Абдрахманов менен Сүйүмбаевге «Кыргыз Республикасынын баатыры» наамы ыйгарылды

Мамлекеттик ишмерлер Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевге «Кыргыз Республикасынын баатыры» жана «Ак Шумкар» ордени ыйгарылды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бүгүн Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгы белгиленип жатат.

Акматбек Сүйүмбаев жана Жусуп Абдрахманов.

Советтик мамлекеттик жана партиялык ишмерлерге Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн түптөө жана элге сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн жогорку даражадагы сыйлыктар ыйгарылды (өлгөндөн кийин).

Быйыл Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы белгиленүүдө. Буга чейин өлкө башчы анын туулган күнүн белгилөө боюнча жарлык чыгарган.

Жусуп Абдарахманов

Жусуп Абдрахманов 1901-жылы Ысык-Көл облусунун Чиркей айылында 28-декабрда туулган. Ал Сазановка кыштагындагы орус-тузем мектебинде 3-класска чейин билим алып, 1914-жылдан баштап билимин Каракол шаардык жогорку башталгыч окуу жайында уланткан.

Саясий ишмердин атасы Абдрахман Балапанов 1916-жылы көтөрүлүшкө катышып, ошол эле жылы келте оорусунан каза болгон. Жусуп Абдрахмановдун апасы жана жети бир тууганы көтөрүлүштө өлтүрүлгөн. Абдрахманов 15 жашында Токо аттуу бир тууган иниси менен томолой жетим калып, эл менен бирге Кытайга качкан. Ал бир жылдан кийин кичи мекенине кайтып келип, Каракол гаризонуна офицерлердин аттарын жана короосун кайтарып, кара жумушчу болгон.

Абдрахманов Кызыл Армияга барып, бир жылга жетпеген убакта эскадрондун командирлигине чейин көтөрүлөт. Ал 1919-жылы Верныйдагы (азыркы Алматы шаары) командирлик куртан окуп, кийин Ташкенттеги аскердик жогорку мектепти аяктаган.

Ал Кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн башында болуп, анын түзүлүшүнө жана калыптанышына негиз салган. Ал алгач эмгек жолун 1920-жылы Россия комсомолдорунун 3-курултайына катышкан. Кийин бир топ мамлекеттик кызматттарда иштеп, 1927-1933-жылга чейин Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар төрагасы болуп дайындалат.

Кийин 1937-жылы камакка алынып, ага антисоветтик террорист, Социал-Туран партиясынын түзүүчүсү деген жалган күнөөлөр коюлат. Кыргызстанда совет бийлигин кулатып, өзүнчө мамлекет түзүүнү көздөгөн деген айып тагылат. Бирок түрмөдөгү кыйноолорго карабай күнөөлөрдү мойнуна алган эмес.

Бийликти аёосуз сындаса да, советтик түзүлүштүн активдүү жарчысы жана куруучусу болуп, ар дайым Лениндин идеяларын колдоп келген. Жусуп Абдрахманов 1938-жылдын 5-ноябрда өлтүрүлгөн.

Акматбек Сүйүмбаев

Ал эми Акматбек Сүйүмбаев 1920-жылдын 20-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылында туулган. Ал 1938-жылы Фрунзедеги финансы-экономикалык техникумун бүтүргөн. Анын алгачкы эмгек жолу 1947-жылы Кызыл-Аскер райондук аткаруу комитетинин жооптуу катчысы болуп иштеп, кийин бир катар мамлекеттик жумуштарда иштеген. 1968-1978-жылга чейин премьер–министр болгон. Тактап айтканда 10 жылдан ашуун бул кызматты аркалаган.

Сүйүмбаев Кыргыз ССР коммуналдык чарба министри болуп иштеген жылдардын ичинде кыргыз элинин рухий байлыгын көтөрүүгө социалдык-экономикасынын өнүгүшүнө, маданиятын арттырууга, өзгөчө спортту өстүрүүгө зор салымын кошкон. Анын учурунда бир канча стадиондор, бассейндер, спорт аянчалары курулган.

Мындан тышкары, ал Ош облусунда иштеген мезгилдерде анын колдоосу менен Кызыл-Жар, кургап жаткан Кулунду өрөөнүнүн өздөштүрүлүшү, Төрт-Көл, Базар-Коргон, Токтогул жана башка көп суу сактагычтар, каналдар, Токтогул ГЭСтери жана Оштогу бир топ өнөр-жай ишканалары негизделген. Ал чоң күч-кубат жумшоо менен бүтүргөндүгү элдин эсинде, тарыхта калды.