Унаа тыгындарын пайда кылып, санитардык нормаларга жооп бербегендиктен Оштогу унаа базарын шаардын сыртына көчүрүшөт

Шаардагы жалгыз унаа базарынын Жапалак айыл өкмөтүнө көчүрүлүүсүнө анын санитардык нормаларга жооп бербегендиги, айланасындагы унаа тыгындары жана жерлерди «мыйзамсыз» ээлеп алуулар себеп болду, деп айтышты Ош мэриясынан. Көчүрүүнүн мөөнөтү азырынча белгисиз. Унаа базарынын өкүлдөрү мэриянын күнөөлөрүн четке кагышты.

Шаардын батыш жагындагы Мамыров көчөсүндө жайгашкан унаа базарынын үстүнөн даттануулардын саны көбөйүп кетти, деп билдирди Ош шаарынын мэриясы.

Жергиликтүү бийликтин билдирүүсүндө базар дем алыш күндөрү көптөгөн унаа тыгындарын пайда кылып жатат, деп жазылган.

Ошондой эле мэрия базардын ичинде санитария «такыр эле жок» экендигин белгилейт. Анын айланасындагы ашканалар санитардык нормаларга жооп бербейт жана аларда канализация жок, ал эми унаа базарынын артында таштанды таштай турган чоң чуңкур оорун алган.

«Алгач, шаардын башкы планында бул объект базар катары каралган эмес. Анткени, адамдар өтө эле көп чогула турган объектилер жергиликтүү жашоочуларга тоскоолдуктарды жаратпашы үчүн шаардын сыртында оорун алышы керек», — дейт Ош шаарынын архитектура жана курулуш бөлүмүнүн жетекчиси Муратали Борбоев.

Борбоев “Клоопко” берген маегинде унаа базары сегиз жылдан бери эч кандай уруксаты жок иштеп жаткандыгын айтты.

Мындан улам, мэрия унаа жана тетиктерди сатуу үчүн аларга Жапалак айыл өкмөтүнөн 10 гектар жер бөлүп берген.

Унаа базарынын кызматкери Ырыспек базар 20 жылдан бери «мыйзамдуу негизде» иштеп келе жаткандыгын айтты.

«Эгер ал жерде МАИ кызматкерлери турса эч кандай унаа тыгыны болбойт. Бардык шарттары жакшы, унаалар үчүн орундар көп. Алар эмнеге туруп туруп эле ушинтип жатышат? Буга чейин баары мыйзамдуу болчу, азыр болсо мыйзамсыз деп атышат» — дейт Ырыспек.

Айдоочу Маматбай Пирматов болсо базарлардын бардыгы тең унаа тыгындарын пайда кылаарын айтып, баарын шаар четине чыгарыш керек деп мыскыл катары айтты.

«Унаа базарын гана эмес, башка бардык базарларды да көчүрүү керек. Өзгөчө дем алыш күндөрү ал жакта дайыма тыгындар. Жолдорду да бир тараптуу кылыш керек», — деди Пирматов.

Жеке кичи автобустун айдоочусу тескерисинче, базардын жайгашкан жери «ыңгайлуу» деп эсептейт.

«Базарды көчүрбөш керек. Эгер шаардын сыртына чыгарып салышса адамдарга алыс баруу ыңгайсыз болот. Азыр ал эч кимге тоскоол болбой эле. Унаа тыгындары болсо, кээде эле болот», — дейт ал.

Ош шаарындагы унаа базары 20 жыл мурун ачылган. Ал 2004-жылы расмий түрдө шаардын курамына кирген.

Автор: Дастан Үмөтбай уулу

Редакторлор: Улугбек Акишев жана Айзат Шакиева

Которгон: Илгиз Чалбараков