Кыргыз бийлиги өзүнө жакпаган кыргызстандыктарды чет өлкөлөрдөн кармап келип, андан соң кылмыш жоопкерчилигине тартууну салтка айландырды. Temirov Live менен «Клооптун» журналисттери бийликке сын айткандарды экстрадициялоодо бери дегенде эки жолу жеке учактар пайдаланылганын аныктады. Бир жолку учуунун болжолдуу баасы — 10 млн сомго жакын.
Октябрдын ортосунда Вьетнамда кармалган активист Сыргак Кенжебаевди Кыргызстанга жеке бизнес-джет менен алып келишкен. Андан мурда, 2026-жылдын жайында Кенжебаев опозицияга кеткенин жарыялап, чет өлкөдөн президент Садыр Жапаровду жана анын саясий чечимдерин сындаган видеолорду жарыялай баштаган.
Күзүндө болсо кыргызстандык соттор Кенжебаевдин ишмердигин экстремисттик деп тапкан. Азыр ал алдамчылык жана массалык башаламандыктарга чакырык иши боюнча ТИЗОдо камакта.

Temirov Live жана «Клооптун» журналисттеринин маалыматына караганда, Кенжебаевди Union Aviation латвиялык операторунун Embraer Lineage 1000 лайнеринде алып келишкен.
Бишкек — Нячанг — Бишкек каттамына болжол менен 81 миң евро (7,9 млн сом) сарпталган.
Кенжебаев Кыргызстанга жеткирилгенден кийин, ушул эле учакты бийлик башка иш сапарларына да пайдаланган.
15-октябрда бизнес-джет Бишкек — Баку — Бишкек багытында учкан. Анда президент Жапаровду Бакуда өткөн Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге коштоп барган аткаминерлер ушул учакта барган болушу мүмкүн.

19-октябрда учак Бишкектен Дүйшөмбү шаарына учкан. Анда минкаб төрагасынын орун басары Данияр Аменгелдиев ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешмесине барган.

Ушул бортту бийлик мурда деле колдонуп жүрчү. «Кыргызстан-Джет-Файлдар» долбоорунун маалыматына караганда, 2026-жылы январда, ажылык сапарына барган ошол учурдагы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Меккеден Бишкекке ушул учак менен кайтып келген.
Temirov Live басылмасынын маалыматына таянсак, президент Садыр Жапаров 2024-жылы Union Aviation’дун башка бизнес-джеттери менен 9 жолу учкан.
Бийликке сын айтканы үчүн чет өлкөдөн кармалып келгендер Кенжебаевге чейин да болгон. 2025-жылы апрелде күч органдары БАЭден активист Тилекмат Куреновду (Кудайберген уулу) кармап, аны дагы бизнес-джет менен алып келген.

Өзүн жеке учак менен алып келишкенин Тилекмат Куренов укук коргоочуларга жазган катында айтып берген. AirNav Radar учуулар трекерин колдонгон Temirov Live менен «Клооптун» журналисттери, Тилекмат Hawker 4000 Horizon учагында келгенин аныкташты. Бул учууга болжол менен 24 750 доллар (2 млн сомдон ашык) корогон.
Куренов — кыргызстандык активист жана блогер, 2020-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыктардан кийин белгилүү болгон. Ал бийликти сындап, Конституцияны өзгөртүүгө, Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүүгө, Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы чыккан.
Ал бир жылдан бери камакта. Азыркы учурда иши сотто каралып жатат. Куренов абактан жазган катында кыйноого кабылганын баса белгилеген, бирок кийин адвокаты журналисттерге берген маегинде, экөөнүн тең бул маселе боюнча «эч кимге [атайын кызматтын өкүлдөрүнө] дооматы жок» экенин айткан.
Активист социалдык тармактарга жазган постторунан улам массалык башаламандыкка чакырык жасоого айыпталып жатат. Куренов өзү күнөөнү мойнуна алган эмес.
Өлкө бийлиги коррупция үчүн соттолгон бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовду экстрадициялоодо дагы кадимки рейсти пайдаланган эмес. Матраимовду 2024-жылы мартта Азербайжандан Кыргызстанга алып келишкен — Temirov Live жана «Клооптун» журналисттери аны Бакудан Бишкекке өкмөттүн Beechcraft King Air 360 учагында алып келишкенин аныкташкан. Бул борт 2023-жылы «өкмөттүн керектөөлөрүнө» деп сатып алынган.

Temirov Live басылмасынын маалыматына караганда, бул учакты да УКМКнын экс-төрагасы жеке иштерине пайдалангандай. Анын карындашы соцтармактарга Ташиевдин үй-бүлө мүчөлөрү ушул учакта отурган сүрөт жарыялаган.
Самолёттун каттамдарынын 158ден ашыгы жогорку кызмат адамдарынын расмий иш сапарларына тиешеси жок. Эң көп каттаган багыттары — Тамчы, Ош жана Жалал-Абад (азыркы Манас) шаарлары. Ташиев өзү Манас шаарынан болот. Манас жана Ошто анын ата конушу, бир туугандары жана бизнестери бар.