Кыргызстанды саясий кризистен чыгарып кетүүгө дарамети жете турган расмий бийлик - парламент. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга толук чогулбай жатышат. Толук курам бир чечимге келип, абалды жөнгө салуучу кадамдарга барса максатка ылайык болмок.

«Клооптун» журналисттери түрдүү саясий агымдардын тарабын жактаган, айрым учурда мындай хаостон чыгуу жолдорунда карама-каршы пикирди карманган төрт депутаттын пикирин чогултту.

КСДПнын депутаты Элвира Сурабалдиева шайлоого «Ата Мекен» партиясы менен катышты.

Басым жана президентке импичмент жарыялоо боюнча. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ындыны өчтү. Анткени аларды коркутуп-үркүтүп, Садыр Жапаровду колдогула деп кол койдуруп жатышат. Коркутканда дагы, криминал, кылмыш дүйнөсүнүн жардамы менен басым кылып жатышат. Алардын басымдуу бөлүгү президенттин адамдары экенин эсиңерден чыгарбагыла. Көпчүлүгү бийликтин партиясынан, дал ушулар үчүн революция болду. Нааразычылыктар күчөп, Ак үйдү басып алуу менен аяктады.

Мындай басым кылуу Садыр Жапаров жана президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигин, легитимдүүлүгүн сактап калууга умтулган криминалдык топтор тарабынан болуп жатат. Де-юре президент бар, бирок де-факто өлкөдө саясий кризис күч алды. Революция кылгандар түштүктө, айрым бир участкаларда күч колдонуп жүрүшөт. Бирок нааразы болгон жалпы масса эски бийликтин кайрадан келишине каршы болуп жатат.

«Жаннат» отелиндеги 7-октябрдагы депутаттардын жыйналышы. Отелде депутаттар чогулду, тактап айтканда биз бул процесстерге катышкандарды чогулттук. Оппозициячыл-партиялардын төрагалары чогулду, бирок бардыгы эмес. Бир пикирге келип, президентке импичмент жарыялоо демилгесин легитимдештирүү үчүн келгенбиз. Бирок депутаттарды коркутуп коюшуптур, алар макулдук берүүдөн чочулап жатышат. Албетте, импичментке каршылары бар, макулдугун берүүдөн корккондору дагы бар.

6-октябрда «Достуктагы» жолугушуу боюнча. Процесс ачык-айкын болбосо, журналисттер чакырылбаса, демек ал жакта же басым, агрессия болуп жатат же кандайдыр бир соодалашуу жүргөн. Айтыш кыйын.

Мындан ары эмне болот? Эртеби-кечпи өлкөдө саясий кризис болмок, анткени ар бир революциянын арты оор, кыйынчылыктар көп. Бул дайыма болуп келген. Бүгүнкү күндө мындай абалдан пайдаланып калалы дегендер — криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрү, эски бийликтин жакындары, президенттин айланасындагылар бар. Алардын арасында, массаны топтоп, өзүнө революционер деген имидж жараткысы келген Садыр Жапаров дагы бар. Бирок анын артында дагы криминал, Жээнбековдор, Матраимовдор турат. Жапаров аларды мыйзамдаштырууну максат кылып жатат.

Азыр оппозиция бир нече топко бөлүнүп жатат, бул өтө көп күч-кубатты алган, татаал процесс. Чечим кабыл алуу жана биригүү борбору улам бир тарапка ооп жатат. Ошол эле топтор коалиция, альянс түзүп башташты. Бир нече адам. Биз өтө олуттуу сунуш менен чыгабыз, азыр майда-баратын аягына чыгаруу, макулдашуу гана калды. Бүгүн кечинде же эртең эртең менен элге жарыяланат.

Эгерде депутаттар макулдугун бербесе, митингге чыккандар кайрадан чогулушат. Айла жок, революция күнү болгондордун баарын кайра чакырууга туура келет. Абал ушуга түртүп жатат. Анткени Садыр Жапаровдун тарапташтарын кайра-кайра чогултуп, акча таратып, спирт ичимдиктерин берип, Өкмөт үйүн талкалагыла деп айдактап жатышпайбы. Адамдарга акча төлөп, тамак-ашын камсыздап, арактан берип, алар криминалдык топтор менен бирге Өкмөт үйүн басып калууга камылга көрүп жатышат.

КСДПнын депутаты Анвар Артыков, шайлоого «Социал-демократтар» партиясынын катарынан барган. Алар экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдошот.

