Коронавирустан тогуз киши каза болду, жаңы 1 198 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 7-июлда өлкөдө коронавирустун 1 198 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында 38 медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 717 (12 медик);

Чүй облусунда — 142 (беш медик);

Баткен облусунда — 88 (төрт медик);

Ош облусунда — 75 (эки медик);

Ош шаарында — 60 (эки медик);

Жалал-Абад облусунда — 53 (11 медик);

Ысык-Көл облусунда — 39 (эки медик);

Нарын облусунда — 20;

Талас облусунда — 4.

Ошондой эле өткөн суткада 781 бейтап айыгып, тогуз бейтап каза болду — алардын төртөө Бишкек шаарында, Баткен жана Чүй облустарында экиден, бирөө Жалал-Абад облусунда.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 134 501ге жетти. Оорудан 114 756 бейтап айыгып, 2 063 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 4 253 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын ичинде 184 кишинин абалы өтө оор. Мындан сырткары 12 315 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.