Материалдын түп нускасы «Азаттык» радиосунун сайтында жарык көргөн. Материалдын автору — Бактыгүл Чыныбаева.
Кыргызстанда коронавирус жуккан 3 158 медиктин жетөөнө эле 200 миң сомдон кенемте берилди. Каза болгон 70тен ашуун медкызматкердин 18инин гана жакындары бир миллион сомдук кенемте алышты. Ал эми «кызыл зонада» иштегендердин канчасы кошумча акы алганы белгисиз.
Июль айында Кыргызстанда вирус күчөп, медайымдар, дарыгерлер жетишпей жатканда кесиби боюнча медайым Гүлназ Орозалиева өкмөттүн чакыруусу менен мурдагы америкалык базанын аймагындагы «Семетей» обсерваторунун «кызыл зонасына» ишке кирген.
Июлдун акыркы жумаларынан тартып августтун ортосуна чейин 10 күндөй оор абалдагы бейтаптар жаткан реанимация бөлүмүндө эмгектенген. Азыр ал «Кызыл зонада» иштегени үчүн эмгек акысын доолап, көрүнгөн эшикти кагып жатканын айтып берди:
— Башында бизди жакшы эле кабыл алып, иштетишкен. Анан иштеп бүткөндө айлыгыбыз 15-17-августта эсепке которуларын айтышты. Ошондон бери күтүп отурабыз. «Күнүнө 2500 сомдон» дешкен. Берки ооруканада иштегендерге канча кошулганын билбейм. Негизи «Гансиде» 10 күндөй иштедим, андан кийин ал жакты жаап, мейманканадагы обсервацияга алып барышты. Биз айлыкты талап кылсак, министрлик баланска акча түшөй жатканын айтууда. Бизди «Гансидеги» обсерватордон Өзгөчө кырдаалдар министрлиги абдан жакшы караган. Үч маал ысык тамак, компот, бөтөлкөдөгү суудан бери беришти. Ал эми мейманканада ачылган обсерватор бири-бирине шылтап эле бизге кам көргөн жок. Абдан кыйналдык, бейтаптарды дарылоого шарт жок эле.
Анан биз нааразы болсок «обсервация жакпаса, чыгып кеткиле» дегенге чейин барышты. Эмгек акыбызды албай кантип басып кетебиз?
Кийин акчаны талап кылсак, бизди иштеткен башкы дарыгер, медайымдар «кааласак, «таптакыр иштеген жок» деп табелден өчүрүп салабыз. Айлыгыңды бербей койсок эмне кыла аласың? Колуңдан эмне келет?», - деп коркутушту. Мени менен бир нөөмөттө алты киши иштеп жатты. Эки дарыгер, эки медайым жана эки фелдшер. Алар да мага окшоп акча качан түшөрүн күтүп отурушат.
Маркумдун документтерин артка кайтарышкан
Ысык-Ата районунун Новопокровка айылынын «Тез жардам» кызматынын фелдшери Валерий Гаук вирус күчөп турган маалда айылдын элин өзү жалгыз тейлеп, июндун аягында ооруну жугузуп алып «Ганси» обсерваторуна кайрылган.
Обсерватордо шарт жоктугунан улам Гаук өз каалоосу менен ооруканадан чыгып, үйүндө, ата-энесинин көз алдында жан берген. Гауктун артында эки уулу калды.
Анын бир тууганы Ирина каза болгон дарыгерлерге берилери айтылган бир миллион сомдук кенемтени алыш үчүн министрликке тийиштүү документтерди тапшырганы менен оң жооп алган эмес.
— Биз документтерди тапшырдык, бирок бир нече күндөн кийин министрлик аны кайтарып берди, - деди Ирина. - «Ичинде айрым нерселер толук эмес экен» дешти. Эмне кемчилик экени деле эсимде жок, бирок алар талап кылган бардык кагаздарды чогултуп бергенбиз. Комиссия чогулуп карап чыгыптыр, чын эле Валерий оорудубу же жокпу - баарын текшеришсе керек деп ойлоп калдым. Биз муну менен токтоп калбай, кенемте алыш үчүн документти толуктап, кайра кайрылабыз. Себеби, балдары жаш. Жубайы азыр анын ордуна айылдагы «Тез жардам» кызматында фелдшер болуп иштеп жүрөт.
200 миң сомду кимдер алды?
Саламаттык сактоо министрлигине эпидемия менен күрөшүүдө дарыгерлерге кошумча акы, кенемте төлөө үчүн март айынан июлга чейин 785,4 миллион сом бөлүнгөн. «Кызыл зонада» иштегендердин айлык акысына да кошумча акча төлөнөрү жөнүндө башында убада берилген. Бирок, алардын канчасы бул төлөмдү алган-албаганы тууралуу азырынча так тизме жок.
Министрликтин финансы бөлүмүнүн жетекчиси Мухтарбек Баймырзаев бөлүнгөн акчанын эсебин мындайча түшүндүрдү:
— Илдет жуккан жети медицина кызматкерине 200 миң сомдон кенемте берилди. Каза болгон 18 медиктин үй-бүлөсүнө 18 миллион сом төлөдүк. Ал эми эпидемиянын алдын алуу жана күрөшүү максатында ишке тартылган адистердин кошумча эмгек акысы үчүн март-июль айларында бюджеттен 785,4 миллион сом каражат бөлүнүп, анын баары иштегендерге төлөндү. Кийинки этаптагы каржылоо бүгүн-эртең чечилгени турат.
Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 3159 медкызматкерге жукту, алардын 2616сы айыкты, каза болгондор 70тен ашты. Буга чейин кенемте алыш үчүн миңге чукул дарыгер кайрылган.
Саламаттык сактоо министрлигиндеги кенемте бөлүштүрүү боюнча комиссиянын жетекчиси Индира Турганбаева эмне себептен арыздар четке кагылып жатканын мындайча түшүндүрдү.
— Эксперттик комиссия алардын документтерин кылдат иликтеп чыккандан кийин кайра кайтарып жатат. Дарыгерлер акча алыш үчүч документтерди туура эмес толтуруп жатканы бир нече ирет айтылган. Сөз 200 миң сом тууралуу болуп жатат. Эртең эле укук коргоо органдары бир жерден ката кетсе, кылмыш ишин ачып коюшу ыктымал. Дарыгерлердин эле кызыкчылыгын көздөп жатабыз. Азыркы күнгө чейин миңдей дарыгер ооруп калганы үчүн «кенемте алабыз» деп кайрылды, каза болгон 18 дарыгердин бардык документи толук болгону үчүн кенемте төлөндү.
Өкмөт коронавирустун очогунда иштеген медицина кызматкерлеринин айлыгына жылдын аягына чейин кошумча төлөм үчүн дагы 640 миллион сом бөлдү.
Бул тууралуу 8-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов айткан:
— Канчасы үстөк пулга берилери табелдин негизинде эсептелип чыгат. Ай сайын буйрук чыгарып отурбастан, жылдын аягына чейин деп болжолдуу сумма катары 640 миллион сомго токтом чыгардык. Ошону ай сайын канча керек болсо алып турушат, эгер жетпесе кошуп беребиз, ашып калса кайра бюджетке кайтарабыз.
9-сентябрда коронавирустан бир адам каза болуп, 87 кишиде оору жаңы катталды.
Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44 613 адамга жукту, алардын 40 336сы айыкты, 1063 бейтап каза болду.