Республикалык ыкчам штабдын 10-сентябрга карата маалыматына ылайык, акыркы суткада коронавирустун жаңы 100 учуру катталып, үч адам каза болду.
Оору жуктургандар аймактар боюнча:
Бишкек - 49;
Чүй облусу – 20;
Ысык-Көл облусу – 11;
Баткен облусу - 5;
Талас облусу - 5;
Нарын облусу - 4;
Жалал-Абад облусу – 4;
Ош облусу – 2;
Ош шаары - 0.
Бүгүнкү күндө 690 бейтап ооруканада, ал эми 1094 киши үй шартында дарыланууда.
Ошондой эле өткөн суткада 132 адам ооруканадан айыгып чыкты, айыккандардын жалпы саны 171 180 адамды түздү. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 176 983 адам коронавирус жуктуруп, 2566 киши каза болду.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, акыркы суткада COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 5278 киши, ал эми экинчи дозасын 6643 адам алды.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.