Садыркуловдун иши боюнча күнөөлөнүп жаткан адам «начар» медициналык кызмат көрсөтүүдөн улам, аны башка тергөө абагына которууну талап кылып жатат

Президент Курманбек Бакиевдин мурунку аппарат жетекчиси Медет Садыркловду өлтүрүүгө катышкан деп күнөөлөнүп жаткан адамдын жактоочусу «начар» медициналык кызмат көрсөтүүдөн улам күнөөлөнүп жаткан адамды №50 тергөө абагынан УКМКнын тергөө абагына которууна талап кылып жатат. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы бул талапты «таң каларлык» деп эсептейт.

Экс-президенттин иниси Жаныш Бакиевдин мурунку айдоочусу Алтынбек Амранкулов 2009-жылы Садыркуловду өлтүрүүгө катышкан деп күнөөлөнүп жатат.

Амранкулов бөйрөгүнө суук тийгенин айтып, камакта отурган №50 тергөө абагындагы «начар» медициналык жардам көрсөтүүгө даттанып жатат.

Анын жактоочусу Амранкуловго тиешелүү медициналык жардам көрсөтөт деген үмүт менен аны УКМКнын тергөө абагына которуу боюнча өтүнүч катын жазган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф күнөөлөнүп жаткан адамдын талап коюуусунун себептери анын ден соолугуна байланыштуу эмес деп эсептейт.

«Ал жакта кандайдыр бир таң калычтуу оюндар болуп жатат окшойт. Анткени УКМКнын тергөө абагында нормалдуу деле медициналык кызмат көрсөтүү жок», — деди Никсдорф.

ЖАМКнын басма сөз катчысы кайсыл «таң калаарлык оюндар» тууралуу кеп болуп жатканын тактап түшүндүргөн жок.

Кыргызстандын Аскердик соту Садыркуловдун өлүмү боюнча ишти кароону 9-августка жылдырды – анткени саясатчынын өлүмүнө күнөөлөнүп жаткандардын биринин жактоочусу келбей калган.

Садыркуловдун өлүмү

Президент Бакиевдин аппаратынын мурунку жетекчиси кызматынан кеткенден көп өтпөй 2009-жылдын март айында каза болгон.

Алгач Кыргызстандын укук коргоо органдары Садыркулов Бишкектин четиндеги унаа кырсыгынын айынан – ал бараткан джип «Лексус» менен жеңил «Ауди» унаасы кагышканда каза болгон, деп билдиришкен.

Садыркуловдун тарапташтары ошондо эле 2007-жылдан бери Бакиевдин бийлигинин жана “Ак жол” партиясынын үстөмдүгүнүн орношуна чоң салым кошкон саясатчыны атайын өлтүрүштү деген версияны айтып чыгышкан.

Кийин, 2010-жылдагы революциядан кийин укук коргоо органдары унаа кырсыгы атайын эле уюштурулган жана Садыркулов президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин буйрутмасы менен өлтүрүлгөн деген жоромолду билдиришкен.

Мүмкүн болгон унаа кырсыгынын күбөлөрүнүн бири, кырсыкка күнөөлүү деп табылган «Ауди» унаасынын айдоочусу 2010-жылдын апрелинде табышмактуу кырдаалда Бишкектин четинде өлтүрүлгөн.

Аскердик сот Садыркуловдун өлүмү боюнча ишти 2011-жылы карап баштаган.

Соттун мурунку жыйынында Медет Садыркулов президенттин аппаратынын жетекчиси кызматынан кеткенден кийин анын ордуна барган Курманбек Темирбаев көрсөтмө берген. Тергөөнүн версиясы боюнча, «Лексус» үлгүсүндөгү адамдарды анын шаардын сыртындагы үйүндө өлтүрүшкөн.

Анда Темирбаев Садыркуловду анын үйүндө өлтүрбөгөндүктөрүн билдирген – шаардын сыртындагы үйдү ижарага алып жашап жүргөндөр да, кошуналары эч нерсе көрүшкөн да, угушкан да эмес.

Буга чейин сот саясатчы каза болгон унааны экспертизадан өткөрүүгө бийлик каршылык көрсөткөндүгү тууралуу айткан эксперттердин көрсөтмөлөрүн уккан.

Сот ошондой эле Садыркуловдун денесин биринчи болуп экспертизадан өткөргөн соттук-медициналык эксперттерди да уккан — алар саясатчы унаа кырсыгынан каза болгондугун айтып, далилдөөгө аракет кылышкан. Бул андан кийин өткөрүлгөн экспертизанын жыйынтыктарына каршы келет — ал президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси муунтулуп өлтүрүлгөн, деген бүтүм чыгарган.

Садыркуловдун достору жана кесиптештери аны менен болгон акыркы жолугушуулары тууралуу айтышкан. Анда саясатчы Бакиевди бийликтен кетирүү боюнча пландарын айтып берген.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков