КСДП, «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракциялары «Ырыс алды — ынтымак» деген жаңы парламенттик коалиция түзүштү, деп жазылган Жогорку Кеңештин сайтында. . «Республиканын» Канатбек Исаев баштаган депутаттар тобу, ошондой эле «Ата-Журттун» бир катар депутаттары коалиция менен кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
«Ырыс алды — ынтымак» атуу жаңы коалицияга КСДП, «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракцияларынан парламенттин 67 депутаты кирди, деп жазылган Жогорку Кеңештин расмий сайтында.
Үч фракциянын лидерлери — социал-демократ Чыныбай Турсунбеков, «атамекенчи» Өмүрбек Текебаев жана «ар-намысчы» Феликс Кулов — Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын биринчи жыйынында макулдашууга кол коюшту.
Фракция лидерлери премьер-министрликке Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлигин колдошту — ага эки күндөн кийин жаңы өкмөттүн программасын көрсөтүү тапшырмасы берилди.
Буга чейинки «Биримдик» коалициясынын курамына КСДП, «Республика», «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракциялары кирген.
Ал 22-августта курамынан «Ар-Намыс» жана «Ата Мекен» фракциялары чыккандан кийин таркаган. Коалициянын акыркы күндөрү аталган фракциялар менен «республикачылардын» ортосундагы мамиле бузулуп кеткен.
«Республика» жана «Ата Мекен» фракцияларынын ортосундагы кайым айтышуу август айынын ортосунда башталган.
«Ата Мекен» премьер-министр жана «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду 1 миллион АКШ долларына бааланган аргымакты пара катары алган, бул үчүн ал Бишкектин жанындагы «Манас» аэропортуна жаңы, 12 миллион АКШ долларына бааланган аэронавигациялык мунара курууга уруксат берген, деп күнөөлөгөн.
Өз кезегинде «Республика» «Ата Мекендин» лидерлерин 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Бишкек шаарындагы талап-тоноочулукту уюштурууга тиешеси бар деп күнөөлөгөн.
30-августта жаңы коалиция түзүлгөндөн кийин «Республика» оппозицияга кетүүнү убада кылган.
«Республикадагы» биримдиктин бузулушу
Бир катар кыргыз ММКлары «Республиканын» бардык мүчөсү оппозицияга кетиши мүмкүн эмес деп жазышкан.
«Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы 29-августа депутат Канатбек Исаевге шилтеме жасап «Республикадан» парламенттик коалицияга кирүүгө 7-10 депутат даяр экендигин жазган. Бул фракциядагы депутаттардын дээрлик үчтөн бир бөлүгү.
Исаевдин өзү болсо парламенттик көпчүлүк таркагандан кийин дароо эле «Республикадан» чыгарылган.
Партия жетекчилиги Исаевдин чыгарылуусун «өзү билип жасаган билдирүүлөрү» үчүн деп түшүндүргөн — анткени ал «Биримдик» парламенттик коалициясынын мурунку башчысы катары альянстын таркагандыгы жөнүндө расмий билдирүү жасаган.
Исаевдин айтымында, жогоруда айтылган 7-10 депутат буга чейинки коалицияга нааразы болушкан.
Түшүндүрмө алуу үчүн депутат менен байланышканыбызда ал жеткиликсиз болуп чыкты.
Канатбек Исаев бир жарым жылдан бери фракция лидери жана парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн башкарып келген.
Бирок 2012-жылдын июль айынын ортосунда ал «Республиканын» лидерлигинен четтетилген, анын ордун Алтынбек Сулайманов ээлеп келет.
Автор: Зарема Султанбекова
Которгон: Илгиз Чалбараков