Жапаров саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Документ адамдын өмүрүнүн сапатын жана узактыгын жогорулатууга, калкка жеткиликтүү квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылууга жана «сергек жашоо ыңгайын пропагандалоо» үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган. Жарлыкта өкмөткө төмөнкүлөр сунушталат:

  • калктын COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы эмдөө боюнча маселени кечиктирилгис тартипте чечсин;
  • саламаттык сактоо системасын өз убагында жана толук каржылоону, ошондой эле бөлүнгөн акча каражаттарын талаптагыдай жана максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу;
  • саламаттык сактоо системасын реформалоо жана модернизациялоо;
  • өзгөчө кырдаалдарда жана абалдарда ыкчам чара көрүү механизмдерин аныктоо менен катастрофалар медицинасынын бирдиктүү системасын түзүү;
  • бар болгон ооруканалардын базасында сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүүчү заманбап көп профилдүү стационарлардын тармагын түзүү;
  • бейтап жана анын дарылануусу тууралуу маалыматтарды борбордоштуруп иштете алган бирдиктүү маалыматтык системасын ишке киргизүү. Маалыматтарды сактоо үчүн маалыматтык коопсуздук камсыздалышы керек, система реалдуу убакыт режиминде башка маморгандардын маалыматтык системалары менен интеграцияланышы керек;
  • зарыл дары-дармек каражаттарынын стратегиялык запастарын түзүү;
  • дары-дармектерди жүгүртүүнү жөнгө салуу жана башкаруу системасын киргизүү. Өмүр үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарына жана медициналык буюмдарга бааларды жөнгө салуу системасын түзүү;
  • фармацевттик заводдорду ачуу үчүн чараларды көрүү жана жагымдуу шарттарды түзүү;
  • телемедицина кызмат көрсөтүүлөрүн активдүү ишке киргизүү үчүн мыйзамдык базаны иштеп чыгуу жана менчигинин түрүнө карабастан жана өлкөнүн бардык региондорунда саламаттык сактоонун баштапкы медициналык-санитардык жана стационардык жардам көрсөтүү, коомдук саламаттык сактоо кызматынын 50 уюмунда телемедициналык инновациялык кызматтарды көрсөтүүнүн жана каржылоонун моделин киргизүү;
  • медкызматкерлердин эмгек акысын этап-этабы менен жогорулатуу жана алар үчүн социалдык кепилдиктерди кеңейтүү тууралуу сунушту киргизүү;
  • медициналык жардамды акысыз алууга укугу бар жарандардын категорияларына медициналык кызматкерлерди киргизүү жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана киргизүү;
  • медиктер үчүн ипотекалык программаны иштеп чыгуу;
  • медициналык ишке салык салуу маселелерин жөнөкөйлөштүрүү аркылуу жеке медициналык секторду кеңейтүү;
  • калктын саламаттыгынын абалын көзөмөлдөө жана жугуштуу ооруларды алдын алуу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен медициналык мекемелердин өз ара аракеттенүүсүнүн бирдиктүү системасын түзүү;

Тема боюнча: Саламаттык сактоо министрлиги ооруканаларды кантип жакшыртат? Түшүндүрөбүз