Коронавирустун 322 жаңы учуру катталды — анын 227си Бишкекте

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 28-апрелде өлкөдө коронавирустун 322 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында алды медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 227 (төрт  медкызматкер);

Чүй облусунда — 59 (эки медкызматкер);

Ысык-Көл облусунда — 15;

Ош шаарында — 9;

Ош облусунда — 6;

Нарын облусунда — 2;

Баткен облусунда — 2;

Талас облусунда — 1;

Жалал-Абад облусунда — 1.

Ошондой эле өткөн суткада 243 бейтап айыкты. Бишкек шаарында — 150, Чүй облусунда — 64, Ысык-Көл облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда жети, Нарын облусунда беш, Ош шаарында жана Ош облусунда үчтөн киши оорудан сакайды.

Мындан сырткары COVID-19дан Бишкек шаарында эки жана Чүй облусунда бир бейтап көз жумду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 94 599га жетти — алардын ичинде 4 417 медик бар. Оорудан 88 658 бейтап айыгып, 1 592 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 1 469 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын 68и өтө оор абалда. Мындан сырткары 1 939 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.