«Жаннат» отелине 7-октябрь күнү чогулган депутаттар жана президентке импичмент жарыялоо тууралуу. Кечээ кворум топтоп, бир пикирге келип, Жогорку Кеңештин ачык сессиясын, жуналисттердин катышуусунда өткөрүүгө аракет кылдык. Анда мыйзам боюнча жаңы төрага шайлап, премьер-министрликке талапкер сунуштамакпыз. Тилекке каршы, кворум чогултуу мүмкүн болгон жок. Жыйынга болгону 32 депутат келди. Айрым депутаттар макулдугун билдирип, бирок «ишеним кат берүүгө макулбуз, каалаган кагазыңарга кол коюп беребиз, бирок өзүбүз келбейбиз» дешти. Мындай сөздү айтууга ар кимдин өз жүйөөсү бар.

Андан кийин президенттен өз каалоосу менен кетүү тууралуу арыз болбогон соң, ага импичмент жарыялоо маселеси каралды. Мыйзам талаасына кирүү үчүн 32 депутаттан турган топ айып тагуу процессин баштап, импичмент процедурасына киришүүнү демилгеледик. Калган депутаттарга кайрылып, чогулуп бул демилгени колдоп бергиле дедик. Мыйзам боюнча 40 депутат айып тагып, президентке импичмент жарыялоону демилгелесе болот. Аны сессияда 60 депутат колдошу керек.

Ал жерде, комиссия түзүү деген эреже бар. Бирок бул формалдуу нерсе, 1-2 күндүн аралыгында ишке ашырууга болот. Анткени факты бар, далилдер жетиштүү. Айып негиздүү деген прокуратуранын жыйынтыгы болушу керек, андан соң депутаттар президентке импичмент жарыялашат. Биз депутаттарды чогултуп, импичмент маселесин чечүүгө чакырып жатабыз.

Билесизби, «жашыруун» деген сөздү депутаттардын жыйынына колдонууга болбойт. Бир-эки адам чогулуп, кайсыл бир маселени талкууласа жалпы коомду аралаштыруунун кажети жок. Бизде кворум болгон жок, жалгыз легитимдүү орган парламенттин ишин кантип калыбына келтиребиз деген суроону өз ара талкуулап жаттык, бул жашыруун маселе эмес. Бул Жогорку Кеңештин сессиясы эмес, бардык саясий күчтөрдү укуктук нукка түшүүгө, депутаттардын толук курамын чогултуп, иш баштоого үндөгөн депутаттардын чогулушу, демилгечил топтун жыйыны болду. Бул жерде жашыруун эч нерсе жок.

Башында бардыгы эле макул боло койгон жок. Биз 32 депутатпыз, мыйзам боюнча 40 болушу керек деген сөздөр болду. Биз баштай берсек, калгандары деле кол коет деп айттык. Бул сунушка каршы чыккандар болгон жок. Мыктыбек Абдылдаевден башкасы, импичментти колдошту. Абдылдаев дагы бар болчу, кагазды көтөрүп барышса кол коюудан баш тартты.

Депутаттарга карата басым тууралуу. Басым кылуу бардык жакта болуп жатат. Көпчүлүк: «Булар кайра бийликке келсечи, биз эмне болобуз?» деп коркуп турушат. Тирүү адам болгон чоң чочулашат, үй-бүлөсүн, бала-чакасын ойлошот. Менин айтаарым, кандай болгон күндө да артка жол жок. Артка кетебизби же алдыга жылабызбы, ар бирибизден көз каранды. Ал мени колдогондор гана эмес, ар бир жаранданкөз каранды. Бул толкундоолор жөн жерден чыккан жок да. Чынында эле, шайлоого нааразы болгон жалпы элдин толкундоосубу болдубу? Анда эмне себептен адамдар өлүп, шаар талкаланды? Биз же артка кетебиз, же алдыга жылабыз, муну өзүбүз мойнубузга алабыз… Кандай аташты дагы билбей калдым. Туура сөз тандай албай турам… Айтор, акчага, дагы бир нерсеге, криминалга - айтор кимисине болсо дагы жеңилгенибизди мойнубузга алууга туура келет.

Мындан ары эмне болот? Эгерде сессия өтө турган болсо, сөзсүз ачык, жалпы коомчулуктун, журналисттердин көз алдында болот. Мыйзам боюнча ушундай. Кечээ биз чечим кабыл алууга акыбыз жок эле. Кечээ демилгечил топ түзүп, президентке импичмент жарыяласак болмок. Бул демилгени колдобогон депутаттар эски бийликтин кызыкчылыгын жакташабы деп шектенип турабыз. Импичментке каршы же эски бийликти кайрадан орнотуу. Депутаттардын аң-сезимине аз да болсо таасир этүү үчүн ушул суроону койдук, түшүнсөңөр?

