УКМК: Ири суммада жасалма доллар алып жүргөн киши кармалды

УКМК 14-декабрда чет элдик жасалма валюталарды алып жүргөн Бишкек шаарынын 51 жаштагы тургунун кармады. Анын жанынан ири суммадагы АКШ доллары табылган.

Маалыматка ылайык, жасалма валюталар жогорку сапатта болуп, атайын таратуу максатында жакынкы чыгыш өлкөлөрүнүн биринде даярдалган.

Кармалган тургун УКМКнын тергөө жайына киргизилип, «акчаны же баалуу кагазды жасалмалоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды.

УКМК буга чейин да үстүбүздөгү жылдын февралында Бишкекте жасалма акча менен соода кылып жүргөн 27 жаштагы кишини кармаган. Ал 10 миң 500 жасалма еврону алмаштырып жатканда колго түшүп, камакка алынган болчу.