Ысык-Көл: судья «мыйзамсыз» жер берген деп күнөөлөнүп жатат

Ысык-Көл райондук сотунун судьясы ден соолук жакшыртуу жана рекреациялык маанидеги 2,7 гектар жерди «мыйзамсыз» түрдө жеке менчикке берип койгон, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы. Райондук соттун төрагасы тергөө аяктаганга чейин комментарий берүүдөн баш тартты.

12-сентябрда Ысык-Көл облустук прокуратурасы Ысык-Көл райондук сотунун судьясына карата «билип туруп адилетсиз чечим чыгаргандыгы», «кызматтык документи окшоштуруп жасагандыгы» жана «кызмат абалынан пайдаланып зыян келтиргендиги» үчүн кылмыш ишин козгогон.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, аты-жөнү айтылбай жаткан судья 2000-жылы ден соолукту жакшыртуу жана рекреациялык маанидеги 2,7 гектар жерди «мыйзамсыз» түрдө жеке менчикке берип койгон.

Башкы прокуратуранын сайтында жазылгандай, судья Чолпон-Ата шаардык башкармалыгынын буйругун окшоштуруп жасаган – ага ылайык, шаар бийлиги жерди жеке менчикке берүүгө каршы эмес болуп калган.

Ысык-Көл райондук сотунун төрагасы Акылбек Сыдыков судьяга карата козголгон кылмыш иши боюнча бир күн мурун гана уккандыгын жана иштин материалдары менен таанышууга үлгүрбөй калгандыгын «Клоопко» билдирди — ал тергөө аяктаганга чейин комментарий берүүдөн баш тартты.

2012-жылдын 7-августунда жарандык иштер боюнча Ысык-Көл облустук соттук коллегиясы айыпталып жаткан судьянын жерди берүү жөнүндө чечимин жокко чыгарган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иш-чаралары уланып жатат.

Автор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт:reputation100