Депутаттар чогулса эле жыйын өткөрөбүз. Бул жыйынды эки күн мурда эле өткөрмөкпүз. Анда 40 депутат чогулган. Кечээ 32 депутат келишти. Айрымдар депуттарга басым болуп жатат дешүүдө. Касымаливачы… Мен Аида Касымалиеванын сүйлөгөнүн уктум, ал өзүн «элдик президенттин тарапташымын» деп атады. Комментарий кылуу деле ашыкча го дейм. Демек ал, добуштардын баарын сатып алган партиялардын, ошол депутаттардын … Алар кайрадан кайтып келүүгө аракет кылышууда. Башкача кандай атайбыз? Алар эски бийликти кайрадан орноткусу келип жатса? Демек, нааразы болгон элдин ичинде эмес. Шайлоо ыплас өткөнүн, сатып алуулар болгонун мойнуна алышпайт. Башка эмне болушу мүмкүн? Эски режимди кайра орноткусу келет. Мен ушундай түшүндүм.

Садык Шер-Нияз, «Ата Мекен» партиясынын депутаты. Бул жылы шайлоого катышкан эмес.

6-октябрда «Достуктагы» жолугушуу боюнча. Мен ал жакка кечигип бардым. Келип сөз сүйлөдүм, бирок каралган маселе боюнча эмне жыйынтык болгонун анча түшүнбөй калдым… Мага маанилүү телефон чалуу болгондуктан, сүйлөшүп келүү үчүн сыртка чыккам. Кайра келсем депутаттар тарап башташыптыр. Окуяны жарым-жартылай уккан бойдон калдым. Бүгүнкү күнгө карата айтчумду айттым, кошумчалай турган нерсе жок. Албетте, бүгүнкү абал мени кейишке салды. Таза шайлоо үчүн деп кыйкырып, кучакташып, ынтымак жана адилеттүүлүк деп жүргөндөр бир заматта баарын унутуп калганы өкүндүрдү. Эми президенттик, премьерлик үчүн кармаш башталды. Бул өтө уят, жоопкерчиликсиз кадам. Ансыз дагы араң турабыз. Мамлекеттин суверенитетине, бүтүндүгүнө доо кетиши ыктымал.

Депутаттарга карата басым тууралуу. Депутаттардын чогулбай жатышына таасир эткен факторлор көп. Алардын көпчүлүгү массалык түрдө добуш сатып алган партиялардын өкүлдөрү, демек эл алдына чыгыштан кооптонушат. Дагы бир фактор – криминал активдешти. Кылмышкерлер бийликке умтулуп жатат. Албетте алар өздөрү көнгөн жол менен барышат да. Коркутуп-үркүтүү, жазалоо, опузалоо ыкмаларын колдонушат. Мунун баары парламенттин ишине таасир берет. Саясатчыларды көчөдөн кармап ур-токмокко алып жатканын өзүңөр көрүп атасыңар. айрымдары ооруканада жатышат. Бул өтө коркунучтуу нерсе.

Мындан ары эмне болот? Жаңы өкмөттү түзүү боюнча кеңешмелер, даярдыктар көрүлүп жатат. Ал өкмөт кандай аталат азырынча белгисиз – убактылуу болобу же өткөөл мезгилдин дейбизби. Президентибиздин, массалык добуш сатып алууларды уюштурган партиялардын, алардын лидерлеринин мындан аркы тагдыры дагы талкууланып атат. Алар жоопко тартылабы деген маселе бар. Мунун баарына хаос менен криминал аралаша берсе, парламент көпкө чейин олку-солку боло берет.

Айрым саясатчылар, алардын ичинде мен дагы, бул окуяларга жоопкерчилик алгандар, парламенттин жыйынын өткөрүүнү дагы мойнуна алсын деп айтканбыз. Парламент легитимдүү орган катары, премьер-министрди шайлоо сыяктуу бардык зарыл суроолорго жоооп бериши керек эле. Болбосо, бир туруп премьер-министри жок калып, бир туруп эки премьер болуп атат. Бул маселеге чекит койбосо болбойт. Бирок, мындан дагы мурда ошол чукул жыйындын коопсуз өтүшү деген суроо турат. Керек болсо ички күчтөрдү, ИИМ, Коопсуздук кеңеш же Улуттук гвардияны чакырып коопсуздукту камсыздаш керек. Бул эч кандай басымы жок, ачык-айкын чечим болууга тийиш. Азырынча мындай кадамга эч ким бара албайт жана канчага уланат эч ким билбейт. Мындан ары эмне болоорун дагы билбейм.

Канатбек Исаев, «Кыргызстан» партиясынын депутаты. Быйылкы шайлоого аталган партиянын лидери катары барган.

