Видео: Ала-Тоо аянтына жакын жерлерге күч органдарынын кызматкерлери топтолууда

В Бишкеке проходит митинг несогласных с итогами выборов. На площади Ала-Тоо собралось около 2 тысяч человек.

Posted by Kloop on Monday, October 5, 2020

Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун нааразычылык акциясы уланууда. Учурда борбордук аянтта парламентке өтпөгөн бардык партиялардын лидерлери жана тарапташтары чогулуп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда.

Айрым ЖМКлар аянтта 2 миңден 4 миңге чейин адам чогулганын кабарлады. Ошондой эле митингге чыккандар «Жээнбеков кетсин! Матраимов камалсын!» деген чакырыктарды да айтып жатышат.

Митингчилерге «Бүтүн Кыргызстан» жана «Мекенчил» партияларынын лидерлери Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев да кошулду. Алдын ала жыйынтык боюнча бул эки партия Жогорку Кеңешке өтүшү мүмкүн. Бирок буга карабастан алар шайлоо «таза эмес» өткөнүн ырасташууда.

Ал эми Борбордук аянттын айланасында жана ага жакын жерлерде күч түзүмдөрүнүн жүздөп саналган кызматкерлери топтолуп жатат. «Апрель» кырдаалды ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев көзөмөлгө алаарын кабарлады.

А вот что происходит сейчас на Старой площади. #апрельтв #шайлоо #выборы #кыргызстан

Posted by Телеканал «Апрель» on Monday, October 5, 2020

Бишкек ШИИБинин жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев милиция митингчилерге карата газ жана граната колдонбойт деп ишендирди. Бирок социалдык тармактарда тараган сүрөт жана видеолордон аянт жакка суу чача турган оор унаалар да тартылганын көрүүгө болот.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Алдын ала эсептөөлөр боюнча парламентке «бийликчил» делген «Биримдик», Матраимовдорго тиешеси бар «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары өткөн. Ошондой эле Жогорку Кеңешке «Мекенчил» өтүшү мүмкүн — партияга 7 пайыздык босогону кечүү үчүн 0,2% жетпей турат.

Шайлоонун жыйынтыгын азырынча алдыңкы эки орунду алган партиялар гана таанышты.