Ысык-Көл: Губернатордун орун басары аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бөлүнгөн каражатты өздүк кылып алган деп шектелүүдө

Ысык-Көл облусунун прокуратурасы облус губернаторунун орун басары Нурбүбү Кенебаевага карата козголгон кылмыш ишин сотко жиберди — ал аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө багытталган 70 миң сомду алып алган деп шектелип жатат. Кененбаева айыптоолорду четке кагып жатат.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Кененбаева 2010-жылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө багытталган 70 миң сомду өздүк кылып алган — прокуратура тергөөнү аяктап, ишти Каракол шаардык сотуна жиберди.

Кененбаева «ишенип берилген мүлктү өздүк кылып алуу же коротуу» жана «кызмат абалынан пайдаланып, зыян келтирүү» беренелери боюнча күнөөлөнүп жатат.

Тергөөнүн жүрүшүндө чиновник прокуратура айтып жаткан бардык «чыгымдын» ордун толтурган.

Губернатордун орун басары айыптоолорду моюнуна албай эле — айтымында, ал акчалар Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын «муктаж» болгон кызматкерлерине берилген.

Кененбаева акча кимге берилгендигин так айтып бере алган жок.

«Акчаны алган адамдар да биздин кызматкерлер болуп саналат. Бизде муктаж болгон кызматкерлерге акча берүүгө тыюу салынган эмес. Профсоюздун жыйынында каралгандан кийин берилет», — деди губернатордун орун басары «Клоопко».

Авторлор: Зарема Султанбекова жана Шахида Дүйшеева

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөттүн автору: Илья Каримджанов