74 батир, 19 соода жайы. Бишкек шаардык сотунун судьясы мыйзамсыз баюуга шектелүүдө

Иллюстративдик сүрөт

УКМК «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен Бишкек шаардык сотунун судьясына карата сотко чейинки өндүрүш ишин баштады.

Атайын кызмат аталган судьянын 74 кымбат баалуу батири, 10 унаа токтотуучу жайы, 19 соода жайы жана Бишкектеги «Алтын аянт» деп аталган аймакта жер тилкелери бар экенидигин аныктаган.

«Ж.М.Б. аттуу судьянын мыйзамдуу киреше булактары жок болуп, ал кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө жана бир катар коммерциялык объекттерге ээ болгон. Судья кылмыш жолу менен алынган кыймылсыз мүлктүн изин жашыруу максатында жакын туугандары жана башка адамдар менен сатуу жана сатып алуу келишимдерин түзгөн», — деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Судьяга таандык башка декларацияланбаган кыймылсыз мүлктөрүн аныктоо боюнча бир катар ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Кылмыш ишин козгоого макулдук алуу үчүн материалдар Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына жана Башкы прокуратурага жөнөтүлөт.

УКМК тараткан билдирүүдө судьянын инициалдары Ж.М.Б. деп берилген. Бул инициалдар Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча коллегиясынын судьясы Мира Жээнбековага туура келет. Ал аталган кызматка 2016-жылы дайындалган. Ошондой эле Жээнбекова оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун бир тууган карындашы.

Равшан Жээнбеков — парламенттин мурдагы депутаты жана «Кой-Таш окуясы» боюнча айыпталуучулардын бири. Ал 2019-жылдын 12-декабрында «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Адамдарды барымтага алуу» жана «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» беренелери боюнча кармалган. Бирок Жээнбеков кармалышы тууралуу ишин «саясий буюртма» деп атаган.

Ал эми Бишкек шаардык соту УКМКнын судья Мира Жээнбекова тууралуу тараткан маалыматы чындыкка дал келбейт деп кабарлады. Маалыматка ылайык, атайын кызмат Жээнбековага таандык делген мүлктөр ал судьялык кызматка келгенге чейин алынган.

Ал эми Жээнбекова 74 батирлүү жана 10 автоунаа токтотуучу жайы бар турак жайды курулуш компаниялардын бири келишимдин негизинде жолдошуна таандык жер тилкеге курган деп түшүндүргөн.

Кыргызстанда декларация тапшыруу коррупция менен күрөшүүгө эмне үчүн жардам бербей турганы боюнча төмөнкү иликтөөдөн окуңуз.

«Үрүп чыгар ити жок» чиновниктер. Кыргызстанда декларация коррупцияга каршы күрөшүүгө жардам бербейт