмөдөн чыккандан кийин дагы телефон чалган, биз 40 мүнөтчө сүйлөштүк», — дейт казак оппозиционери.
Аблязов Казакстанга Бишкек аркылуу кирүүнү пландагандыктан Жапаровдун саясий пландарын билүүгө аракет кылганын айтат. Бирок пландарын уккандан кийин, экөө союздаш боло албасын түшүнгөн.
«Аны менен сүйлөшкөн соң, Кыргызстанга жакшылык кылбашын түшүндум. Анткени ал Кыргызстанда Казакстандагыдай система — хандык, бандиттик өлкө курмак болгон», — дейт Аблязов.
Президент Жапаров эмне дейт?
Садыр Жапаров super.kg порталына курган маегинде «тооктор тобунун кайрылууларын, билдирүүлөрүн көрбөйм» деп билдирди — бирок «Шумкар» кыймылынын акыркы эфирине комментарий берип, башка да бир нече видеосун көрүп чыкканын мойнуна алды.
Эске салсак, 12-октябрда Кыргызстанда бул оппозициялык кыймылдын ишмердүүлүгү экстремисттик деп табылган.
Жапаров казак оппозиционеринен акча сураганын төгүндөп, Аблязовду аферист деп атап, аны менен тааныштыгын да жокко чыгарды. Ошол эле учурда, телефондо сүйлөшкөнүн жашырган жок.
Президенттин айтымында, ошол кездеги тарапташы Мелис Аспеков Аблязов сүйлөштүрүп коюшун суранып жатканын айтып трубканы карматкан. Жапаров болсо «эч нерсе оюнда жок» трубканы алганын айтат.
«Аферист болсо айта берет да. Ал убакта 40 мүнөт эмес, 4 мүнөт сүйлөшкөндөй убактым жок болчу. Акча сураган дегени карандай калп. Өзү кайырчылык кылып, казак элинен Франциядагы жеке жашоосуна теңге сурап жүргөн кайырчыдан мени “акча сураган” дегенине ким ишенет», — дейт Жапаров.
Ал ошол учурда ага акчанын деле зарылчылыгы болбогонун айтат.
«Түрмөдөн чыгарып келип, президенттик тактыга олтургузган эл акчасыз эле шайлап коёру турган иш болчу. Ошондуктан жалганчылар, аферисттер бир нерсе деп айтса эле ишене бербегиле. Андыктан Аблязовуна да, башкасына да баш оорутуп, көңүл бөлүүгө убактым жок», — деп билдирди президент Жапаров.
Жапаров 2020-жылдын аягында финансылык колдоо издегени тууралуу кептер буга чейин да айтылган.
Президенттин мурдагы тарапташы Мелис Аспеков абакта жаткан кезинде бир нече видео жарыялаган. Анда Аспеков президенттик тактыга отуруу үчүн Жапаров 2020-жылы «шайлоо штабын уюштурууга» экс-президент Сооронбай Жээнбековдон 1 млн доллар ыктымал алганын айткан болчу.
Аспековдун айтымында, Жапаров коррупция үчүн соттолгон бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдон дагы 3 млн доллар ыктымал алып, каражатты 2020-жылы 9-октябрда «анти-митинг уюштурууга жумшаган».
*Мухтар Аблязов — куугунтуктагы казак саясатчысы, БТА Банктын мурдагы кожоюну, мурдагы энергетика министри, ушул тапта Францияда жашайт.
2001-жылы Аблязов «Казакстандын демократиялык тандоосу» оппозициялык кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Бул кыймыл Казакстанда экстремисттик деп табылган. Казак соттору Аблязовду сыртынан 20 жылга эркинен ажыраткан. 2016-жылы Аблязов 2005-жылкы кыргыз революциясын каржылаганын айтып чыкккан.