Бишкек шаарынын мэриясы иттерди атууга каршы, бирок аларды бычууга каражаты жок


Жыл сайын Кыргызстандын борборунда 8 миңден ашык үй-жайсыз ит атылат. Шаар бийлиги мунун гумандуу эместиги менен макул, бирок бул каражат жете турган жалгыз ыкма экендигин айтып жатышат. Адистер болсо макул эмес — алардын айтымдарында, бычуу кымбат болсо да узак мөөнөттүү эффект берет.

Жыл сайын үй-жайсыз иттер менен күрөшүү үчүн шаар бюджетинен 3 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт.

Бир итти атууга 300 сом кетет. Аны атып өлтүрүшөт, андан кийин денесин Беккари чуңкуру деп аталган жерге — башка иттердин өлүктөрү менен бирге тез чирип кете турган шаардык таштанды төгүүчү жердин бир бөлүгүнө алып барышат.

Бишкек мэриясындагылар мындай ыкма гумандуулуктан бир топ эле алыс экендиги менен макул.

«Биз мындан [атуудан] баш тартууну каалап жатабыз. Бирок бизге биринчи кезекте 10 күнгө 300 ит бата турган ит асыроочу жай куруу керек. 10 күндүн ичинде иттерди бычып, эмдеп, тамак берип багыш керек», — дейт Бишкектин вице-мэри Вячеслав Красиенко.

Красиенконун айтымында, азырынча ит асыроочу жай курууга бийликте акча жок, анын баамында, куруу иштерине 15 миллионов сом керектелет.

Вице-мэр Бишкек бийлиги 2013-жылы ит асыроочу жайдын курулушуна парламент депутаттарынан кошумча каражат сурай тургандыгын убадалады.

Красиенко ага чейин иттерди атуудан башка эч нерсе кыла албай тургандыктарын айтты.

«Бүгүнкү күндө иттерди атууну токтотуу мүмкүн эмес. Мына жакында эле жаңы конушта ит кичинекей баланы каап алды», — дейт ал.

«Өз убагында атууну каалап жаткан адамдар бар. Балдар мектепке бара албай калып жатышат. Эртең мененки саат 6-7лерде кишинин аздыгынан пайдаланып, көчөдө өздөрүн комфорттуураак сезишет да жарандарга кол салышат», — дейт вице-мэр.

«Тазалык» муниципалдык ишканасы жылына 8 миң итти атуусун иттердин жугуштуу ооруларды таркатуусуна бөгөт коюп жаткандыктары менен түшүндүрүүдө.

«Иттерди бычкан күндө деле анын кутурган ит эместигине кантип ишенсе болот? Балдар, аялдар, кары адамдар өтүп бара жатканда иттер дайыма үрүп чыгып, ырылдап каап алып жатышат», — дейт «Тазалык» ишканасынын алдындагы үй-жайсыз адамдар менен күрөшүү боюнча бөлүмдүн жетекчиси Болот Койкелдиев.

Бычуу эффективдүүрөкпү?

Жаныбарларды коргоочулар бир итти атуудан аны бычууга көп каражат кете тургандыгын билет. Бирок алар атуу – ырайымсыздыктан башка — үй-жайсыз иттер менен күрөшүүнүн эффективдүү эмес ыкмасы деп эсептешет.

«Мен шаар борборундагы каралбай калган курулушта бир үйүр ит пайда болгондугун байкагам. Аларды атышкан, бирок бир аптадан кийин эле ал жерде жаңы үйүр пайда болгон. Тактап айтканда, бул чексиз процесс», — дейт «Право на жизнь» коомдук фондусунан Алла Кобцова.

Ушундай эле аргументтерди «Добрые руки» фондусунун директору Лариса Слободская келтирип жатат. Ал үй-жайсыз иттердин популяциясы бийликтин аткандыгына караганда тез ылдамдыкта көбөйүп жаткандыгына ишенет.

«Мисалы, бир райондо үч ит жашаса, алардын бирөөсүн атса башкасы кайра күчүктөрдү тууп салат. Ал иттин дагы төрт же беш күчүгү тирүү калат. Дароо эле популяция толукталып жатат», — дейт ал.

Коомчулук бөлүнгөн

2011-жылдын башында Бишкек шаарынын мэриясы жылына жылдагыдан көп – 10 миң итти атуу планы тууралуу билдирген. Бул маалымат дүйнө жүзү боюнча күтүлбөгөн масштабдуу реакция жараткан.

Care2.com америкалык уюму анда өлкөнүн президенти болуп турган Роза Отунбаеванын атына расмий кайрылуу жолдоп, Кыргызстандагы иттерди атууга каршы интернет-кампанияны баштаган.

