Оштук укук коргоочу тергөө абагында «мыйзамсыз» кармап, кыйноого алгандыктары үчүн бийликти сотко берип, 30 млн сом утуп алгысы келип атат

Ош шаарындагы «Правосудие-Истина» укук коргоо уюмунун жетекчиси Равшан Гапиров доо арызы менен шаар бийлигинен жарым миллион сом жеңип алган, бирок компенсациянын өлчөмүнө ыраазы эмес. Ош ИИБси бул доо арыз боюнча соттун жыйынына катышпагандыктарын жана бул иш боюнча эч нерсе билбей тургандыктарын билдиришти. 

«Правосудие-Истинанын» жетекчиси Ош шаарынын бийлиги менен соттошууну улантат — ал Ош шаардык сотунун март айындагы укук коргоо органдары менен прокуратураны 440 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген чечимине канааттанган эмес, деп билдирет «Эдвокаси Центр» өкмөттүк эмес уюдардын ассоциациясы.

Укук коргоочу өз макалалары менен улут жана дин аралык карама-каршылыкты козуткан деген күнөө менен 2008-жылы Ош шаарынын ИИБсинин тергөө абагында 9 ай камакта жаткан.

Анда ага карата бир жыл эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарышкан. Бирок Гапиров кассациялык арыз жана теологиялык экспертиза өткөрүү өтүнүч катын жазып, анын жыйынтыгында акталып чыккан.

Бошотулгандан кийин Гапиров камакта жатканда анын ден соолугу бир топ начарлагандыгын билдирген. Алсак, анын көзүнүнүн көрүүсү начарлап кеткен, деп жазылган «Эдвокаси Центр» уюмунун билдирүүсүндө.

Эки жылдан кийин укук коргоо органдары Равшан Гапировдун уулу Фаррухту кармашкан. Ал өлкөнүн түштүгүндө 2010-жылдын июнундагы кыргыздар менен өзбектер ортосундагы улут аралык кагылыш учурунда курал жарак сактап, аларды ташууга күнөөлөнгөн.

Фаррух Гапировдун айтымында, камакта жатканда аны 4 ай бою кыйнашкан.

«Эдвокаси Центр» уюмунун маалыматы боюнча, Равшан Гапиров ага келтирилген зыян үчүн компенсация катары 10 миллион сом жана анын уулун кыйнагандыктары үчүн 20 миллион сом талап кылып жатат.

Ош шаардык ИИБсинин өкүлү анын мекемесинин кызматкерлери бул иш боюнча сот жыйындарынын биринде да катышпагандыктарын жана эч кандай компенсация төлөп бербегендиктерин билдирди.

Автор: Карина Жолдошева

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт ”Азаттык” радиосунун сайтынан алынды