Орусия президенти Владимир Путин 22-октябрда «Валдай» талкуу клубунун аянтчасында Кыргызстандагы абал боюнча оюн билдирди. Анын айтымында, азыркы болуп жаткан окуялар «кыргыз элинин шору».
«Шайлоо сайын төңкөрүш болот. Билесиздерби, бул эмнени айгинелейт? Көп мамлекеттер мамлекеттүүлүктү түптөө, өнүгүү маданиятындагы алгачкы кадамдарын шилтеп жатышат», — деди ал.
Путин кесиптештерине бир нече жолу мурдагы советтик өлкөлөргө өзгөчө көңүл буруу керектигин жана «мамлекеттүүлүктүн бүчүрлөрүн абайлап колдоо зырылдыгын» айтып келгем деп белгиледи. Анын айтымында, суверендүүлүктү жана ич ара мамилени бузбоо үчүн өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөө керек.
«Идиш дүкөнүнө мурдун тыккан пилдей болуп сунуш киргизип, миллиондоруң менен бир же дагы башка даректи каккылап, бир туруп бир тарапты, бир туруп башка тарапты колдоп кийлигишпей эле жөн гана үлгү көрсөтсө болот», — деп белгиледи Орусиянын президенти.
Анын айтымында, Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүү үчүн көп иштер жасалган — «экономиканы жана өндүрүштүн ар тармактарын колдоо үчүн жүз миллиондогон доллар бөлүндү. ЕАЭБге ыңгайлашуусуна шарт түзүлдү. 500 миллион долларлык долбоор ишке ашырылды.
«Бирок, албетте ал жакта болуп аткан окуяларга өкүнбөй, кооптонбой коё албайбыз. Бирок, көңүлүңүздөрдү буруп коёюн, биз ал жакка кайсы бир саясий күчтөрдү колдоо үчүн кеңешибизди, насаатыбызды берет элек деп кийлигишип, киришпейбиз. Биз Кыргызстанда бардыгы калыбына келет, өнүгөт, биз эң жакшы мамилелерибизди сактап калабыз деген ойдобуз», — деди Путин.
Буга чейин орусиялык ЖМКлар Каржы министрлигиндеги булагына таянып, Орусия Кыргызстанга карата каржылык колдоонун бардык түрүн убактылуу токтотот деп жазган болчу.
Мындан тышкары, орус тарап Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн Евразиялык стабилдештирүү жана өнүгүү фондунан 100 млн доллар өлчөмүндөгү насыя бөлүүнү кечеңдетип жатат. Бул тууралуу макулдашууга үстүбүздөгү жылдын август айында кол коюлган. Насыя 2020-жылдын 7-октябрында колго тийиши керек эле.
«Жыл сайын Орусия тараптан Кыргызстанга бюджеттин таңкыстыгын жабуу жана аскер кызматкерлерин колдоо багытында 50 млн долларлык акысыз гранттар бөлүнүп келген. Муну менен катар, Орусия “Газпром-нефть Азия” үчүн акча которууларына чектөө койгон, тактап айтканда, акча которууларга бул чектөөлөр тиешелүү эместигине карабай, 1 акча которуу үчүн 1 млн долларга чейин чектелген», – деп жазды Tazabek басылмасы.
Өлкөдөгү саясий кризис
Кыргызстанда саясий кризис уланып жатканына эки жумадан ашты. БШК 4-октябрда шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялагандан кийин 5-октябрда жарандар борбор калаанын башкы Ала-Тоо аянтына чыгып, нааразылыгын билдиришкен.
БШК жарыялаган жыйынтыктарга ылайык, жетинчи чакырылыштын Жогорку Кеңешине учурдагы бийликке жакын делген партиялар өткөн — «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан».
Ошол эле күнү кечинде митингчилер менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ортосунда кагылыш болуп, натыйжада Ак үй митингчилердин колуна алынган. Башаламандыктар учурунда митингчилер абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, экс-премьер-министр Сапар Исаковду жана экс-депутат Садыр Жапаровду бошотуп кетишкен.
Кийинчерээк Жапаров өзүн-өзү премьер-министр катары дайындап, ал эми бир катар депутаттар аны эки жолу премьер-министрдин милдетин аткаруучу деп шайлашкан. Бирок бул чечимге активисттер менен башка депутаттар да каршы чыгып, Жапаровдун шайланышы легитимсиз болгонун билдиришкен.
Анткен менен алтынчы чакырылыштын депутаттары 10-октябрда дайындоонун легитимдүүлүгү үчүн кворум чогултуп, Жапаровду кайрадан премьер-министрлик кызматка бекитишкен.
Жапаров премьерлик кызматына киришкенден кийин, президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кыларын билдирген.
Президенттин отставкага кетүүсү боюнча сүйлөшүүлөр бир нече күнгө созулуп, бирок 15-октябрь күнү Жээнбеков кызматтан кеткен. 16-октябрь күнү эле Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Анткени парламенттин спикери Канат Исаев бул ыйгарым укукту алуудан баш тарткан.