Анда такыр күтүлбөгөн континенттерден миңдеген кишилер ал кайрылууга жазылган. Алардын арасында Латин Америка өлкөлөрүнүн өкүлдөрү да болгон.

Бирок иттерди атууну көбөйтүү тууралуу маалымат Кыргызстандын ичинде бир тараптуу тескери реакцияны жараткан жок.

Өлкөдө иттерди атуунун тарапташтары да аз эмес болуп чыкты, алар үй-жайсыз иттер «коомчулукка коркунуч» жаратат деген пикирде.

«Үйүрдүн популяциясы көп болгон шартта, мисалы, 10 миңден ашык болгондо иттерди башкаруу мүмкүн эмес жана көпчүлүк учурларда алар адамдарга кол салышат», — деп жазган анда Славик gbkjn колдонуучусу Кыргызстандагы популярдуу «Дизель» форумунда.

Кыргызстандыктардын арасында да цивилизациялуу чараларга чакыруулар болгон:

«Иттерди массалык түрдө кармап, бычуу, ошондой эле алардын тамактануу булагын чектөө үчүн тамак калдыктарын өз убагында тазалап туруу иштери аткарылбаса атасыңбы, атпайсыңбы алар [иттер] боло берет», — деп жазган Leona1983 деген никтеги колдонуучу .

Анда «Дизелде» жүрүзүлгөн сурамжылоо колдонуучулардын жарымы гана – 411 кишинин 199у - иттерди атууга каршы болгондугун көрсөткөн.

Калгандары болсо атууну колдоо (105 киши) жана «комплекстүү чечүүнүн» (107 киши) ортосунда болушкан.

Ит ээлеринин жоопкерчиликтери

Жаныбарларды коргоочулар менен шаар бийлиги үй-жайсыз иттер пайда болбошу керек деген бир пикирде, кыргызстандыктар үй жаныбарларын кармоонун маданиятын карап чыгуулары керек.

«Бизде жеке сектордо, жаныбарларды карышкырларды кармагандай кармашат. Жаныбарлар короонун аймагына кирбеген учурда ээси аларга тамак бербейт, бирок алардын көбөйүү процессине көз салып турат. Ээлери көзөмөлдөбөгөн мындай жаныбарларды биз көзөмөлсүз жандыктар деп атайбыз. Көзөмөлсүз жандыктардын көбөйүүсүнүн эсебинен үй-жайсыз жаныбарлардын популяциясы өтө тез болууда», — дейт Алла Кобцова.

1990-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму доклад чыгарган, анда үй-жайсыз иттер менен күрөшүүнүн эффективдүүрөк ыкмасы аларды бычуу болуп саналаары жазылган.

Бирок аталган уюмдун маалыматы боюнча, иттердин ээлери өз жандыктары үчүн болгон жоопкерчиликтерин түшүнгөндө гана жакшы эффектиге жетишсе болот.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму күбөлөндүргөндөй, бычуунун эффективдүүлүгү үчүн жаныбарлар менен алардын ээлерин каттоого алуу керек.

Алты иттин ээси Галина Афонина үй-жайсыз иттер ээлеринин жоопкерчиликсиздигинен улам көбөйүп жатат деген пикирде.

«Бизде иттердин көп болгондугуна ким күнөөлү? Бул биздин адамдык фактор. Адамдарга күчүктөрдү же мышыктын балдарын беришет. [...] Анан эмнегедир бир нерсе жакпай калат да аларды ыргытып салышат», — деди Афонина.

Ал үйүнүн жанына тез-тезден кутуга салынган күчүктөрдү таштап кете тургандыктарын айтты.

«Кутуга салып алышып күчүктөрдү алып келип таштап кетишет. Албетте алар тирүү жана каңшылашат. Кышында суук болгондо жүрөк зыркырап кетет да, анан мен аларды алып алам. Кийин алар жакшы дос болуп өсөт» - деди ал.

Афонина анын иттери ар дайым көзөмөлдө экендигин айтты.

«Албетте, меникинин бардыгы бакма, үйдүкү. Алар үйдүн жанында гана жүрүшөт. Мен аларды эч жакка кое бербейм» - деп ишендирди Афонина.

Өз кезегинде Афонина «тазалыкчылар» ар дайым эле эмнени атып жаткандыктарын ылгай беришпейт дейт — муниципалдык ишкананын аракеттеринен улам анын бир ити жабыр тарткан.

«Мен багып алган итке да от чыгарышкан. Аны өлтүрүшкөн жок, көзүнө тийип, көзү агып калды. Мына ушул окуядан кийин мен иттерди атуу менен алектенген адамдарга терс мамиледе болуп калдым» - деп кошумчалады ал.

Автор: Карина Жолдошева

Которгон: Илгиз Чалбараков