Казакстандын Мангыстау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларынын жашоочулары суюлтулган газдын баасы эки эсе кымбаттаганына байланыштуу бир канча күндөн бери нааразычылык акциясына чыгып жатышат. Алар менен кошо өлкөнүн башка шаарлары да тилектештигин билдирип митингге чыгышты. Бирок акциянын катышуучулары бааны түшүрүүнү гана эмес бийликтин отставкасын да талап кылышууда.
Алгач өлкөнүн Энергетика министрлиги газдын баасына таасир эте албай турганын, аны рынок өзү түзөөрүн билдирген болчу. Бирок нааразычылык күчөгөндөн кийин президент Касым-Жомарт Токаев Твиттердеги барагы аркылуу өкмөт Мангыстау облусунда газдын баасын бир литрине 50 теңгеге чейин түшүрөөрүн билдирди.
Нааразычылык акциялар
Казакстандын ЖМКларындагы маалыматыка ылайык, Жаңы-Өзөндүн жүздөгөн тургундары 2-январь эртең менен акцияга чыга башташкан. 3-январь күнү кечинде митингчилердин саны миңге жетип, акимчиликтин имаратынын алдына чогулушкан.
Митинге чыккандар 2022-жылдын 1-январынан тарта унаалар үчүн газдын баасы литрине 120 теңгеге (23 сомго) чейин көтөрүлгөнүнө нааразы болушкан. Алардын айтымында, өткөн жылдын ортосунда эле күйүүчү майды 55-60 теңгеден (10-13 сомдон) алышчу.
Казакстандын энергетика министри Магмуз Мирзагалиевдин айтымында, Мангистау облусундагы автоунаалардын 70%дан 90%га чейин газ менен жүрөт. Жаңы жылдан бери баанын кымбатташы суюлтулган газды аймактын жашоочуларына жеткиликсиз кылууда.
«Бизде өндүрүлгөн газдын баасы да асман чапчыды. Бизде баары газга көз каранды. Эгер газ кымбаттаса баары кымбаттайт. Ансыз деле карапайым элдин кирешеси аз, анан андан дагы жаман болуп кетет. Газдын баасы 50-60 теңгеге чейин арзандасын. Же биздин айлыгыбызды 200 миң теңгеге чейин көтөрүп беришсин. Баары кымбаттаса биз жашай албайбыз. Бийлик газдын жетишсиздигин 50 жыл мурун курулган заводдун эскилиги жеткенин айтууда. Анан алар 30 жылдан бери эмне кылып жүрүшөт? Укташтыбы?» — деп «Азаттык» радиосунун казак кызматынын журналисттерине нааразычылык акциасынын катышуучуларыны бири маек курган.
Кийинчерээк газдын кымбатташына байланыштуу нааразычылык акциясына Мангыстау облусунун Актау шаарынын жашоочулары да чыгышкан. Жаңы-Өзөндөгүдөй эле, чогулгандар газга болгон бааны төмөндөтүүнү талап кылышкан. Ал жерде митингчилердин тобу 2-январь күнү кечинде борбордук жолду жаап салышкан.
«Азаттык» радиосунун маалыматында, Казакстандын Нур-Султан, Алматы, Актөбе, Караганды, Тараз, Кескелен жана башка шаарларынын жүздөгөн жашоочулары Жаңыөзендеги нааразычылык акциясын колдоп чыгышкан. Акциянын катышуучулары суюлтулган газга болгон бааны гана түшүрбөстөн, президенттин жана өкмөттүн отставкасын да талап кылып жатышат.
Социалдык тармактарга тараган тасмалардан «Чал, кет!», «Касым, кет!» деген чакырыктар жаңырганы угулат.
Бийликтин реакциясы
2-январда Кахакстандын Энергетика министрлиги нааразычылык акциясына чыккандар кайрылган аймактын акимчилиги, мекеме өзү дагы газдын баасына таасир эте албастыгын, базар өзү жөнгө салаарын билдирген болчу.
Бирок 3-январга караган түнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Твиттерге «Жаңы-Өзөндөгү кырдаалды тез арада карап чыгууну» тапшырганын жазды. Ошондой эле ал, «демостранттар коомдук тартипти бузбашы керектигин» баса белгилеген.
Нааразычылык күчөгөндөн жана президенттин тапшырмасынан кийин, Казакстан өкмөтү Мангыстау облусундагы газдын баасын жөнгө салуу ниеттенип билдирген.Алардын маалыматы оюнча, жергиликтүү май куючу жайлардын ээлери «бизнестин социалдык жоопкерчилигинин алкагында» газдын баасын убактылуу литрине 120 теңгеден 85-90 теңгеге (23 сомдон 16-17 сомго) чейин түшүргөн.
Энергетика министри Мангыстау облусундагы май куючу станциялар бааны ич ара макулдашып алууга шектелип жатканын билдирип — иликтөө иши башталды. Анын айтымында, логистикага кеткен чыгымдарды эске алганда, Мангыстау облусундагы май куючу станциялар үчүн газдын баасы литрине 85 теңге (15 сом) чегинде болгон.
«Учурда Мангыстау облусунда чекене баа литрине 100дөн 120 теңгеге чейин (19 сомдон 23 сомго чейин) калыптанган. Ошого жараша май куюучу жайдын маржасы литрине 20-40 теңге (3-7 сом) же 25-50% түзгөн. Январь айындагы дүң сооданын маалыматтарын талдоодо биз чекене баа тоннасына 120 миң теңге (2329 сом) деңгээлинде болгондугун байкадык, бул да, биздин оюбузча, күтүлгөндөн жогору. Бул май куюучу станциялардын арасында баа спекуляциясы болушу мүмкүн деп айтууга негиз берет», — деп белгиледи энергетика министрлигинин башчысы Магзум Мирзагалиев.
