Республикалык штаб 6-апрелде өлкөдө коронавирустун 124 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында беш медкызматкер бар.
Аймактар боюнча:
Бишкек шаарында — 77 (эки медкызматкер);
Чүй облусунда — 43 (үч медкызматкер);
Нарын облусунда — 3;
Ош облусунда — 1.
Ошондой эле өткөн суткада 117 бейтап айыкты. Бишкек шаарында — 60, Чүй облусунда — 41, Ысык-Көл облусунда сегиз, Нарын облусунда үч, Баткен облусунда жана Ош шаарында экиден, Ош облусунда бир киши оорудан сакайды.
Мындан сырткары Бишкек шаарында жана Чүй облусунда COVID-19дан бирден бейтап көз жумду.
Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 89 277ге жетти. Алардын ичинен 85 388 бейтап айыгып, 1 509 киши көз жумду.
Бүгүнкү күндө 662 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын 25и өтө оор абалда. Мындан сырткары 763 киши үй шартында дарыланууда.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.