Жарым жыл ичинде Жалал-Абад облусунда 8 мектеп окуучу суицидтен көз жумган


Бул маалыматтарды Жалал-Абадтын ички иштер министирлиги берди. Мектеп жашындагы балдардын өз өмүрүн кыйюуусу, Россия иштеп кеткен ата-энелеринин жанында жоктугу менен байланыштуу дешет психологдор.

Жалал-Абадтын ИИМ- билдиргендей, облус боюнча өз өмүрүнө кол салгандардын алтоо эркек ал эми 2 кыз бала болуп эсептелет.

Жарым жыл ичинде 2 суицид Ноокенде, 2 суицид Алабука райондорунда катталган. 4 мектеп окуучулары өзүн-өзү өлтүргөн.

Сузак, Аксы, Базар-Коргон, Чаткал райондорунун ар биринде бирден суицид учуру катталган. Алардын жашы 14-18 чейинки куракты түзөт.

2011-жылга чейин ИИМ- мектеп жашындагы балдар арасындагы өзүн-өзү өлтүргөндөр тууралуу статистика жүргүзгөн эмес. Укук коргоочулардын айтымында, мындай учурлар Республика боюнча жалпы каралат. Ушул жылдын башынан тартып 427 адам өз колунан көз жумса, өткөн жылы алардын саны 428 кишини түзгөн.

Өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү болгон себептер

Айгуль Жумагулова Жалал-Абадтагы орто мектептердин биринде чет тили боюнча мугалим болуп эмгектенет. Анын айтымында, көп эле учурларда окуучулар ата-эненин назарын аз көргөндөн улам ушундай жолдорго барышат.

«Ата-энеси Россияга кетип, өзү балдар интернатында жашап аткан жетинчи класс бала асынып өлдү. Ал кырсык болоордон мурун, ата-энеси жанында жок, кыйналып атканын досторуна айтып бериптир. Акыры өзүн өлтүрүп, каза тапты», ― деп окуяны айтып берди Жумагулова.

Мугалим мектептерде ата-энелер үчүн сабатсыздыкты жоюуу боюнча иш-чараларды уюштуруу керек деген оюн ортого салды.

Психологдор ата-энелер менен сүйлөшүп, балдарга жетиштүү денгээлде ата-энелик назар салбаса, акыбал оорлошуп кетээрин ар бир баласы бар үй-бүлөө билиши керек деди эл агартуучу.

Жалал-Абадтагы «Ишеним», психологиялык борборунун психологу Дария Жумабаеванын айтымында, маселе ата менен баланын ортосундагы мамиледе жатат.

«Тагыраак айтсам, балдардын ою башка, алар башка нерсени калап атса, ата-энелер ага тыюуу салат. Мына ошондон улам, балдар барып асынып алат», − деди Жумабаева.

«Каниет» психологиялык борборунун кызматкери Любовь Максименко, мектеп жашындагы балдардын мындай иштерге баруусуна түрткү болгон себеп, ата-энелердин көп убакыт аралыгында үйүндө жок болушу.

Бирок Ош психологиялык борборунун мүдүрү башкача ойду айтты. Балдар өзүн-өзү өлтүрүп коюуу оюна, өспүрүмдүк мезгилди өтүп жатканда жакын болуп, ою албырып учуп турат.

Редактор: Александр Ким жана Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Исмаилова