4-январда түштөн кийин президент Токаев Актауда өкмөттүк комиссия ишин баштаганын жана Республикалык оперативдүү штаб туруктуу иштеп жатканын билдирди.
«Комиссияга өлкөбүздөгү туруктуулуктун таламында келип чыккан маселенин эки тарапка тең алгылыктуу чечимди табуу тапшырмасы берилди. Укук коргоо органдарына коомдук тартипти бузбоо боюнча тапшырмалар берилди. Демонстранттар жоопкерчиликти жана диалогго даярдыгын көрсөтүшү керек», — деп жазган ал Твиттердеги баракчасына.
Көп өтпөй Токаев социалдык баракчасында өкмөт «өлкөдө туруктуулукту камсыз кылуу» үчүн Мангыстау облусунда газдын баасын литрине 50 теңгеге чейин түшүрүүнү чечкенин билдирди.
Казакстандын orda.kz басылмасынын маалыматына ылайык, акциянын катышуучулары Актау жана Жаңы-Өзөн шаарларынын борбордук аянттарында калууда. Басылма 4-январь күнү түштөн кийин Жаңы-Өзөндө 500дөй жергиликтүү тургун нааразычылык акциясына чыкканын, ал эми Актауда нааразычылык акциясына чыккандардын саны 2 миңдей кишиге жеткенин жазган.
Акциянын катышуучуларын кармоо
Казакстандык ЖМКлар акциянын катышуучулары кармалып жатканын маалымдашты. 4-январда Алматыда Казакстандын Демократиялык партиясын түзүү боюнча демилгечи топтун акциясы өтүп жатканда полиция жүзгө жакын адамды кармады. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Алматыдагы «Алматы Арена» спорт комплексинде активист Жанболат Мамай жетектеген Демократиялык партия түзүү боюнча топтун акциясы өттү. Уюмдун өкүлү Инга Иманбай акцияга көп адам келгенин билдирди. Чогулгандар баанын көтөрүлүшүнө каршы чыгып, калктын социалдык абалын жакшыртууну жактап, 2-январдан тарта газдын баасын арзандатуу талабы менен Мангыстау облусунда өтүп жаткан нааразылык акцияларын колдоорун билдиришкен.
Бир нече убакыттан соң полиция митингчилерди кармап, аларды жаздык вагондорго камай баштаган. Инга Иманбай белгилегендей, алгач Жанболат Мамай кармалып, андан кийин полиция дагы бир нече митингчилерди күч менен полиция унааларына салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.
Ошоной эле, Oyan, Qazaqstan («Ойгон, Казакстан») кыймылынын жөө жүрүшүн таратуу учурунда дагы элүү киши полиция тарабынан кармалды.
Нур-Султандагы Кенесарынын эстелигине Жаңы-Өзөндөгү демонстранттарды колдоо үчүн келген үч адамды полиция кармап кетти. Күч түзүмдөрү окуя болгон жерде видеого тартууга уруксат бербей, «Азаттыктын» журналистинин иштөөсүнө тоскоолдук кылышкан.
Ошондой эле, 4-январда милиция Казаксандагы нааразылык акциясын чагылдыран «Азаттыктын» казак кызматынын эки журналистин кармады. Алматыда милиция «Азаттыктын» Алматыдагы бюросунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Касым Аманжолду эки сааттай кармап, андан соң бошоткон.
Ал эми ошол эле күнү кечинде «Азаттыктын» редактору Дархан Омирбек дагы Нур-Султан шаарында кармалды. Кызматтык милдетин аткарып жатканын эсерткенине карабай, полиция аны автозакка түртүп киргизген, ал ошол жерден түз эфирге чыккан.
Басылма Өмүрбекти кайда алып бара жатканы белгисиз экенин жазды. Ошондой эле, басылма азырынча борбор калаадагы милиция департаментинен комментарий ала электигин кошумчалашты.
Жаңы-Өзөндөгү демонстранттарды атуу
Жаңы-Өзөндөгү эң кайгылуу нааразычылык акцияларынын бири 2011-жылы болгон. Ошол жылдын май айында мунай өндүрүштүн аркасында гана жашап жаткан моношаарда мунайчылардын митингдери эмгек акыны жогорулатуу жана эмгек шарттарын жакшыртуу талаптарынан башталган.
Бирок бийлик алардын талабына жооп бербей, эки тараптын сүйлөшүүсү жыйынтыксыз калган. 2011-жылдын 16-декабрында — Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгын майрамдоо күнү полиция демонстранттарды күч менен таркатып, аларга каршы ок аткан.
Расмий маалыматтар боюнча, 16 адам каза болуп, 100дөн ашууну жарадар болгон. Бирок бейрасмий маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 60-70 адамга жеткен.
Андан соң казак бийлиги Жаңы-Өзөндөгү демонстранттардын массалык атылганы тууралуу маалыматты четке кагып, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин бардык аракеттери «мыйзам чегинде» болгонун жана курал «өзүн-өзү коргоо үчүн гана» колдонулганын белгилеген. Бирок кийинчерээк укук коргоо кызматкерлери куралсыз мунайчыларды атып салганы тартылган видеолор тараган.
Жаңы-Өзөндөгү каргашалуу окуя боюнча 37 адам соттолгон. 2012-жылдын июнь айында Актау шаардык соту массалык баш аламандыктарды уюштурууга айыпталган үч кишини актаган. Алты соттолуучуга мунапыс жарыяланып, 17 айыпталуучу шарттуу кесилген, дагы 11 адам үч жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылган.
Беш милиция кызматкери да баш аламандык учурунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен соттолгон. Алар беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылган.
Жаңы-Өзөндөгү демонстранттарды атуу темасын казак бийлиги дагы деле жашырып келет.