Текебаев: Президентке ийилип салам берген Түркмөнстан болосуңар

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев референдум өткөрүп Конституцияны өзгөртөбүз дегендер менен парламенттик шайлоону учурдагы мыйзам боюнча өткөрүү керек деп талашып жаткандар боюнча пикирин айтты. Ал бул эки жолду тандаганда анын жыйынтыгы менен кесепеттери кандай болорун божомолдоду.

Учурда Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары президенттик башкаруу болуп, парламент бир мандаттуу система менен келсин дешсе, жарымы партиялык система сакталып, болгону шайлоо босогосу менен күрөө төмөндөтүлүшү керектигин айтышууда.

«Эми максатты ачык айтыш керек. Эки көз караш турат, шайлоону өз убагында өткөрүп, жаңы келген депутаттар элге берген убадасын аткарып ким утуп келсе Конституциялык реформаны баштай берсин деген бир тарап турат. Экинчиси шайлоону өткөрбөйлү, ар кандай шылтоо менен үзгүлтүккө учураталы, Конституцияны уруп ойнобойбуз, элдин талабы деген талапка жамынып алып, накта президенттик бийлик формасын жасайлы деген тарап турат», — деди ал.

Текебаев ошондой эле, эгер президенттик башкарууну жактагандардын сунушу өтө турган болсо «Кыргызстан кудум эле Түркмөнстандын кейпин кийип кала турганын» белгиледи. Ошондой эле, башкаларга азыр мактанып айтып жаткан көз карандысыз парламент жоголорун кошумчалады.

«Эгер андай тартип келе турган болсо мен элге дагы жоопкерчилик менен айтам Түркмөнстандын парламентиндей болуп жүгүнүп туруп кол чаап турасыңар. Арабызда жүгүнүп туруп кол чаба тургандар бар. Ал келет, келе жатат. Аны каалагандар айтып жатат», — деди Текебаев.

Эл өкүлү өз сөзүндө Кыргызстанга жана элдин менталитетине учурда иштеп жаткан система ылайыктуу экенин белгиледи. Себеби, азыркы парламент ачык болгондуктан талаш-тартыштар болуп андан тактык жаралат.

«Ушундай ачык системаны сактабайлыбы?! Туура кемчилиги бар. Жаңы бут кийимди кийсең деле бир жери бутуңду кысат. Азыр Конституциянын кайсы жеринде кемчилиги бар экени билинди, мына ошону оңдоп бербейлиби шайлоодон кийин?» — деди ал.

Текебаев учурда түзүлгөн чаржайыт кырдаалдан чыгуунун бир эле жолу бар экенин, ал шайлоо экенин белгиледи.