ЖК соцөнүгүү министринин кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин депутаттары 25-ноябрда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилигине Ализа Солтонбекованын талапкерлигин жактырды.

Солтонбекова тууралуу маалымат менен премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков тааныштырды. Солтонбекова 2018-жылдын ноябрь айынан баштап эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басарлык кызматын аркалап келген.

Буга чейин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин Улукбек Кочкоров жетектеген. Ал кызматтан бошотулгандан кийин министрлик орунга социалдык блок боюнча мурдагы вице-премьер Аида Исмаилованын талапкерлиги каралган. Бирок депутаттар Исмаилованын пандемия учурунда парламенттик шайлоо иштерине кетип калгандыгы үчүн сынга алып, анын социалдык өнүгүү министрлик кызматына талапкерлиги колдоо тапкан эмес.