Башкы прокуратура «Бир Болдун» талапкери Норвегиянын консулу экенин аныктады

Сүрөт Айжан Чыныбаеванын баракчасынан алынды

Башкы прокуратура «Бир Бол» партиясынын талапкери Айжан Чыныбаева бир учурда Норвегиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу экенин аныктады.

Мыйзамга ылайык, ардактуу консулга саясий иш менен алектенүүгө тыюу салынат. Көзөмөл орган Тышкы иштер министрлигине аталган бузууларды жокко чыгаруу үчүн эскертүү жөнөттү.

Ал эми Чыныбаева өзүнүн фейсбук баракчасында Норвегиянын Кыргызстандагы ардактуу консул кызматынан убактылуу чететилгенин билдирди.

«Мен консулдук кызматымды токтотуу тууралуу ТИМге расмий түрдө билдирүү жөнөткөнмүн. Белгилей кетсем, ардактуу консулдар алар көрсөтүп жаткан мамлекеттерден маяна алышпайт. Мен консулдук ишмердүүлүгүмдү өзүмдүн эсебимден төлөп, сырттан каржылоо албаймын», — деди Чыныбаева.

Коомчулукта Айжан Чыныбаева экс-президент Роза Отунбаеванын жээни деп айтылып жүрөт. Мындан сырткары Чыныбаеванын жолдошу Арсланбек Кенебаевдин бир тууганы Айжан Кенебаева Максим Бакиевдин аялы экени да белгилүү.

Чыныбаева «Бакиевге да Отунбаевага да» тиешеси жоктугун белгилеп, «өз алдынча инсан» экенин айткан. Ошол эле учурда ал мурдагы президенттер менен тууган байланышы бардыгын тастыктаган да, төгүндөгөн да эмес.

Мындан сырткары, Башкы прокуратура Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын «М.К.» инициалдары менен белгиленген мүчөсү Кадамжай райондук Социалдык фондунун башчысы болгонун аныктады. Аталган бузууну жоюу үчүн прокуратура органдары социалдык фондго билдирүү жөнөттү.