ТИМ: Кытайдын түштүк-батышындагы жер силкинүүдөн кыргызстандыктар жабыр тарткан жок

5,7 магнитудасындагы жер силкинүү Кытайдын түштүк-батышында 7-сентябрда болгон — жабыр тарткандардын арасында кыргызстандыктар жок, деп билдирди Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги. Расмий маалыматтар боюнча, жер силкинүүдөн 70тей киши каза болуп, 750 киши жараат алган.

Расмий маалыматтар боюнча, Кытайдын Юньнань жана Гуйчжоу провинцияларындагы жер титирөө 70 кишинин өмүрүн алган. 750 киши жараат алышып, 6650 турак-жай талкаланган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү боюнча, каза болгондордун жана жабыр тарткандардын арасында кыргызстандыктар жок.

Кытай бийлиги жер силкинүү болгон жерден 100дөн ашык кишини коопсуз жайларга көчүрүштү. Барууга кыйын болгон жерлерде куткаруучуларга аскерлер жардам берип жатышат, деп билдирет Би-Би-Синин орус кызматы.

«Жолдор жабылып калгандыктан куткаруучулар жабыр тарткан кыштактарга тоолор аркылуу барып жатышат», — деп жазат Би-Би-Си Лоцзэхэ шаар башчысы Ли Фу Чундун сөзүн.

Каза болгондордун көбү Кытайдын түштүк-батышындагы Илян аймагында жашагандар, деп жазган Би-би-си кытай бийлигине шилтеме жасап.

2008-жылдагы катуу жер силкинүүдөн 70 киши каза болгон кошуна Сычуань аймагынын жашоочулары да жер титирөөнү сезишти, деп жазылган Би-Би-Синин сайтында.

Автор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөттүн автору: Remko Tanis