Журналист Али Токтакунов артынан аңдуу уюштурулганын билдирди

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов ага карата аңдуулар уланып жатканын билдирди. Ал коомчулуктан аңдыган унаа кимге таандык экенин табууга жардам сурайт.

Токтакуновдун айтымында, 18-мартта кечки саат 10:30 чамасында үйүнүн жанында аны «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаада белгисиз эки киши аны күтүп турган. Алардын бири унаадан түшүп келип өзүн «фанатыңыз болом» деп кепке тартууга аракет жасаган. Бирок чагымчылдыкка жол берилбеши үчүн журналист унаадан түшпөй кетип калганын айтты.

Ошол эле учурда «Али Токтакунов МедиаХабы» фонду мындай аңдуулар өлкөдө журналисттердин коопсуздугуна коркунуч бар экенинен жана сөз эркиндигине кысым болуп жатканынан кабар берет деп билдирүү таратты.

Буга чейин соцтармактарда Токтакуновдун саясатчы Өмүрбек Текебаев менен жолугушуу учурундагы сүрөтүн таратышкан. Ал эми 15-февралда «7-канал» Кыргызстандын Стамбулдагы экс-элчиси Эркин Сопоковдун сурагы тартылган 2 мүнөттүк видеону жарыялаган.

Видеодо Сопоков Айэркен Саймаити иликтөөчү журналист Али Токтакуновго 50 миң доллар төлөп берген деп айтат. Токтакунов Сопоковдун айткандарында «бир грамм да чындык жок экенин» айтып, видеону кайрадан жарыялоого Садыр Жапаров «буйрук берди» деп эсептеген.

Буга чейин Токтакунов коррупцияга, мыйзамсыздыкка жана Конституциянын өзгөрүшүнө каршы тынчтык жөө жүрүшүнө катышкан.

Ал эми 15-мартта Бишкекте Баш мыйзамга каршы чыгып келген активист Тилекмат Күрөңөв кармалып, бир айга камалган. Мындан сырткары дагы бир активист Улан Үсөйүндү патрулдук милиционерлер «мас абалында унаа айдоого» шектеген. Ал айыпты жокко чыгарыш үчүн наркологияга барып алкоголь ичпегенин далилдеп берген.

Али Токтакунов «Азаттык» радиосунда 10 жылдай иштеген. Ал «Азаттыктан» өткөн жылдын октябрь айында кеткен. Али Токтакунов бажыдагы ири коррупциялык схеманы, Кыргызстандан 700 млн доллардай каражаттын чыгарылышын алгачкылардан болуп иликтеген.

Ал «Азаттыкта» иштеп жүргөндө, OCCRP жана «Клооп» менен биргеликте Матраимов жана Абдукадыр кландары тууралуу бир катар иликтөөлөрдү даярдаган. Материалдар коомчулукта резонанс жаратып, экс-бажычы Райымбек Матраимовду камоону талап кылган бир канча тынчтык митингдердин өтүшүнө түрткү болгон.