Балдарды алардын өнүгүүсү үчүн зыянын тийгизген маалыматтардан коргоо жөнүндөгү мыйзам долбоору укук коргоочулар арасында бир катар суроолорду жаратты — кээ бири аны «ачык эмес, күңүрт» десе, башкалары аны цензура деп айтып жатышат. Демилгечилер мыйзам долбоорунун тексти балдардын маалыматка болгон мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө арналган Орусиянын мыйзамынан көчүрүлүп алынган деп айтып жатышат.
Мыйзам долбооруна «ачык эмес, күңүрт» деген түшүнүк берүү позициясын «Институт медиа полиси» коомдук фондунун директору Бегайым Үсөнова да карманат.
«Бул мыйзам боюнча, тигил же бул продуктуга тыюу салынат, бирок ошол эле маалда практика жүзүндө ошондой эле продукт уруксат берилгендердин катарында болуп калат. Мунун бардыгы субъективдүү боло турган бир органдын көз карашына жараша болот», — дейт Үсөнова.
Медиа-серепчи Александр Кулинский бул мыйзам факты жүзүндө маалымат каражаттары менен интернет үчүн «цензураны» пайда кылып жатат деп эсептейт.
«Бул мыйзам долбоору массалык маалымат каражаттарына, өзгөчө интернетке каршы бийликтин колундагы курал болуп калышы мүмкүн», — дейт Кулинский.
Серепчи ошондой эле мыйзам долбоорундагы терминологиянын «так эместигин» белгилейт. Анын айтымында, формулировкалап, каалаган нерсени тууралап койсо болот, бул болсо мамлекет менен эч кандай көйгөй болбошу үчүн ММКлардын өз каалоолору менен кайсы бир материалдан баш тартуусуна алып келет.
«Алсак, ММК бир маалыматты өспүрүмдөр үчүн зыяны жок деп эсептеп эфирге чыгарса, бийлик аны зыян келтирди деп, массалык маалымат каражатын жаап, лицензиясынан ажыратып коюшу мүмкүн», — деп түшүндүрдү Кулинский.
«Цензура эмес, чектөө»
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Наталья Никитенко бул жерде сөз жалпы тыюу салуу же чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө болбогондугун айтты.
Анын айтымында, мыйзам долбоору маалыматка болгон мүмкүндүктү жабууга эмес, ал маалыматтын зыяндуулугун азайтууга багытталган — маалымат телеберүүлөр аркылуу көрсөтүлүү учурунда экран аянтынын 15 пайызын түзгөн атайын социалдык маркалоо менен белгиленет.
«Баары бир тыюу салуу чечимин ата-энелер кабыл алышат. Алар эскертүү белгилерине көңүл буруп, тасманы же сайты көрүүгө болгон мүмкүнчүлүктү камсыз кыла алышат», — дейт Никитенко.
Эл өкүлү азырынча маркалоонун нормаларын сактабагандар үчүн жазалар аныктала электигин айтты — демилгечи өзү болсо нормаларды сактабагандарды административдик жоопкерчиликке тартууну сунуштайт.
Мыйзам долбоорунун негиздеме маалымкатында нормативдик-укуктук актынын идеясы «эрезеге жете элек өспүрүмдөрдү алардын физикалык, психикалык, социалдык жана диний ден соолугуна, өсүүсүнө зыян келтире турган маалыматтардан коргоо» экендиги жазылган.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин пикиринде, зомбулукка, ырайымсыздыкка, порнографияга үгүттөгөн зыяндуу маалымат басма сөз, аудио, аудиоаизуалдык продуктулар, электрондук жана компьютердик оюдар аркылуу тарашы мүмкүн.
Укук коргоочулар мыйзам долбоорунун тексти 2012-жылдын июнунда кабыл алынган Орусиянын мыйзам долбоорунан көчүрүлүп алынган деп айтышып, далилдөөгө аракет кылып жатышат.
Кыргыз мыйзам долбоорун көчүрүп алуу
Салыштыруу тизмекти көчүрүп алуу
Автор: Жыргал Таалайбеков
Редактор: Александра Ли
Которгон: Илгиз Чалбараков