Президент Алмазбек Атамбаевдин жаңыланган веб-сайты сентябрдын аягында ишке киргизилет, деп убада берди өлкө башчысынын басма сөз кызматы. Жаңы сайт июль айынын аягында эле ишке киргизилиши керек болчу, бирок «техникалык мүчүлүштүктөрдөн» улам жылдырылган.
Сайтты иштеп чыгуу аяктады, дейт президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Нурзат Токтогулова. Айтымында, учурда иштеп чыгуучу адистер сайттын жаңы версиясын кол салуудан сакташ үчүн аны тестирлөөдөн өткөрүп жатышат.
Басма сөз кызматынын жетекчиси сайттын бет ачарында журналисттерге маалымдалат деп убада берип, президент сайтындагы жаңылануулар тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.
Сайттын жаңы версиясы июль айынын аягында эле ишке киргизилиши керек болчу, бирок «техникалык мүчүлүштүктөрдөн» улам жылдырылган.
Июлда президенттин басма сөз кызматы Роза Отунбаева президент болуп турганда иштелип чыккан сайттын эски версиясына караганда жаңысы «ыңгайлуураак» болот, деп билдирген.
Басма сөз кызматтын мурунку убадаларынан сайтка жаңы кызматтар киргизилээри белгилүү, алардын арасында президент менен түз байланыш кызматы дагы бар.
Сайттын буга чейинки версиясында издөө кызматы жок болгон, ошондой эле «Блог», «Программалар жана долбоорлор» бөлүмдөрү Атамбаев иштеп баштаган 2011-жылдын аягынан баштап бир дагы жолу жаңыланган эмес.
Президенттик сайттардын тарыхы
president.kg дарегиндеги кыргызстандын президентинин порталы биринчи президент Аскар Акаевдин учурунда ишке киргизилген – домен 2001-жылдын январында катталган.
Бүгүнкү күнгө карата «Веб-архив» долбоорунда сакталып калган веб-сайттын эң эски версиясы 2001-жылдын 18-февраль деген убактыны көрсөтүп турат – анда веб-сайт көгүлтүр жана ак түстө болуп, Акаевдин «Туруктуу өнүгүү жана жакшы жакка өзгөрүүлөр үчүн» деген лозунгу менен ачылып турган.
2002-жылы сайт олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болуп, күрөң түскө боелгон.
2004-жылы дагы өзгөртүүлөр болуп, президенттин жаңылыктарынын үзгүлтүксүз жаңыланып туруу кызматы пайда болгон, ошондой эле кайра көгүлтүр ак түскө кайтып келген.
2005-жылдагы революциядан кийин сайтта бир жолу – 2008-жылы олуттуу өзгөртүүлөр болуп, жаңыланган.
Президент доменин жоготкон
Бир нече убакыт бою president.kg доменин Бакиевдин ордуна келген убактылуу өкмөт көзөмөлдөй алган эмес – убактылуу өкмөттүн, андан кийин президент Роза Отунбаеванын сайты 2010-жылдын декабрына чейин Kyrgyz-el.kg. дарегинин базасында болуп келген.
2010-жылдын декабрында гана Кыргызстандын президенти өзүнүн сайтына кайрылып келген.
Мамлекет башчысынын сайтынын учурдагы версиясын «Юник Технолоджис» компаниясы иштеп чыккан. Компаниянын менеджери Тагай Исмаилов алар сайтты 2010-жылы «бекер эле» жасап беришкендигин билдирди.
Ал 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин бийлик каржы каатчылыгына дуушар болуп турганда компания сайтты иштеп чыгып берип, колдоо көрсөткөндүгүн айтты.
Автор: Айшоола Айсаева
Которгон: Илгиз Чалбараков