Парламент башкы прокурорду кызматтан алуу маселесин карап жатат

Жогорку Кеңештин депутаттары 21-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында жыйын куруп жатышат. Анын алкагында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси да каралып жатат.

Парламенттин төрагасы Канат Исаев жыйынга 90 депутат келгенин кабарлады.

Жогорку Кеңештин жыйыны (21-октябрь 2020-жыл)

Жогорку Кеңештин жыйыны (21-октябрь 2020-жыл)

Posted by Kyrgyz Azattyk Unalgysy on Tuesday, October 20, 2020

Алгач Жамшитовдун «өз калоосу менен кызматынан кетүү» боюнча арызын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети карап жактырды.

Конституция боюнча, Жамшитовдун отставкасын президент Жогорку Кеңештин уруксаты менен кабыл алышы керек. Учурда өлкө башчынын милдеттерин премьер-министр Садыр Жапаров аткарып жатат.

Ал эми Башкы прокурордун ордуна «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев сунушталууда. Ал 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен катышкан.

Буга чейин Садыр Жапаров «Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы кылып дайындаган. Парламенттик шайлоого Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров «Мекенчил» партиясы менен катышкан. Ал эми премьер-министр Жапаровдун сүрөттөрү үгүт баннерлеринде колдонулган. Ташиев Жапаровдун жакын досу болуп саналат.