Кыргызстанда Даун синдрому бар адамдардын эл аралык күнүнө карата флешмоб өтүп жатат. Ал 20-марттан 27-мартка чейин уланат. Флешмобго катышуу үчүн ар түрдүү, өзгөчө байпактарды кийип сүрөткө түшүп, соцтармактарга киргизүү керек.
Флешмобдун мааниси эмнеде?
Даун синдрому бар адамдардын эл аралык күнү 21-мартта өткөрүлөт.
Бул күнгө карата дүйнө жүзү боюнча ар түрдүү иш-чаралар уштурулуп келет. Анын негизги максаты Даун синдрому тууралуу маалыматтуулуукту жогорулатуу болуп эсептелет.
Ал эми быйылкы жылы Кыргызстан эл аралык #LotsOfSocks (#МногоНосков/#КөпБайпактар) кампаниясына катышып жатат.
Флешмоб Кыргызстандагы «Сантерра» коомдук уюму, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчисинин жубайы Вероника Гарретт, luckysocks компаниясы жана «Соломон Сэндвичес» инклюзивдик кафеси тарабынан уюштурулган.
luckysocks компаниясы «Соломон Сэндвичес» кафесине 300 түгөй ар түрдүү түстөгү байпактарды бөлүп, алар сатыкка коюлган. Андан түшкөн каражаттар Даун синдрому бар балдарга жумшалат.
Флешмобго ар түрдүү уюмдар, коомдук ишмерлер, саясатчылар «Биз ар түрдүүбүз, бирок бирдейбиз!» деген жазуу менен катышып жатат. Ошондой эле флешмобго өкмөттүн маалымат кызматы да кошулган.
Бул флешмобго бардык каалоочулар #lotsofsockskg #inclusivekg #luckysockskg хештегдери менен кошула алат.
Даун синдромунан «жапа чекпейт», бул синдром менен «жараланган эмес»
Адамдын ар бир клеткасында 23 жуптан турган 46 хромосом болот. Алардын жарымы - энесинен берилген, экинчи жарымы атасынан берилген генетикалык коддолгон маалымат болуп саналат.
Даун синдрому - генетикалык жактан анамалиялуу дарт болуп саналат. Тактап айтканда, Даун синдрому бар адамдардын клеткалары бөлүнүшүндө хромосомунун 21-жубуна дагы бир кошумча хромосом кошулуп, 46 эмес 47 хромосом болот.
Даун синдрому менен балдар бардык эле кылымдарда төрөлүп келген, бирок бул синдром тууралуу англиялык дарыгер Джон Лэнгдон Даун 1866-жылы биринчилерден болуп так маалымат берилген. Ошонун натыйжасында аталган синдром Даундун фамилиясында аталып калган.
Бул түшүнүксүз процесс эмнеге байланыштуу пайда болоору тууралуу окумуштуулар али күнгө чейин так жооп табыша элек.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалымат боюнча дүйнөдө жылына ар бир 700-800-наристе «Даун синдрому» менен төрөлөт.
Дарыгерлер «наристенин денесиндеги ашыкча хромосом үчүн эч кимдин, анын ичинде ата-энесинин да күнөөсү жок» деп эсептешет.