Пикир үчүн камоо, Аблязовго боюнча сурак. Казакстанда журналисттер куугунтукталып жатат

12-январда «Кокшетау Азия» маалыматтык агентинин жаңылыктар кызматынын шеф-редактору Нуржан Баймулдин полицияга суракка чакыртылды. Бул тууралуу Vlast.kz басылмасы кабарлады.

Басылманын маалыматына ылайык, Баймулдин ошол эле күнү кечинде Фейсбукта 10 cуткага камаларын жазган.

«Токаевге узатылган суроолор үчүн 10 суткага камак. Саат 23тө конвойду күтүп жатам, түшкү саат 12ден бери эч нерсе, суу да ичпей ачка, кийимдерим жок күтүп жатам. Опер полиция башчысынын орун басарымын деп алдап чакырган. Үч сааттан ашык адвокатсыз кармашты. Участокто протоколго үч жолу жаңы суроолорду киргизишип, мени бир жерден ашкерелеп калууга аракет кылышты. Тергөөчү чыгып кетип эле бир жерден макулдаша коюп, жаңы суроолор менен келип жатты», — деп келтирет Vlast.kz журналисттин айткандарын.

Бирок 13-январга карата Баймулдиндин Фейсбуктагы барагында эч кандай пост чыккан эмес — балким, өчүрүлгөн болушу мүмкүн.

Баймулдин ошондой эле полицияда өзүн жаман сезип жатканын билдирген — коронавируска шек бар. Анын айтымында, судья фельдшер жазып берген сигналдык баракчасына күлүп, эгер күнөөсүн мойнуна алса, айып пул салынмак деп билдирген.

716.kz маалыматтык порталы сот аны өзгөчө абал режими шартында тартипти бузду деп күнөөлүү тапканын жазат. Ага кырк айлык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө штраф салынып же 30 суткага чейин административдик камакка алынышы мүмкүн.Порталдын маалыматына ылайык, административдик жазага тартууга Нуржан Баймулдиндин Фейсбук барагындагы посту себеп болгон.

«Нуржан Баймулдин Казакстандын президентинин аракеттерине пикир билдирген кайрылууну жазган, ал расмий булактар менен бышыкталган эмес», — деп жазат портал.

Журналист Жанагүл Журсинди суракка чакыруу

12-январда суракка Нуржан Баймулдин эле эмес, кабарчы Жанагүл Журсин дагы чакыртылган. Журсин «Азаттыктык» Ак-Төбө облусу боюнча кабарчысы. Бул тууралуу «Азаттык» өзү жазган.

Басылманын маалыматына ылайык, журналист үч сааттан ашык сурак берген. Ага «коргоочу алууга укугу бар күбө»* статусунда экенин билдиришкен.

*Бул статус адамдарга кылмыш ишинин алкагында тагылат, андан кийин күбөгө шектүүнүн статусу тагылышы мүмкүн.

Журналисттин айтымында, тергөөчү андан эмне үчүн нааразылык акциясына барганын, кимден интервью алганын жана алар эмне деп айтышканын сураган.

«ЖМК жөнүндө мыйзамдын 20-беренесине ылайык, ар бир журналист маалыматты чогултууга, жайылтууга, сүрөт, видео жана аудио съемка кылууга укуктуу экенин айттым. Интернеттен нааразылыктарды угуп, кесиптик милдетимди аткарууга жөнөгөнүмдү, мени эч ким чакырбаганын айттым. Чогулткан видеолор менен маалыматтарды редакцияга жөнөткөнүмдү, баары Азаттыктын сайтында бар экенин билдирдим», — деп келтирди басылма кабарчынын сөздөрүн.

Журсин тергөөчү Мухтар Аблязовго** карата көз карашын дагы сураганын айтып берген.

**Мухтар Аблязов — чет өлкөдө жашаган оппозициялык саясатчы. Анын «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылын Казакстандын соту «экстремисттик» деп тааныган, ошол эле учурда Европарламент аны «тынч оппозициялык кыймылы» деп атап келет.

Журналист суракта үч сааттан ашык отургандан кийин коё берилген.

Журналисттерге карата басым

Казакстанда нааразылыктар суюлтулган газдын баасы кымбаттап кеткендиктен башталган. Демонстранттар алгач көгүлтүр оттун баасын арзандатууну, андан кийин бийликтин отставкасын жана өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алууну талап кылышкан. Митингде эң эле көп «Шал, кет!» деген ураан-чакырык айтылган.

Массалык башаламандыктын шартында бийлик 5-январь күнү Казакстан боюнча интернетти өчүрүп, маалыматтык чектөө орноткон.

7-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЖМКларды массалык башаламандыктарды козуткан деп айыптап чыккан.

«Тартип бузууга багытталган иштерде эркин делген массалык маалымат каражаттары көмөкчү, кайраштыргыч ролду ойноду. Мына ушул жоопкерчилиги жок демагогдор Казакстандагы каргашанын чыгышына себепкерлердин бири. Укук вандализм актыларынын баарына катаал чараларды көрөбүз», — деп билдирген Токаев.

Мындан кийин журналисттер кармала баштаган.

5-январда башка журналист — «Урал жумалыгынын» кызматкери Лукпан Ахмедьяров да кармалган. Ага кармоонун себептери так айтылбастан шаардык ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Андан эки күн өткөн соң уруксат берилбеген митингге катышкан деген айып менен 10 суткага камакка алуу чечими чыккан.

Ошондой эле ЖМКлар 6-январда Алматыда «Алматы» телеканалынын кызматкери ок тийип каза тапканын, дагы бир журналист жарадар болгонун билдиришкен.

Ал эми «Фергана» маалымат агенттигинин башкы директору Даниил Кислов алардын сайты Казакстандын аймагында бөгөттөлгөнүн билдирген. Бул өлкөдө интернет жок болуп жатса да ушундай болгон. Айрым шаарларда интернет бир нече саатка гана күйгүзүлүп жатат.

11-январда «Алтай ньюс» сайтынын редактору Дарын Нурсапар 5-январда Усть-Каменогорсктогу митингди чагылдырганы үчүн 15 суткага камакка алынганы белгилүү болгон.

Адам укуктары боюнча эл аралык Amnesty International уюму казак бийлигин январдагы массалык башаламандыкты чагылдырганы үчүн кармалган журналисттерди жана активисттерди бошотушу керек деп билдирген.

Amnesty International уюму казак бийлигин адам укуктарын сыйлоого жана коопсуздук күчтөрү тарабынан күч колдонуу же адам өлтүрүү сыяктуу адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу жагдайларды иликтөөгө дагы чакырган.

Мари Стразерс Казакстанда адилетсиз сот процесстери, кыйноолор жана ырайымсыз мамиле кылуу дагы деле мурдагыдай кеңири жайылып жатканын, көп учурда жактоочуларга кардарлары менен жолугууга тыюу салынып жатканын кошумчалаган.

Анын оюнча, кыйноо жана ырайымсыз мамиленин башка түрлөрү Казакстанда гастролдоп жүрүп казак күч органдары тарабынан кармалган кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахуновдун окуясынын мисалында дагы көрүнүп турат.

Мари Стразерс бийлик интернетке коюлган чектөөнү алып, баарлашуунун башка бардык формаларын бөгөттөн чыгарып, жаңылыктарды өз алдынча бөлүшүп жаткандарга каршы репрессияны токтотушу керек деп эсептейт.