Чүй облусунун прокурору Таалайкүл Турапбаева «Клооптун» журналистине облустук соттор жарандарды ата-энелик укуктарынан кантип жана эмне үчүн ажыратышарын айтып берди.
Анын айтымында, 2019-жылы Чүй облусунун соттору ата-энелик укуктан ажыратуу тууралуу доо арыздын негизинде 138 жарандык ишти караган, 2020-жылы мындай иштердин саны 154кө жеткен. Жалпысынан жыл өткөн сайын ушундай мүнөздөгү доо арыздардын саны 10-15%га көбөйүүдө.
Турапбаева белгилегендей, соттор доо-арыздардын жарымынан көбүн канааттандырбай калтырат. Ошол эле учурда, сот «жоопкерлерди балдарды тарбиялоого болгон мамилесин өзгөртүү керектиги жөнүндө эскертүүгө милдеттүү».
Ошондой эле, Турапбаева соттук тажрыйбага таянып, ата-энелик укуктан ажыратуу боюнча сотко кайрылууларга ата-энелердин биринин алимент төлөбөй жүргөнү же баланы чет өлкөгө алып кетүүгө тоскоолдук жаратканы негизги себептердин бири экенин кошумчалады.
*Кыргызстандын мыйзамына ылайык, баланы чет өлкөгө алып кетүү үчүн ата-эненин бири (эгер ажырашып кетишкен болсо) экинчи ата-эненин кат түрүндө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн уруксатын алышы керек.
Ата-энелик укуктардан эмне үчүн ажыратылышы мүмкүн?
Кыргызстандын «Үй-бүлө кодексине» ылайык, жарандарды ата-энелик укуктардан ажыратуунун бир нече себеби бар:
- ата-энелик милдеттерден жана алимент төлөөдөн качуу;
- балдарга зөөкүрдүк жасоо (анын ичинде анын тулкубоюна жана психикасына зомбулук көрсөтүү)
- ата-энеси өнөкөт аракечтиктен жабыркаса же баңгизат колдонгон учурларда;
- балдарды эмгектин эң начар формасына аралаштыруу же алардын селсаяктык жашоосуна жол берүү;
- жыныстык кол тийбестигине кол салуу;
- өз балдарынын өмүрүнө же ден-соолугуна, болбосо жубайынын же баланын ата-энесинин өмүрүнө же ден соолугуна каршы атайылап кылмыш жасоо.