Өлкөдөгү кырдаал тууралуу. Тилекке каршы кырдаал оор, баш аламандыктар күчүндө. 300-500 чамалуу жаш балдарды ээрчиткендер мамлекеттик иш-каналарды, мамлекеттик кызматтарды басып алышууда. Бишкекте түшкө чейин бир мэр, түштөн кийин башка мэр. Менимче, үч-төрт мэр алмашты. Ушул эле көрүнүш акимчиликтерде, айыл өкмөттөрдө да болуп жатат. Мен билгенден, эки адам премьер болом деп чуркап атат. Бул процессти оңой менен токтото албай калдык. Анткени бүгүн бирөө 2000 киши менен өкмөт үйүн басып алса, эртең башкасы 3000 киши менен басып кирсе, аягы түгөнбөйт. Биз кыска мөөнөттүн ичинде, чечкиндүү кадамдарга барып, бир пикирге келип, мыйзамдуу жолго түшүшүбүз керек.

Азыркы абал чоң тирешүүлөргө алып келиши ыктымал. Жакында эле, Мелис Мырзакматов [Оштун экс-мэри] сырттан учуп келди. Анын келиши, андагы чакырыктар аз жерден аймактык кагылышууларга алып келе жаздады. Бүгүнкү күндө Садыр Жапаров Ысык-Көлдөн, Өмүрбек Бабанов Таластан балдарды алып келип жатат деген маалыматтар бар. Бул улана берсе мамлекетибиз түндүк-түштүк гана эмес облус, район болуп бөлүнүп калат. Бул биздин өлкөнүн аялуу жери, абайлашыбыз керек. Биз буга жол бербешибиз керек.

Кыргыз эли биримдикти сактап калчу жолду тандашыбыз керек. Аймактар арасында баланс сакталышы зарыл. Эң незигиси - эгеменедүүлүк. Биздин ата-бабалар кылымдар бою эгемендик үчүн күрөшкөн, канчалаган адамдардын каны төгүлгөн. Биз болсо, кудайдын жардамы менен, бир дагы ок атпай эгеменедүүлүккө жетип алып, баалаганды билбей жатабыз.

Эмнеге парламент чогула албай жатат? Басым барбы? Азыр депутаттар толук чогулбай, абалды жөнгө сала турган кадамдарга барбай жатышат. Өкмөт башчы болом деген талапкер депутаттарды өзүнүн жанына, өз кызыкчылыктарынын айланасына чогултуп алды. Ошондуктан, аны колдогондору ошол жерге, колдобогондор экинчисине барып жатышат. Башында эле чогулуп, кырдаалды талкуулап - эмне болду? кайда барабыз? деген суроолорго жооп берип, анан гана талапкерлерди чыгарсак болмок.

Депутаттардын атын атаганыбыз туура эмес болуп калат, айрымдарынын телефондору өчүк, байланышка чыкпай жатышат, анткени мындайда криминал баш көтөрөт эмеспи. Көчөдөгү номуру жок машинелерди, милициянын жоктугун көрүп атасыңар. Милиция дагы ушундай эле абалда. Мисалы, Дастан Жумабековдун арызын эч кимибиз көргөн жокпуз. Биз деле силердей болуп ЖМКдан жана жыйынга келген депутаттардын оозунан уктук. Ал өзүнүн чечими. Биз менен кеңешкен эмес.

Мындан ары эмне болот? Биз башка партиялар менен кеңешип, сүйлөшүп жатабыз. Менимче жакында чогулабыз, сөзсүз. Бир нече депутат гана байланышка чыгып жатат, калгандары коркуп жатышат же башка көйгөйлөрү бардыр. Бир-эки күндө жыйын өтөт деп айтышкан. Ал убакыт деле өтүп кетти. Кворум болсо чогулсак керек.

Президентке импичмент жарыялоо боюнча, бул маселе күн тартибине коюлса, ошондо ойлонуп, чечим кабыл алабыз. Бүгүн президентти колдойм же колдобойм деп айта албайм. Кандай кылмыштары үчүн импичмент жарыялоого боло турганы мыйзамда так жазылган. Кимдир бирөө демилге көтөрүп жатса, демек далилдерин кошо бериши керек. Дароо эле айтып коеюн, мен Жээнбеков менен сүйлөшкөн жокмун. Анын кайда экенин, телефонунун номурун дагы билбейм. Мүмкүнчүлүк болуп калса, жолугуп, бүгүнкү абалды талкуулоого даярмын.

Саясатчы менен маектин толук версиясы Би-Би-Си Кыргыз кызматынын расмий сайтында.

Авторлору:

Елена Короткова, Амина Кадралиева,

Александра Титова, Айдай Токоева.