News-Asia маалымат порталында 10-августта Россия Федерациясынын мамлекеттик думасынын депутаты Владимир Таскаевдин айткан сөздөрү жарык көргөн. Өзүнүн маалыматында ал «Кыргызстандыктардын 70% Орусиянын курамына кошулууга даяр» деген. Ал эми Омбудсмен Таскаевдин пикирин «маразм» деп атады.
Оруссиянын либерал-демократтар партиясынын парламенттеги депутаты Владимир Таскаев News-Asia маалымат порталына берген маалыматында, Кыргызстанда мурункудай эле улуттар аралык карам-каршылык өкүп сүрүп жатканын белгилеген.
«Оруссиядай эле Кыргыз Республикасы дагы көп улуттуу өлкө. Референдум өткөрүү менен аны биздин Федерациянын курамына киргизүү зарыл. Кыргызстанга барып, мен элдин көбү бизге кошулууга каршы эместигине ынанып келдим», — деди парламент өкүлү.
Бирок бул маалыматта кайдан алынган статисикалык берүүлөрдөн лам кыргызстандыктардын 70% кошулууга даяр экендиги тастыкталып жазылган эмес.
Ошондой эле Таскаев мурунку СССР- кайра калыбына келтириш керек деп, алардын баары кайра Оруссияга кошулушу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоо керек деп белгилеген.
Кыргызстандын акыйкатчысы кайдагы бир мамлекеттин саясатчысынын айткандарын көңүлгө албоо керек экенин айтып, Таскаевдин сөздөрү улут үчүн кемсинтүү деди.
«Бул маразм! [...] Таскаев биздин ички мамлекеттик иштерге килигишүүгө акысы жок. Жана анын Кыргызстандыктардын 70% Оруссиянын курамына кирүүгө даярдыгы тууралуу айткан сөздөрү толук түрдө маанисиз», —деп нааразы болду Акун.
Акыйкатчы «Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов менен болгон окуяны мисал катары келтирди. Кулов дагы Кыргызстанды Оруссиянын курамына кошуу тууралуу айтып атып, акырында парламентте саясий салмагын жоготуп алган.
«Эгер Феликс мрза айтса кыргызстандыктар же кыргыздар барып Оруссияга кошула калбайт. Аны каалаган Кулов барып кошула берсин», — деди мамлекеттик укук коргоочу өз сөзүндө.
Саясат таануучулардын ою
Кыргызстандын башка өлкөгө кошулуусу мамлекеттик маселелелерден арылууга жардам бербээрин саяса таануучу Марат Казакпаев белгиледи.
«Эң маанилүү болгон Оруссия менен биздин биргелешкен, жалпы чек арабыз жок. Бул федерациянын экономикалык жана социалдык маселелери көп. Кыргызстандыктар акыбалдын оордугун түшүнгөнү жок. Биз бирөөлөргө кошулуу менен катар эле башка оорчулуктарга туш келебиз. Менин оюмча тескери»синче биздин мекендештердин көбү көз карандысыз өлкөдө жашагысы келет», — дейт Казакпаев.
Дагы бир саясат таануучу Марс Сариев Кыргызстандыктар Оруссияга кошулуу менен катар эле экономикалык жактан өсүүнү алардан бекем кызматташтарды көрөт деген ойдо.
«Кыргызстанда экономикалык акыбал оорлогон сайын Кыргызстандыктардын көбү Оруссияга көңүл буруп, андан жакшы экономикалык кызматташтарды көрө баштады. Эгер сурамжылоо жүргүзсөк элдин көпчүлүгү башка мамлекет менен биригүүгө умтулат. Ошондуктан бул суроо абдан оор», — деди Сариев.
«Мен биригүүгө каршы эмесмин»
Мамлекетте өкмөттүн бийлик үчүн күрөшүүсүнөн улам, өлкөдө кым-куут болуп, анын кесепетинен эл чайналып атат деген оюн жеке ишкер Толкун Алымбаев билдирет.
«Кыргызстан менен Оруссиянын ортосунда жакшы мамиле ар дайым сакталып турушун эңсейм. Бирок акыркы күндөрү биздин кырыз элибиз өз ыктыяры менен Оруссияга кошулуу тууралуу оюн билдирсе деген оюм бар», — деп белгиледи Алымбаев.
Кайрат Сатимбаев Россия Федерациясынын жараны. Анын айтмында, эки өлкөнүн биригиши Кыргызстандыктарга ар кандай таасир тийгизет.
«Бирөөнөн көз каранды болуп жашоо Кыргызстандыктардын көбүнө моралдык жактан басым жасап коюшу ыктымал. Балким экономикалык жана социалдык жактан бул жакшы натыйжаларга алып келет деп ойлойм», — деди Кайрат.
Которгон: Кундуз Исмаилова