Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 18-январга карата коронавирустан үч адам каза болду, жуктуруунун 820 жаңы учуру катталды.
- Бишкек шаарында — 506;
- Чүй облусунда — 223;
- Ош облусу — 65;
- Ош шаарында — 47;
- Баткен облусунда — 30;
- Жалал-Абад облусунда — 45;
- Талас облусунда – 21;
- Ысык-Көл облусунда — 20;
- Нарын облусунда – 10.
COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 191 288ге жетти. Өлкө боюнча 181 225 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 836 адам көз жумду.
Акыркы суткада илдеттен 153 бейтап айыгып чыкты. Учурда 967 бейтап ооруканада, ал эми 4 770 киши үй шартында дарыланууда.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.