Санариптик өнүктүрүү министрлиги 10-декабрда жаңы мыйзам долбоорун сунуштады. Ага ылайык, өлкөгө алынып келинген баасы үч миң сомдон өйдө мобилдик түзмөктү мамлекетке каттоо үчүн 700 сом төлөш керек болот.
Ушундай эле долбоор 2018-жылы дагы сунушталган. Анда кыргызстандыктар бул идеяга каршы чыгышкан, бирок анда каттоо үчүн чогултула турган акчанын суммасы алда канча төмөн болчу — 100 сом.
Бул эмне үчүн керек?
Долбоордун негизги максаты — коррупцияга жана техника уурдоого каршы күрөшүү.
Уурдалган техника милдеттүү түрдө сим-картага байланган IMEI-код аркылуу изделет. Бул аркылуу өкмөт ар бир мобилдик түзмөккө көз салып туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
700 сом кандай учурларда төлөнөт?
Өткөөл мезгилден кийин ар бир телефон үчүн төлөп туруш керек болот. Ал канча убакытка созулары — долбоордо көрсөтүлгөн эмес.
Ошол эле учурда өлкөгө телефон ташып келген компаниялар эле эмес, катардагы жарандар да төлөшү керек болот. Наркы үч миң сомдон жогору турган телефон үчүн дагы мамлекетке каттоо үчүн 700 сом төлөнүшү керек.
Мындай төлөм иш жүзүндө СИМ-карта салына турган баардык түзмөктөргө тиешелүү болушу ыктымал: телефон, планшет, ноутбук, акылдуу сааттар, айгай көтөрүүчү кнопкасы бар браслет жана башкаларга. Анткени «маалыматтарды таратуу үчүн колдонулган түзмөктөр» деп эмнени атаса болор-болбосунун мыйзам долбоорунда так аныктамасы жок. Бул категорияга тиричилик техникалары да кирип калышы толук мүмкүн.
Бул кандайча иштейт?
Телефондун IMEI-коддун* милдеттүү түрдө сим-картага байлоо керек, болбосо сизди бөгөттөп салышат. Башкача айтканда, көп учурда төлөө керек болот: номер алмаштырганда, телефонду бирөөгө бергенде же сатканда.
*IMEI (International Mobile Equipment Identity) — мобилдик түзмөктүн эл аралык идентификатору. Бул 15 сандан турган уникалдуу код, ал өндүрүш этабында ар бир мобилдик телефон менен смартфонго ыйгарылат жана түзмөктү тармак ичинде таанып билүүгө жардам берет.
Тагыраагы, мамлекет Кыргызстандын калкын толугу менен каттоодон өткөрүп чыгышы керек болот. Бул чоң-чоң кезек күтүүлөр мененн коштолушу айдан ачык.
Долбоорду ким ишке ашырат?
Мыйзам долбоорунда бул иш мамлекетке эмес, жеке компанияга жүктөлөрү айтылат. Ал өлкөдөгү бардык смартфондордогу маалыматтарды көрүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Мыйзам кабыл алынса эмне болот?
Мамлекет кыргызстандыктардын жеке маалыматтарын сактагысы келбей бул мүмкүнчүлүктү үчүнчү жактарга берди. Эгер Санариптик өнүктүрүү министрлигинин мыйзам долбоору кабыл алынса, анда элдин жеке маалыматтары түзмөктөр тизмесинин баарына көз салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло турган жеке менчик компаниянын колуна өтүп кетет.
Мындан сырткары, өлкөдө телефондор кымбаттайт. Алардын баасына техниканын сатуучусу өлкөгө киризүүдө төлөгөн кошумча акча кошулуп калат.