Президент Садыр Жапаров 17-мартта 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылдын Апрель окуясында Элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган «Ала-Тоо» аянтындагы монументке гүл койду.
Ошондой эле, президент 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуяларына байланыштуу кайрылуу жасады.
Жапаров өз сөзүндө «Аксы окуясы өлкөнүн декмократиялык өнүгүү жолунда бурулуш учур катары калганын» баса белгиледи.
«Адилетсиздикке каршы жалпы элдик күрөштүн башаты, Март жана Апрель революцияларына, ошондой эле өткөн жылдын октябрь айындагы элдик толкундоолорго түрткү болгон тарыхый окуя деп бааласак жаңылышпайбыз», — деди ал.
Ошондой эле, Жапаров «эркиндик жана акыйкаттык үчүн өлүмдөн да коркпогон карапайым аксылыктар ошол күнү кыргыз элинин эр мүнөзүн көрсөтүп, улуттун намысын коргоп калганын белгиледи.
«Аксы сабагы — биздин улуттук бийик баалуулук катары жаңы коомду түзүүгө, адилет жана калыс саясат жүргүзүүгө, элдик таламды көздөгөн, элге кызмат кылган башкаруунун демократиялык багытын бекемдөөгө үндөйт. Ошондой эле коомубузду мындан ары да өркүндөтүүгө дем берет», — деди президент.
Аксы окуялары
19 жыл мурда, 2002-жылы Жалала-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылынын тургундары кыргыз жерлеринин бир бөлүгү Кытайга берилишине каршы нааразычылык көрсөтүп чыгышкан. Укук коргоо органдары нааразылык акциясынын катышуучуларына каршы курал колдонушуп, алты адам курман болгон.
Ал учурда Аскар Акаев Кыргызстандын президенти болуп турган. Ал бийликте турган кезде митингчилерди атуу үчүн күнөө жергиликтүү бийликке жүктөлгөн. Аксы окуясынан кийин үч жыл өткөн соң Акаев оппозиция тарабынан кулатылып, Орусияга качкан. Андан соң өлкө башчылыгына 2010-жылы кулатылган Курманбек Бакиев келген. Ал дагы Беларуска качкан. 7-апрелде борбордук аянтта ондогон адамдар курман болгон.
Аксы жана Апрель окуяларында курман болгондордун элесине арнап Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында монумент орнотулган