Ысык-Көл облусунун жашоочусу милиция кызматкерлерин «кыйноого алып», «тоноду» деп күнөөлөп жатат

Канатбек Жайлобаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык айылынын милиция кызматкерлерин «кыйноого алган» деп күнөөлөп жатат. ИИБнин башчысы жабыр тарткан адамдын көрсөтмөлөрүн «карап, түшүнүп алуу керек» деп, күнөө коюуулар жөнүндө түшүндүрмө берген жок.

Жабырлануучу «Клоопко» билдиргендей, 9-июлдан 10-июлга карган түнү аны Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын төрт кызматкери «сабап» кетишкен. Алардын биринин аты Жанарбек болгон.

Жабырлануучунун айтымында, ал кечинде автобекет жакта кетип баратып, бир кыздын жардамга чакырган үнүн угуп калган. Кыздын жанына  барып милиция кызматкерлери бир баланы «уруп» жаткандыктарын көргөн, жардам берип баштаганда аны да кошуп «сабашкан».

Ал кошумчалагандай, милиция кызматкерлери буттары менен тээп, муштумдары менен соккулашкан. Ошондой эле темир күркөнүн дубалына башы менен «сүздүрүшкөн». Ал эс-учун жоготуп койгон. Андан кийин милиция кызматкерлери аны ооруканага алып барышкан.

«Мен операцияда жатканда эсиме келдим. Мен көзүмдү ачсам башымды тигип жатышыптыр», – дейт Жайлобаев.

Милиция түшүндүрмө берген жок

Операциядан кийин милиция бөлүмүнө алып барышып, «сабап», «тоношту», дейт ал.

«Алар мменден «Акча барбы?» деп сурашты, мен башымды ийкеп жооп бердим. Жанарбек мени коркутуп, акчаларымды ала баштады», – деди Жайлобаев.

Айтымында, милиция кызматкерлери анын 400 сомун жана чөнтөк телефонун тартып алып, убактылуу кармоочу жайга бир күнгө камап коюшкан.

Ысык-Көл облусунун прокурору Бакыт Осмоналиев прокуратура Жайлобаевдин арызы боюнча эмнеге кылмыш ишин козгобой жаткандыгын айтуудан баш тартты.

Ысык-Көл ИИБсинин башчысы Мырзабек Исмаилов жабырлануучунун көрсөтмөлөрүн «карап, түшүнүп алуу керек» деп, түшүндүрмө берген жок.

Сотто арыз жазууну сунушташкан

Жайлобаев милиция кызматкерлери 11-июлда сотко алып барышып, аны «бейбаштыкка» күнөөлөшкөндүгүн айтты. Бирок сот аны күнөөлүү эмес деп тапкан. .

Соттун жүрүшүндө жабырлануучу милиция тарабынан көрсөтүлгөн «кыйноолор» тууралуу айтып берген.

«Сотто мени кое берип, милиция кызматкерлерине карата арыз жазып, медициналык жардам ал деп кеңеш беришти», – дейт Жайлобаев.

Соттун жыйынынан кийин аны Ысык-Көл облустук ооруканасына жаткырышкан. Ал жерде Жайлобаев 10 күн болгон. Азыр ал Бишкекте атайын ооруканада дарыланып жатат.

Жабырлануучу бал боюнча облустук прокуратурага арыз жазган, бирок азыркыга чейин кылмыш иши козголо элек.

Автор: Александра Ли

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков