Акыркы суткада коронавирус жуктуруунун 742 учур катталды, илдеттен үч адам каза болду

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, 13-январга карата COVID-19 дартынан үч бейтап каза болду. Ал эми коронавирус жуктургандардын саны акыркы айларга салыштырмалуу рекорддук көрсөткүчкө жетти — 742 учур катталды.

  • Бишкек шаарында — 632;
  • Чүй облусунда — 42;
  • Ысык-Көл облусу — 22;
  • Жалал-Абад облусунда — 15;
  • Баткен облусунда — 8;
  • Талас облусунда — 8;
  • Ош шаары — 8;
  • Ош облусу — 5;
  • Нарын облусунда — 2.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкө боюнча илдетке чалдыккандардын жалпы саны 187 620га жетти.

Акыркы суткада 100 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ал эми пандемия башталгандан бери вирустан айыккандардын саны 180 629.

Коронавирустан жалпы 2 826 адам көз жумду. Учурда 580 бейтап ооруканада, ал эми 2 096 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 13-январга карата 7 149 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 3 258 адам биринчи дозасын, ал эми 3 891 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.