Садыр Жапаров эмнеге кара көз айнегин чечпей жүргөнүнүн себеби айтылды

Акыркы бир нече күндөн бери президент Садыр Жапаров күндөн сактаган көз айнекчен жүрөт. Буга социалдык тармактардын колдонуучулары көңүл буруп, өлкө башчысы бөлмөнүн ичинде жүрсө да көз айнегин чечпегенине таң калып суроо салышууда.

Мисалы, Жапаров 23-июль күнү коронавируска каршы эмдөө алып жатканда жана 26-июлда «”Алтын” кыргыз зергерчилик заводуна» барганда дагы көз айнегин чечкен эмес.

Бул суроого президенттин басма сөз кызматы «Акипресс» агенттигине курган маегинде жооп берди.

«Мамлекет башчысына ылдыйкы сурманын энтропиону деген диагноз коюлган жана ал операция жасатууга мажбур болду», — деп түшүндүрдү президенттин басма сөз кызматы.

Сурмалардын энтропиону же жөнөкөй айтканда сурмалардын түрүлүүсү — бул сурманын чети менен кирпиктер көздүн ичине түрүлүп калган оору. Бул оору көздүн дайыма дүүлүгүп турушуна алып келет.